Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:18

Экономика

Жапан өкмөтү Кыргызстандагы экономикалык реформаларды колдоого 294 миллион ашуун доллар жардам көрсөткөн. Алардын арасында “Манас” абамайданын, “Ош-Бишкек” жолун оңдоо сындуу ири долбоорлор бар. Анткен менен эки өлкө ортосундагы экономикалык мамиле-катнаш негизинен өкмөттүк деңгээлде гана жүрүп, Жапаниянын ири компанияларынын, жеке ишкерлеринин Кыргызстанга кызыгуусу байкалбайт.

Өткөн жылы Кыргызстан менен Жапаниянын ортосундагы соода алакасы 11 миллион доллардан ары көтөрүлө алган жок. Ушу тапта жапан өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Ош-Бишкек жолу оңдолууда, саламаттык сактоо, социалдык инфраструктураны жакшыртууга арналган долбоорлор иштөөдө. Алардын арасынан Көл жээгинде социалдык инфраструктураны жакшыртуу, аймактын экономикалык потенциалын көтөрүүгө багытталган Жапан өкмөтүнүн JICA программасы кыргызстандыктарга жакшы белгилүү.

Кыргызстан менен Жапаниянын экономикалык алака-катышы расмий деңгээлден ары көтөрүлө албай, Күнчыгыш өлкөсүнүн жеке ишкерлеринин бул жакка кызыгуусу ойгонбой жатышынын себеп-жөнүн Жапаниянын Кыргызстандагы элчиси Тошио Цунозаки мырза маалыматтын жоктугуна байланыштырып түшүндүрөт:

- Тилекке каршы, чын эле ошондой болууда. Жапан өкмөтү жакшы жардам көрсөтүүүдө, бирок да жеке сектор андай активдүүлүктү көрсөтө албай жатат. Биринчиден, Кыргызстан тууралуу Жапанияда өтөле аз маалымат берилет. Инвестиция үчүн туруктуулук эң маанилүү нерсе. Ошон үчүн аркыл саясий көңтөрүштөрдүн белгилүү деңгээлде терс жагы болот. Менимче, бул жерде кандай инвестициялык артыкчылыктар бар экенин тез-тез жарыя кылып туруу керек. Ошентсе инвестицияга да бул жерде орун табылып калышы ажеп эмес.

Жапан ишкерлеринин Кыргызстанга инвестиция алып келүүгө анча көңүлсүнбөй жатышынын дагы бир себеби мыйзамдык негизге байланыштуу. Коррупцияга белчесинен батып, экономикалык мыйзамдарга караганда бюрократиялык түшүнүктөр менен жашаган өлкөгө сырттан агылып инвестициянын келиши күмөндүү экенин ушу тапта Кыргызстан жонтериси менен сезип отуру.

Жапаниянын Кыргызстандагы иштерине ишенимдүү өкүлү Тацухико Касайдын ырасташынча, Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүндө өйдө-төмөндүктөр байкалат:

- Кыргызстанда адам ресурсу жетиштүү. Бирок да табигый байлыктары ченелүү. Ошон үчүн бул жердеги экономикалык өнүгүү өйдө-төмөн жүрүшү табигый нерсе. Идеалында оболу базар экономикасына шарт түзчү мыйзамдарды кабыл алып, анан реформаларды баштаса жарашмак. Макроэкономикалык туруктуулукка жетишип алгандан кийин мыйзамдарды оңдоого киришкенде сөзсүз экономикалык өнүгүштө өйдө-төмөндүктөр болот.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов жапан ишкерлери Кыргызстанга тартынбай эле инвестиция алып келишине жетиштүү мыйзамдык негиз бар деп эсептейт:

- Менин оюмча, эмки иш – Көл боюнда жапандыктар келишкен мейманкана курушу керек. Эгер бул ишке ашса, конкрет иш болмок. Анын үстүнө бүгүн президент өкмөт чет элдик инвесторлорду ар тараптан колдоосу зарыл деп айтты. Биз Жапания менен кызматташууга кызыкдарбыз. Жапан өлкөсү Кыргызстандын негизги донорлорунун бири.

Марттагы бийлик алмашуусунан кийин Кыргызстан кыйла убакты-саатын саясий талаш-тартыштарга коротуп, жарым жылдан кийин жаңы өкмөт түзүмүнө жетишти. Жаңы өкмөт чет эл инвестициясына жакшы шарт түзүп берүүгө милдеттүү экени каадалуу жыйындарда дамамат айтылып келатат. Анын кайрымжысы кандай болорун азыртан боолгоо кыйын.

Кыргызстан менен Казакстандын экономикалык алака-катыштарын мындан ары тереңдетүү маселелери 13-октябрда Астанада өткөн сүйлөшүүлөрдө талкууланды. Кыргыз өкмөтү коңшу өлкөдө иштеп жүргөн 80 миң чамалуу эмгек мигранттарынын абалын жеңилдетүү, күйүүчү майдан, отун жагынан каралашуу өтүнүчүн билдирди. Сүйлөшүүлөр учурунда ортодогу саясий-экономикалык биригүү – союз келишими, Көл жээгиндеги Казакстанга тиешелүү 4 пансионат тууралуу да кеп болду.

