Интернет доорунда өз алдынча билим алуу кыйла жеңил болуп калды.
СССРдин эл артисти, коомдук ишмер Чолпонбек Базарбаев - совет заманында жашап, кыргыз балет өнөрүнүн зоболосун көтөргөн таланттардын бири.
Быйыл Кыргызстанда жазуучу, акын жана котормочу Мукай Элебаевдин 115 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу 28-январда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада бир айлык көргөзмө уюштурулду. Ага Элебаевдин китептери, гезит-журналдагы макалалары, фотодокументтери коюлду.
“Манас” эпосун изилдөөгө, кыргыз фразеологиясы жана диалектологиясы илимий тармактарына зор салым кошкон окумуштуу, профессор Раимжан Эгембердиев дүйнө салды. Андан университетте таалим алып калган адабиятчы, илимпоз Бекташ Шамшиев эскерет.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде XVI – XX кылымдардагы Батыш Европа көркөм сүрөт чеберлеринин көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн алкагында 82 чыгармадан турган жыйнак коюлган. Алардын көпчүлүк бөлүгү 1947-жылы Мамлекеттик эрмитаждын коллекциясынан келип түшкөн.
Кыргыздын таанымал жазуучусу, сатириги, фельетончусу, бата айтуу устаты Калканбай Ашымбаевдин чыгармачылыгынын бир шиңгил өрнөгү тууралуу адабиятчы Бекташ Шамшиев өз блогун сунуштайт.
Жалаң компүтер жана санарип менен “оозанган” жаңы муундарды кантип кадыресе китеп сүйүүчүлөргө айландыра алабыз? Бириккен Арап Эмирликтеринин борбору Абу Даби шаарында байырлап жаткан жаш педагог Нурайым Ысмайыл кызынын “Азаттыкка” жолдогон блогу дал ушул көйгөйгө арналган.
2017-жылдын октябрь айында Памирден Кыргызстанга көчүрүлүп келген бир ууч этникалык кыргыздардын арасында 16 жаштагы Турганбай Абдулвахид уулу да бар болчу.
Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунда сүрөтчүлөрдү кандай баалашат? Сүрөт дүйнөсү деген эмне? Калем менен жандуу турмушту тарта билген талант көкүрөгүндө уялаган сүрөтчү Садык Мурзаханов менен бул өнөрдүн түйшүгү, мээнети тууралуу айтып берди.
Кыргызстандык кинорежиссер Ибадылла Ажибаевдин "Мугалим" аттуу даректуү тасмасы Түркиянын Анкара шаарында өткөн фестивалда баш байгени жеңип алды. Анда Жумгалдын Кең-Суу айылындагы өз үйүн мектепке айланткан мугалим тууралуу баяндалат.
Дагы жүктөңүз