Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын быйылкы сезонунун башында француз композитору Жорж Бизенин төрт актылуу “Кармен” операсы тартууланды. Анда сүйүү, кызганыч, кылмыш менен коштолгон кызыктуу окуя баяндалат.
Быйыл “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгы белгиленет. Кыргызстанда төкмөлүк өнөр кандай абалда? Төкмө акындардын чөйрөсүндө эркиндик, чыгармачыл атаандаштык барбы? Бул өнөрдүн агартуучулук ролу кандай? Алдыда айтыш өнөрүнүн күнгөй-тескейин "Сыябан" рубрикабызда талкууладык.
Атактуу эл акыны Аалы Токомбаев "“Мындай китепти дагы жүз жыл бою башкалары дагы жаза албайт!” деп зор баа берген "Сынган кылыч" аттуу тарыхый роман жана анын автору Төлөгөн Касымбеков тууралуу адабиятчы Бекташ Шамшиевдин блогу.
Алай районунун Сары-Могол айылындагы "Ууз-Даткалар" коомдук бирикмеси кыргыз куурчактарынын коллекциясын чыгарды. Улуттук кийимдер куурчактар үчүн атайын тигилген. Коллекцияда жети куурчак бар.
Нурмат Осмонбеков жана Баяман Ниязалиев Бишкекте «Бар академиясын» ачкан. Эки дос чет мамлекеттерде иштеп жүрүп, Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жооп берген ыкмаларды үйрөтүүнү максат кылышкан. Азыр бариста (кофе даярдоочу) жана бармендик кесип боюнча окуулар жалаң англис тилинде өтүп жатат.
Баткендеги Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын ачылганына 15 жыл болду. Мындан 40 жыл мурда айылдык маданият үйү үчүн курулуп, кийин театрга берилген имарат өткөн жылы гана толук ремонттолгон.
Кубатбек Жусубалиевдин (Кердегейдин) каламынан чыккан эмгектер сейрек, бирок алар сөзсүз түрдө унутулгус ойлорго чакырат. Жазуучунун “Гимн” деген аңгемеси да коммунизм доорундагы тентек желаргыга окшойт. Бекташ Шамшиевдин кезектеги блогу.
Жазуучу Жээнбай Түрктүн “Бир жан” аңгемесинде потс-советтик жаңы заманга жакшы көнө албай жаткан кишинин ой чабыты көркөм баяндалган. Бекташ Шамшиевдин блогу.
18 жаштагы Кайраттын кулагы начар угат. Учурда киного тартылып жатат. Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын колу-буту соо, акыл-эси толук болуп турса да, жумушка орношуу өтө татаал.
Дагы жүктөңүз