Казакстан менен Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалын жеңилдетүү, аларга мыйзамдык негизде ыңтайлуу шарт түзүп берүү маселеси жаңы бийликтин Астана, Москвага жасалган иш сапарларынын дээрлик баарында козголуп келатат. Мындан эки ай илгерээк Алматыга барып келген вице-премьер-министр Адахан Мадумаров да ал жердеги эмгек мигранттарынын абалын жакшыртууга Казакстандын түштүк борборунун башчысы Имангалы Тасмагамбетов өзү убада кылганын жарыя кылган жайы бар.

- Кыргыз жарандарынын 10 миңге чейинкиси гана иштесин деген чектөө эми болбойт деп ачык айтты. Чектөө болбойт. Биздин жарандар каалашынча ал жерге келип иштөөгө, жашоого акылуу, аларды каттоонун жеңилдетилген түрү ишке киргизилген.

Астанадагы өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсүндө Ф. Кулов да эмгек мигранттары маселесин козгоп, Казакстанда иштеп жүргөн 80 миң чамалуу кыргыз жарандарынын абалын жеңилдетүү, жашырынып жүргөндөрүн мыйзам жоопкерчилигине тартпоо өтүнүчүн билдирген. Казакстандын өкмөт башчысы чет жерде иштеп жүргөндөрдүн абалын жеңилдетүү үчүн эки өлкөнүн өкмөтү атайын келишим түзүшү туура болорун айтып, бир жарым ай ичинде бул маселени иликтеп чыгып, чечүүгө макул экенин ырастаган. Д. Ахметов Кыргызстандан агылып барчу эмгек мигранттарынын санын азыркысынан ашырбоо өтүнүчүн да билдирген.

Казакстан өкмөтү жакында башталчу Майнак ГЭСинин курулушуна кыргызстандык адистерди тартууга куштар экенин маалымдаган. Расмий Астана ушу тапта курулушу токтоп калган Нарын дарыясындагы «Камбарата – 1», «Камбарата – 2» ГЭСтеринин курулушун инвестициялоого деле даяр экенин ырастады, дейт парламенттин эларалык байланыштар комитетинин төрагасы Карганбек Самаков.

- Н. Назарбаевдин айтканы, «Камбарата – 1», «Камбарата – 2» ГЭСтерин да куруп берели дешти. Маселен, “биз акчасын толук салалы, силер акчаны толук сала албасаңар да жанагы токтотуп койчу 25 пайызды өзүңөрдө алып калсаңар болот”, деп айтышты. Менимче, казактар абдан жакшы сунуштарды киргизишти.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы биригүү – союз келишимине байланган төрт пансионаттын тагдыры кантип чечилгени тууралуу өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсүнө катышкан Карганбек Самаков буларды айтты:

- Биздин премьер-министрибиз Феликс Кулов айтты: «Мына, 49 жылга берип атабыз. Биздин шартыбыз, ушул төрт пансионатка азыркы жаңы талапка жооп бере турган, жыл бою иштей турган 4 жылдыздуу, 5 жылдыздуу эс алуу үйлөрүн куруп берсеңер жакшы болот эле» деди. Н.Назарбаев “ал жерде эч кандай проблема жок, керек болсо Көлдүн жээгине инвестиция киргизгенге даярбыз”, деп айтты.

Эки өлкө ортосундагы экономикалык алака-катыштын күрөө тамырында турган дагы бир орчун проблема суу-энергетика маселеси. Казакстан Кыргызстанга 15 тонна мазут берүүгө макул болуп, мурдагы макулдашууда белгиленген 650 тонна көмүрдүн жарымынан көбүн жөнөттү.

- Келишимдердин негизинде, Казакстан тарап бизге 650 миң тонна көмүр бермек. Алар бизден 2 миллиард киловат электр энергиясын алышпадыбы. Келишим бар. 2006-жылдын жаз айларына чейин жөнөтүшү керек. Ошол келишимде көрсөтүлгөндүн 350 миң тоннасын жөнөтүштү. Мурда макулдашылган график боюнча, калган көмүрдү да убагында кем-карч кылбай жөнөтөбүз деп милдетин алышты.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы экономикалык алака-катыш расмий бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунда ысык ымала, достук маанайда сыпатталып, оголе чоң максат-милдеттер коюлат. Бирок да мунаса кептердин баары экономикалык кызыкчылыктын торуна байланып, айтылган кеп-сөздүн көбү изги тилек, илгери үмүт боюнча калып келет. Аны төрт пансионатка байланган экономикалык биригүү жөнүндөгү үлкөн келишимдин эки ортодо асылып турганы деле айкын көрсөтүп туру.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG