Бүгүн эл аралык Эне тил майрамы белгиленип жатат. Кыргызстанда дунган улутундагы 70 миңден ашуун калк жашайт. Улуу муундагы дунган тектүүлөр соңку жылдары эне тилин, салтын сактоо маселеге айланганын айтышат. Ивановка айылындагы мектепте дунган тили окутула баштаганына беш жыл болду.
Элмирбек Иманалиевдин көп кырдуу, көп сайлуу, көп жанрдуу адабий-музыкалык мурасынын арасында «Көрүп тур» менен «угуп ал» деген чакан аңгемеси бар. Бул аңгеме тууралуу адабиятчы Бекташ Шамшиевдин блогу
Гендерлик тең укуктуулук тууралуу талкуу-талдоолор көңүл ачуу багытындагы аянтчаларда да жүрүүсү зарыл. «Эже-сиңдилер» берүүсүндө бул жолу музыкалык клиптерде, тасмаларда, тамаша видеолордо кыз-келиндердин образына байланыштуу стереотиптик көз караштарды талдап көрдүк.
Диаспора топтору Кыргызстандын таасирдүү жумшак күчүн жарата алышабы? Балким, чет мамлекеттерде “Манас” институттарын ачуу аркылуу алардын жаратмандыгын багыттоо керектир? Абдрасул Исаков менен Нурлан Абдикаимовдун блогу.
Киши баласынын өз ара мамиле-катнашынын кандайлыгын күндөлүк көр турмуштун өзү эле сындан өткөрүп, баасын берип коёт. Артынан көңүл калуу, нааразылык, таарынычтар чыгат. Талант Разаковдун “Ваза” деген аңгемесинин көмүскө өңүтүн адабиятчы Бекташ Шамшиев эсибизге салат.
Кыргызстандык айрым ашынган улутчулдар көзүнө кандай жамандык элестетилсе да, анын себебин “калмактан” көрүшөт. “Күлкү кербендин” кезектеги шиңгили Т.Чоротегиндин "калмак-фобия" тууралуу саясий-публицисттик жанытмасын сунуштайт.
Кыргыздын чыгаан театр жана кино өнөрпозу Жамал Сейдакматованын сөөгү 17-февралда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын астында өткөн коштошуу зыйнатына бийлик өкүлдөрү, маданият жана коомдук ишмерлер, актрисанын замандаштары жана жакындары катышты.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.
Татынакай ыр китептердин автору, У. Шекспирдин, Ф. Шиллердин ж.б. драмалык чыгармаларын которгон кыргыз акыны Бактыгүл Чотурова айымдын чыгармачылыктагы чыйыры жана соңку саамалыктары тууралуу аны менен Максат Жангазиев маектешти.
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын быйылкы сезонунун башында француз композитору Жорж Бизенин төрт актылуу “Кармен” операсы тартууланды. Анда сүйүү, кызганыч, кылмыш менен коштолгон кызыктуу окуя баяндалат.
Дагы жүктөңүз