Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 21:18

Буулуккан атанын эрмеги


Иллюстрациялык сүрөт

Элмира Ажыканова жаңы кыргыз прозасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Анын “Ностальгия” аңгемеси адеп-ыймандык маселеге бир үй-бүлө ортосундагы мамиле-катнашка арналган.

Жашоо-турмушу коңур күзгө тартып, башкалардын көмөгүнө муктаж болуп калган аксакал туш келген кырдаал аркылуу автор азыркы замандагы орчун проблеманын чоо-жайын кенен ачып берген.

Думуккан чал

Байбичеси каза болгондон кийин жалгыз калган атасын уулу көп кабат үйдөгү квартирасына көчүрүп алган. Атасы деле шаарда турчу, бирок аныкы жер үй эле. Айылды элестеткен атасынын там-ташын сатып, ал акчага өзү турган үйдү кеңейтип, көп кабат үйдөгү төрт дубалдын ортосуна алып келди да отургузуп койду. Короо ичинде аны-муну жасамайдан, майда чарбалык иштерден колун бошотуп, ичи ысык, бардык ыңгайы бар комнатага отургузду. Бирок да бейгам жашоого ыктап алган аксакалдын кабат үйгө көнүшү кыйын экен.

Кары адамда кайдагы уйку – таң атпай ойгонот. Шаар агезде азыноолак кыймылга кирип, ары-бери шашкан машинелер чыгып, бирин-серин көчөгө баскандар пайда болуп калат. Чал эки колун аркасына алып аллея менен шашпай басат. Ага окшоп эрте серүүнгө чыккандар аз, көпчүлүгү өзүнө окшогон улгайган адамдар. Шаардагы кабат үйдө жашагандардын жападан-жалгыз серүүнү ушул гана - ары-бери шашпай басмай. Ал убакта шаарга жан кирип, ашыккан адамдар көбөйүп, жолго батпаган машинелер бирин-бири демиткен жол тыгындары пайда болуп калат.

Чал кабат үйгө келишти жактырган эмес, жер үйдө эле чогуу жашайлы десе уул-келини көнбөй коюшту. Айла жок алардын айтканына көнүшкө туура келди. Чалдын го бир уулу бар экен, а уулунун баласы жок, келининин согончогу канай элек. Ошентип кыйладан бери Касым чалдын өмүрү бийик кабат үйдө өтүп келатат.

Бир чатырдын астында жашаганы менен, бул жердегилер бири менен экинчиси катышпайт, келишет да үйүн бекем жаап, ошону менен эртеси гана чыгышат. Касым чал болсо өмүрүн журналистикага арнап, өкмөттүк гезиттерде иштеди. Агезде баары өкмөттүкү болчу. Азыркыдай ээн ооздук, оюна келгенди жазмай, анысын балп эттире айтып салмай жок, көбүнесе эмгек ийгиликтерин, тыным билбес мээнеткечтер тууралуу мактоолорду жазышчу. Баары калыпка салынган, бекем эрежеге баш ийдирилген болчу. Адам, болгондо да чыгармачылык адам ага деле көнөт экен. Ушу азыр Касым чал ошо темирдей тартипке негизделген социалисттик доорду эңсейт. Азыркы гезиттердин бирине да ичи чыкпай, өткөнүн эстеп, эми андай болбосун ойлогондо заманасы куурулуп, сагыныч-кусалык басып кетет. Жазып көнгөн адам калам кармабайын тура албай, Касым аксакал да ошо ээн ооз деген гезиттердин бир-экөөнө макаласын алып барды. Көнүп калган машинкесине тыпыйтып басып, сары кагазга аспиеттеп бүктөбөй көтөрүп барды. Анысы азыркы жаштардын тарбиясы, жалкоолугу тууралуу болчу.

“Жарабайт дешти. Сенсациялуу, кыска, курч материалдарды гана басабыз дешти. Андан алып дагы бир гезитке барды. Алар өтө эле узун экен, кыскартып кел дешти. Касым үчүн өзүнүн ар бир сүйлөмү маанилүү эле. Капа болгон карыя колтугуна кысып келген макаласын үйүндөгү эски, калың папкесиндеги кол жазмаларына кошуп койду. Азыркылардын маанилүү нерсени түшүнбөгөн тайкылыгына капа болду. Кийинчерээк дагы бир макала жазып барса, акча төлөңүз дешсе болобу?! Касым буга да капа болду. Ушундан кийин эч нерсе жазгысы келбей калды. Анын жазгандарына азыр эч ким деле муктаж эмес экен, көрсө”.

Заман доор алмашып, баары өзгөрүлгөн чакта кайсы бир тажрыйбаплуу эски журналисттин азыркы заман тууралуу карылык кеби гезит ээлерин кызыктырбай калган экен. Ар бир доордун өзүнчө ыры бар эмеспи. Касым аксакал да кезинде коммунисттик партия салган жол менен анын тууралыгына кылдай да күмөн санабай, ошол кездеги идеологиялык тапшырмаларды так аткарып, бийликтин айткан-дегенинен чыкпай келген эле. Жаңы коомду бучкактай келген жаман-жакшы көрүнүштөрдүн көбү ага жакпай, анысын көнгөн ыкмасына салып гезит аркылуу жалпыга жарыя кылайын десе гезиттер кежейип баспай коюшпадыбы.

Тынчытпаган “чымын”

Касым аксакал жаштарга акыл-насаат айткандан тышкары көркөм чыгармачылык менен алектенип, бир топ чыгармаларын жараткан. Бала кезинен көңүлүнө жакын акындыкка талпынып, бир топ ыр китептерин жарыялаган. Социализм заманында бул жагынан да жакшы болчу. Көркөмдүк жагынан кынтыксыз, идеологиялык чен-өлчөмдөргө кайчы келбес чыгармалар болсо баса беришчү. Бекер баспай дурус дегидей калем акы чектеп коюшчу. Эл арасына акын катары таанылбаганы менен, эки-үч жылда бирден ыр китебин чыгарган жамакчылар аябай көп болчу.

Ошонун баары жок болбодубу. Касым аксакалды капа кылчу жагдай ушул болчу. Социализм өлбөй турса катардагы акындардын бирине кошулуп калмак. Мына эми карылык кыстап келгенде кемпиринен ажырап, уулу менен келининин күңкүл-мыңкыл кептерине кулакты жапырып убактысын өткөрүп атыры. Уулу ички иштер тармагында, келини чет элдиктердин кайсы бир уюмунда иштейт. Иши жакшы окшойт, тез-тез командировкага чыгып турат. Анын иштеген жери кандай экенине Касым аксакал кызыккан деле эмес.

“Бирок баамында кирешени келини табат. Маянаны доллар менен алат имиш. Ошондонбу, тартынбай так кесе сүйлөп, өз оюн таңуулап, кээде күйөөсүнө үстөмдүк кылып жиберет. Анткен менен үй-жайын тыкан кармап, тамак-ашын даамдуу жасайт. Бош убактысында жалаң үй тиричилиги менен болот. Бирок мүнөзүндө жылуулук жок. Качан болсун сустайып турат. Ушунча болуп күйөөсү менен жаркылдап сүйлөшүп жатканын деле көргөн эмес карыя. Уулу деле кырктан өтүп, чачына ак кире баштады. Бирок алар балалуу болушкан жок. Уулу атасы менен чечилип сүйлөшпөгөн бир мүнөз жигит. Өзү да жалгыз бала болсо, анан туяксыз болуп калабы деп Касымдын арманы ушунда”.

Касым чал ичиндеги кепти айтпайт, уулу менен келининин ортосуна жик салгысы келбейт. Келини эстүү, анан да кенен зайып болсо уулуна өзү эле аял алып берип коймок деген ойдо. Келининде андай жок окшойт. Тескерисинче ал кайнатасын акырын кагажытып, уулу аркылуу тымызын кодуламайга өтүп алган. Касымдын чыкылдатып машинка басып отурушу жакпай, уулуна айтып компьютер саттыртып берген. Бирок ага баарына кайдыгер карап калган чал көнбөдү. Жазган текстиң жок болуп кетет экен, машинкага окшоп кагазга бадырайтып чыгарбай, телевизорго жазгансып көнө албай койду. Чалга эрмек болчу телевизорду койсо кайдагы жылаңач аялдар менен бирин-бири аянбай кырган кинолордон башка жарытылуу эч нерсеси жок, ошондон“сыйкыр жашикти” деле көргүсү келбей калды.

Санаага салган сары кагаздар

Шаардын ушул кымгуут жашоосунан төрт бурч дубал тийген чалдын көргөн-баккан эрмеги эле мурдагы жазгандары, эскилиги жеткен сары кагаздар. Ушулар анын өткөнү, бу жарыкчылыкта кылган иштеринин жыйынтыгы. Кагаз менен каламга өч адамга айла жок экен, чалдын жазгандары деле бир кыйла топтолуп калыптыр. Гезиттерге чыккан макала, чыгармаларын, китептерин эрикпей чогултуп, бөлмөсүнө жыйнап койгон. Ушу кагаздар келинине жакпай калды. Анын айтуусунда, бу саргайган кагаздар адам ден соолугуна зыяндуу энергияны бөлүп чыгарат имиш. Ошондуктан аларды үй ичинде сактоонун кажаты жок экен.

Бу кагаздарды үйдөн чыгарып жертөлөгө алып түшүп коёлу дегенде карыя чок баскандай секирип макул болбой койгон. Уул-келинине ачык каршы чыкканы ошол болду окшойт, башка убакта унчукпайт. Корккондон эмес, жакын адамдарынын көңүлүн оорутуп аламбы деп этияттанат. Мына азыр өзүндөй болуп эскирип калган “Поэзия” деген папкасын ачып, андагы ырлары көзүнө жакшы көрүнүп отурат. Акын деле болуп кетмек. Алгачкы үч китебинен кийин анын ырларын чыгаргандардын шылтоосу көбөйүп, жазгандары чыкпай калды.

Акын болушуна жолтоо кылгандар, бут тоскондор көп болуп кетти окшойт. Кийин социализм өлөрүнө жакын “чийкилери көп, оңдо” дешкен. Ал китеп оңдолгуча заман оошуп, китеп чыгаруу турбай, том-томдогон чыгармаларды жарыялап, калем акыга маарыгандар деле кашык-табагын таба албай калышпадыбы. Мына азыр Касым карыя өткөнүн эстеп, ошондон каниет алып, уламдан кичирейип бараткан дүйнөсү менен жашап атпайбы.

Жалаң ыр менен токтолбой Касым аксакал дем-дымагы көбүрүп турган чагында тарыхый роман жазууну баштап токтотуп койгон. Ошол оңор эмес кол жазмалар менен таңгак-таңгак гезит топтомдору келинине жакпай, кантип жок кылыштын айласын таппай келатат. Ал кагаздар менен кошо чалдын өзү жок болорун бу сустайган желмогуз билип, кандай да болсо кайнатасын үйдөн чыгаруунун жолун издей баштаган. Кайнатасынын жалаң өткөндү гана эңсеп, ага катуу байланып калганын келини эле эмес, уулу деле жактырбайт. “Бүгүнкү турмуш менен жашаш керек” дейт анысы. Кыйды келини да ушундай ойдо окшойт, күйөөсүн ачык кубаттабаганы менен, көз карашы аркылуу жактырганын билдирип турат.

Чалдын уул-келинине жакпай калышына бир ирет үйдүн ачкычын жоготуп алышы себепкер болду. Ачкыч табылбаган соң ачуусун эптеп жашырган уул-келин жаңы ачкыч алып келип салдырып, кулпуну алмаштырышты. Ачкычты таап алган неме бул үйгө уурулукка кириши мүмкүн экен. Ансыз да сырттан киргенде кээде үйдүн эшигин ичтен илбегени үчүн сөз уккан чалдын бул жоругу уулу менен келинине катуу тийди. “Эшик ачык калганы менен мен ичте отурам го”, деген сөзгө уулу “Сизден да бирөө коркобу?” деп отурбайбы. Көзүн карап, колунан келишинче алпештеп чоңойткон баласынын айтканы ушул. Ушундай кийин чалды үйдөн чыгаруунун арга-амалы күч алды. Бир күнү уулу атасы ооруканага жатышы керектигин айтып чыкты. Сопсоо киши да догдурга жатабы?

“ – Ушул жашыңызда кантип эч жериңиз оорубасын? Алдын-ала текшерүүдөн өтөсүз, дарылашат. Анын үстүнө ал карыялардын ооруканасы. Сизге окшогон абышкалардын баарысы ошол жерде, - деди уулу өктөм сүйлөп. Карыянын шагы сына түштү. Бирок бул жолу да уул-келинине катуу айта алган жок.

Эртеси уулу атасын машинесине салып, ооруканага алып жөнөдү. Касым карыя ушул азыр чындап эле карып, жүдөп, ооруп калгандай көрүндү. Арткы орундукта үңкүйүп чөгүп олтурду. Аңгыча уулунун чөнтөк телефону шыңгырап калды.

- Ооба. Макул, макул. Унутпайм, - деп кыска жооп берди. Анан атасына бурулуп:

- Үйдүн ачкычын мага берип коюңуз, жоготуп аласыз, - деди. Атасы чөнтөгүнөн ачкычты алып, үндөбөстөн уулуна карматты.”

Карылар үйүндө жатып чалдын ойлогон ою жалгыз уулу жөнүндө болду. Кайдан жүрүп минтип мерез болуп калды экен, бу бечара момун анын алдында эмнесинен жазды экен? Келининин айткан-дегенинен чыга албаган ээрчиме уулуна бир чети боору ооруп, ага өзү күнөөлүүдөн бетер кайгыга чөгүп, кан басымы көтөрүлүп, врачтардын аракети аны аман алып калыш болуп, атасы өлүм алдында жатканда андан кабарсыз уул-келин эс алууга Кара-Деңизге карай көк асманда учуп бартышкан.

Ким билет, унчукпас уулу атасы менен ошол күнү акыркы ирет көрүшкөндүр. Дүйнөдөгү эң жакын адамына карата жасалган мындай мерездик коом ичинде билинбей жайылып, ата-энесин карылар үйүнө жеткирип, ошол эле учурда төрөлгөн баласын таштап кеткендер бу заманда арбып баратат. Элмира Ажыканованын “Ностальгия” ангемеси азыркы коомдун ошондой талуу проблемасын кемелине келтире сүрөттөп бергени аркылуу баалуу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG