Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Жүрөгү Ала-Тоо деп соккон чехтин тукуму


Рудольф Маречек 70 жаштан өткөн куракта.
Рудольф Маречек 70 жаштан өткөн куракта.

Эльвира Маречек. Байбиченин чоң атасы 1930-жылдары Кыргызстанда көзгө басар ишканаларды курган “Интергельпонун” уюштуруучусу Рудольф Маречек, атасы жана апасы республикада белгилүү альпинисттер.

Рудольф Маречек 1888-жылы Чехиянын түштүгүндөгү Моравия облусунда дүйнөгө келип, 1970-жылы Алматыда көз жумган.

Жаны тынбаган бул чехтин өмүрү 1918-жылдан тарта Ала-Тоо менен байланышкан. Ал 1918-жылы сентябрда эки кыргыз тилмеч менен Үч-Турпанга барып, Үркүндө качкан кыргыздарга кеңеш өкмөтү мунапыс бергенин жарыялайт.

"Шпион" деп шектелип, бир айдай зынданда отурат. Кайра кайтканда, 20 үй-бүлө кыргызды Караколго ала келет.

Рудольф Маречек жана ага тилмеч болуп Үч-Турпанга барган Амандык Канаев.
Рудольф Маречек жана ага тилмеч болуп Үч-Турпанга барган Амандык Канаев.

Рудольф Маречек түптөгөн “Интергельпо” кооперативи түзгөн чакан ишканалар Кыргызстанда булгары иштетүү, кийим тигүү, текстил, эмерек жасоо өнөр жайынын өнүгүшүнө негиз болот. Кыргызстандагы биринчи электр станцияны да чехословакиялык кооператорлор курат.​

Тынымы жок Рудольфтун уулу Боривойдун өмүрүн да Кыргызстандан бөлүп кароо мүмкүн эмес. Өлкөдө ал чыкпаган чоку, ал билбеген жылга калган жок.

Ата-бала Маречектер 1930-жылдардагы сталиндик репрессия маалда бир жылдай абакта отуруп чыгышат. Ата-баланын өмүрүнө түрмө кандай из калтырган? Бул жөнүндө Бориевой Маречектин кызы Эльвира байбиченин кеби:

"Атам 1917-жылы туулган. Ал университетте окуганды каалап, Москваны көздөй экзамен тапшырганы жөнөйт. Темир жол бекеттеринин биринде поездден чыгат: аялына - менин апама кат жибермекчи болуп. Каттын жогорку бурчуна тоонун, карагайдын сүрөтүн тартып, штрихтеп жаткан экен. Жанынан өтүп бараткан кимдир бирөө: “Аа, чийме чийип жатат демек, шпион”,-деп НКВДнын кызматкерин чакырат. Ал атасына “камакка алындым” деп кат жибергенге үлгүрөт. Ошол тушта Фрунзеде (бүгүнкү Бишкек) чоң атам да камалат. Чоң атам камакта отурганы тууралуу көп айта берчү эмес. Бирок мен бир нерсени так билем: чоң атамды атуу үчүн бир нече ирет дубалдын алдына тик тургузушат. Ал ичинен жашоо менен коштошо баштайт. Анан буурчакка окшош нерсе менен көзгө атышат. Ушинтип коркутушса керек?! Атам да абактагы күндөрү жөнүндө ооз ачкан эмес. Ал, 20 жаштагы Бориевой Маречек, Алматынын түрмөсүндө бир жылдай отуруп чыгат. Атам бир нерсеге катуу өкүнгөндө, башын үйдүн дубалына уруп бизди азапка салчу. Сыягы түрмөдө аны катуу кыйнашса керек. Бирок, айтканга тыюу салынганбы, түрмө тууралуу бизге эч нерсе айтып бербеди".

1930-жылдар, өзгөчө 1937-1938- жылдары НКВДнын шыкагы менен котур ташын коюнга каткандардын арааны жүрүп, карапайым дыйкан же жумушчу түгүл, республика башындагылар да кылычтын мизинде жүргөн кез болчу.

Кеңеш өкмөтүнө, совет элине жардам көрсөтөм деген асыл тилек менен СССРге келген көптөгөн интернационалисттер да миллиондогон бейкүнөө адамдардын башын жалмаган Сталиндик сормо саздан чыкпай калган.

Алардын бири, Бишкекте Көркөм сүрөт академиясын ачууну көздөгөн мадяр художниги Ласло Месарош 1938-жылы 19-мартта камакка алынып, бир маалыматтар боюнча ошол эле жылы атылып кетет. Аны 1945-жылы атылган деген да маалыматтар бар.

Ласло Месарош.
Ласло Месарош.

Аалы Токомбаевдин төмөнкү ырына караганда, Үркүн тууралуу сүрөттөрдүн автору, теги мадяр Бела Уиц да шпион деп шектелип, сурак берген өңдүү.

Коминтерндин бир солдаты сүрөтчү?

Тарта көргүн, аман чыксак сүрөттү?

Гестапонун сурагында болгондой:

Ким кыйнаган асыл таза жүрөктү?

***

Орустарды “оңчул”, “эсер” деп койду,

Кыргыздарды “туранчыл” деп жеп койду.

Шпион дейт кытай менен уйгурду,

Сен венгерсиң, сага кандай шек койду?, - деп жазат “Бела Уэцге” (туурасы Бела Уиц) ("Венгердик революциячыл сүрөтчү") деген ырында 1937-1939-жылдары эки жылга жуук абакта отуруп чыккан залкар акын Аалы Токомбаев.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:41 0:00

Ата-бала Маречектер Алматыдагы түрмөдө отурушат. Эгерде Рудольф Маречектин аялынын өжөрлүгү болбосо, алардын тагдыры кандай болот эле ким билет?

"Чоң атамдын экинчи аялы орус эле. Ал да чоң атамдай коммунист болчу. Ошол аял Москвага кат жазып жатып, күйөөсүн жана өгөй уулун камактан чыгарганга жетишет. Ал үчүн көп күч- кубатын сарптайт. Чоң атам түрмөдө бир жылдай отурат. Тагдырдын тамашасын карабайсызбы, Алматынын Фурманов көчөсүндөгү атам түрмөдө отурган жайдан алыс эмес жерде эжем үй-бүлөсү менен жашайт азыр. Мен башка нерсени да билем, 1930-жылдардын аягында интергельпочулардын көбү камалган. Алардын кээ бирлери дайынсыз жоголгон. Ошол кезден бир окуяны Кирал Светлана айтып берди. Бир көчөдө чех үй-бүлө менен кыргыз үй-бүлө коңшу жашаган экен. Кыргыз үй-бүлөнүн башчысы НКВДнын аткычтар командасында иштейт. Бир күнү жанагы чехти көчөдө башка адамдар менен чогуу кармап алып, эч нерсе түшүндүрбөй эле шаардын сыртындагы “эл душмандарын” аткан жерге алып барат. Атылчу адамдарды тизгенде, чех баягы кыргыз коңшусунун бет маңдайына туруп калат. Ал коңшусун аргасыздан атат. Ошону менен чех дайынсыз жоголот. Ал атылып кеткенин коңшусу эч кимге айтпай жүрүп, 30-40 жылдан кийин аткычтар командасында болгонун, коңшусу атылганын айтып берет".

Эльвира Боривоевна Маречек 1972-жылы Фрунзе Политехникалык институтун бүтүп, 1977-жылга чейин СССР Илимдер академиясынын Илимий изилдөө жана долбоорлоо институтунун Ыраакы Чыгыш бөлүмүндө иштейт. Көптөгөн турак үйлөрдү долбоорлойт. Ыраакы Чыгыштан кайра келип, мурда өзү бүткөн архитектура факультетинде сабак берип жүрүп, пенсияга чыгат. Эльвира айым Ыраакы Чыгышта КПССтин катарына өтмөк болуп, бирок айнып калат.

"Мен билгенден атамды комсомолдон кууп чыгат", - деп улантты СССР архитекторлор союзунун мүчөсү Эльвира Маречек.

"Ал кийин партияга кирүүнү ойлогон жок. Бизди комсомол тарбиялады. Жаштарды мактаганда “комсомол, спортсмен” деп мүнөздөчү эмес беле. Менин жакшы таанышым Ыраакы Чыгышта аскер деңиз флотунда кызмат өтөп жүрдү, партияга мүчө эле. Мен андан "Володя, мен партияга өтө турган болсом, сунуштама бересиңби?" деп сурадым. Ал бир топко үн-сөзсүз ойлонуп туруп: “Билесиңби, чакырбаган жакка жулунуп барба!” деди. Мен аябай таң калдым. Мен Володяны өзүнүкүн бербеген кежир деп ойлочумун. Ошол сөз менен соолуктум".

Жаш жубайлар Роберт Маречек жана Анастасия Бондаренко.
Жаш жубайлар Роберт Маречек жана Анастасия Бондаренко.

Боривой Маречек Экинчи дүйнөлүк согуш кезде Кыргызстандагы тоо аткычтар мектебин жетектейт. Ал эми 1944-жылы өз ыктыяры менен майданга кетип, Советтер Союзунда түзүлгөн чехословакиялык корпустун курамында гитлердик аскерлерге каршы согушат, ата журтунун эң жогорку аскердик ордени менен сыйланат.

Согуштан кийин мекенине кайтып келип, Кыргыз ССРинин спорт комитетинде альпинизм жана туризм бөлүмүн жетектейт. Кийин Физкультура институтунда эмгектенип, альпинисттерди даярдоого зор салым кошот. Ортолук Тянь-Шань тоолорундагы тогуз чокунун орфографиялык карта-схемасын чийет.

"Атам өмүрүн тоолорго арнаганы үчүнбү, айтор түрмө анын турмушуна таасир эткени көп байкалбады. Ал Кыргызстанда альпинизмди өнүктүргөнгө удаа эле тоолордун жана мөңгүлөрдүн картасын чийген. Ал учурда карта жок эмес беле! Атам кайда барбасын жанында буссоль менен теодолитти алып жүрчү жана баарын өлчөп, эсептечү. Жергиликтүүлөрдөн жылга-колоттордун, чокулардын атын сурап, картага түшүрүп, кыргыз тоолорун изилдөөгө көп салым кошту. Ала-Арча капчыгайында эки баштуу чоку бар. Мурда Павлик Морозов чокусу деп аталчу. Атам жана достору ушинтип аташкан. Себеби, атам жана достору бул жана башка чокуларга биринчи болуп чыгышып, картага түшүргөндүктөн, өздөрү эле ат беришкен. Ошол эки баштуу чокунун кайсынысы бийик экени белгисиз. Анын бир кыл чокусу Бориевой Маречек, экинчиси апамдын урматына Анастасия Бондаренко деп аталат азыр. Апам да атамдай эле альпинизм жана тоо туризминен СССР спортунун чебери болгон, экөө бардык чокуларга чогуу чыгышкан; Ала-Арча капчыгайындагы альпинисттик лагерди негиздешкен. Ал капчыгайда сиңдим экөөбүздүн балалыгыбыз өттү. Атам тоодо куткаруучулар бригадасын жетектеген. Атам жана апамдын атындагы чокулар Бишкектин көп жеринен, анын ичинде 5-микрорайондон жана Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн көрүнүп турат.

Рудольф Маречек бир жылдары Ысык-Көл айыл чарба техникумунда альпинизм секциясын жетектейт. Ошол кезде отузга жакын альпинисттик жүрүшкө чыгып, эчендеген чокуларга биринчи болуп чыгып, картасын чиет. Фучик, Запотоций, Тольяти, Готвальд, Советтик-Чехословакиялык достук чокулары - чалыкпас Р. Маречек тарабынан ошо кезде заман шарына ылайык чокуларга берилген ысымдар.

Эрди-зайыптар Анастасия Бондаренко менен Боривой Маречек кыздары Инзелия жана Эльвира менен Ала-Арча капчыгайында.
Эрди-зайыптар Анастасия Бондаренко менен Боривой Маречек кыздары Инзелия жана Эльвира менен Ала-Арча капчыгайында.

Эльвира Маречек айымдын тайлары украин казактарынан болот. Бирок совет заманында украин казактары орус казактары сыяктуу эле өз тек-жайын ачык айта алышкан эмес.

"Апамдын теги украин казактарынан. Апамдын чоң аталары 1860-жылы Ыраакы Чыгышка чейин барат. Ал жакта суук, эч нерсе өспөйт, шамал. Кайта жүрүп, Кыргызстанга отурукташат. Совет заманында украин казагы же орус казагы деп атоо мүмкүн эмес болчу. Ошого аларды украиндер дешчү. Муну мен өтө кеч, 50 жашымда түшүндүм. Менде атам тараптын да, энем тараптын да архивдери бар. Таятамдын ата тегинин фото сүрөттөрүндө баары орус казактардын кийимин кийип жүргөнүн көрүп, таң калдым. Эркектердин башында фуражка, төбөсүндө айдар чачы бар, аялдар кара жоолукчан, чачы желкесине оролгон. Мен кичинекей кезде жер тамда таятамдын жанында жашадык. Шаарга чектеш айылдардан таятамдын туугандары келгенде, 30-40тай адам чогулчу. Столду узунунан улап отурушчу. Таятам бою кичине, кыл мурутуу киши эле. Ал чөйчөк-чарочканы колуна кармап, сөз сүйлөчү. Чарочка “чопорушка” деп аталчу. Украин казактары дайыма тосту узун айтышат. Баары тост качан бүтөт деп күтүп отурушчу. Тостон кийин украин казактарынын ырлары ырдалар эле...".

Эльвира Маречек. 18-ноябрь, 2018-жыл.
Эльвира Маречек. 18-ноябрь, 2018-жыл.

​КПСС башындагы совет бийлиги жүргүзгөн “бирдиктүү совет эли” идеологиясы канына сиңген Эльвира Маречек 16 жашында паспорт алып жатканда улутун орус деп жаздырат. Эмне үчүн?

"Канымда ата тараптан чехтин, эне тараптан украин казактын каны бар. Мен паспортумда украин деп, сиңдим чех деп жазылган. 16 жашымда паспорт алганы барганымда, чоң атама аябай таарынып жүргөм. Анда чоң атам Рудольф Павлович 70тен өтүп калган. Көрсө, ал туулган жерин сагынып, куса болуп жүргөн экен: Чехия, Татра тоолору жөнүндө айта берчү. Мен - нака комсомол, спортсмен болчумун. Ошого “Чоң атам эмне дейт? Бул жактын нанын жеп жүрөт да, “Чехия, Чехия” деп какшайт” дечүмүн ичимен ачууланып. Атам менен апам 16 жаштагы кеңкелеске чоң атамдын абалын түшүндүрүү ордуна, эч нерсе дешпейт. Мен паспорт алып жатканда, фамилиямды айтып, “Чех деп жазбагыла!” деп сурандым.”Эмнеге?” деп сураганда, “Чех болгум келбейт” дедим. “Апаңдын улуту ким?” дегенде “Украин” десем, улутумду украин деп жазып коюшту".

“Интергельпонун” уюштуруучусу, чех интернационалисти Рудольф Маречектин небереси, акын жана жазуучу Эльвира Маречек Кыргыз Республикасынын жараны. Байбиче айткандай, ал жана бала-чакалары Ала-Тоосуз жашоону элестете алышпайт.

Эскертүү: Жогорудагы фотосүрөттөр Эльвира Маречек айымдын үй-бүлөлүк архивинен алып пайдаланылды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG