Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Экономика

Кыргызстан менен Швейцарияны окшоштурган жалпылыктар биртоп. Ажайып жаратылыш, тоолор, көлдөр, токойлор. Швейцария өнүккөн бай өлкөлөрдүн катарына 7 кылымда жеткен. Ушу тапта Швейцария Кыргызстанда саламаттык сактоо, табиятты коргоо, макроэкономикалык реформаларды жүргүзүү, коопсуздук, жаңжалдарды алдын-алуу боюнча биртоп долбоорлорду ишке ашырууда. Алар тууралуу Швейцариянын кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгынын директору, элчи Вальтер Фюст айтып берет.

Вальтер Фюст Кыргызстандагы үч күндүк сапары учурунда өлкөнүн расмий өкүлдөрү, Көл боюнда, Ош облусунда болууга үлгүрдү. Сапар аяктап бараткан чакта Кыргызстандагы эркин маалымдоо каражаттарынын журналисттери менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

- Мага бул жер аябай жагат, бул ирет болгону үч күнгө гана келдим. Мен мындан беш жыл илгери Кыргызстанда болгом. Анда эки жума жүргөм. Мен дайым эле так салыштыруу жүргүзө албайм, антишке толук мүмкүнчүлүгүм жок. Анын үстүнө азыр эл аралык коомчулук Кыргызстандын ар бир кадамын дыкат иликтеп турат, эки жыл илгери андай эмес болчу. Ошон үчүн эмне айтылып, эмнелер иш жүзүндө жасалып жатканы кылдат байкоого алынып турат.

«Кыргызстандын тышкы карыздарын Африканын жакыр өлкөлөрүнө берилген жеңилдик шартында кечип ийүү маселесине кандай карайсыз?» деген суроого Вальтер Фюст мырза мындай жооп узатты:

- Быйыл жайында Улуу Британияда байманалуу сегиздиктин өкүлдөрү чогулушту. Алар өткөн жылы эле Африканын жакыр өлкөлөрүнө берилген көп жактуу карызды кечип жиберүү маселесин макулдашкан. Швейцария жакыр өлкөлөрдүн гана карызын кечпестен, өткөөл экономикадагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын да карызын кечип ийүү демилгесин колдойт. Байманалуу сегиздикке кирген өлкөлөр карыздын 75% кечип ийүү маселесин деле оң чечишке даяр, бирок да бул маселе азыр так чечиле элек. Карыз акчанын орду кантип толтурулат, ал дагы жардам акча болобу же ордун толуктай турган башка булактардын эсебинен толтурулабы - бул азырынча белгисиз. Сегиздиктин жетекчилери бул маселе боюнча бир пикирге келип, демилгени ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыкса, сегиздикке мүчө эмес өлкөлөр да карызды кечип ийүүнүн маселесин иликтөөгө киришет болчу. Биз да ага кошулабыз. Швецария, Швеция, Норвегия, Голландия өлкөлөрү да буга өз салымын кошот. Биз чоң сегиздик алган милдеттенмелерин аткарышын каалайбыз. Президент К. Бакиев менен жолугушу учурунда да ушул маселе козголуп, мен кийинки жылы чоң сегиздиктин төрагалыгы Орусияга тиет, алар менен сиздердин алака жакшы го деп айттым.

«Кыргызстан коррупцияга каршы аёосуз күрөш ачты. Анын жыйынтыгы кандай болот деп ойлойсуз?» деген суроого Вальтер Фюст мырзанын жообу бул болду.

- Биринчиси - ачык саясий эрк, экинчиси - көз карандысыз сот системасы болушу, үчүнчүсү - коррупцияга колу малынган адам сөзсүз жазаланаарын билиши керек. Мына ушул негизги шарттар жасалбаса коррупцияга каршы күрөштөн натыйжа чыгышы күмөн. Жаңы өкмөттүн алдында оор милдеттер турат. Оболу ачык саясатты иштеп чыгуу абзел. Ал жалаң кагазда гана жакшы көрүнбөй, ириде ишке ашуусу зарыл. Бул өзү бардык мамлекеттерге тиешелүү жумуш. Президент менен кездешүү учурунда карыздардын кечилиши үчүн коррупцияга каршы чындап күрөш жүргүзүлүшү керек экенин айттым. Албетте, өкмөткө мүмкүнчүлүк берүү керек, бирок да анын иши ачык, эл алдында отчету менен болушу зарыл. Убакыт ушу тапта Кыргызстан үчүн иштеп аткан жери жок, аны колдон чыгарып ийиш оңой эле.

Вальтер Фюст ушу тапта Кыргызстанда байма-бай колдонулуп келаткан «донор» деген сөздү анча жактырбастыгын, а көрөкчө «өнөктөш» деген сөз угумдуу экенин айтты. Кыргызстан жалаң карыз берген гана өлкөлөрдүн көз алдында турбастан, жаамы дүйнө бул жердеги өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болоруна астейдил кызыгууда.

«Үч жыл ичинде Кыргызстанды Борбор Азиянын Швейцариясына айлантуу убадасын берген мурдагы президент А. Акаев ушу тапта Москвада. Кыргызстан менен Швейцария жалпылыгы эмнеде, эмнеликтен Европа жеке ишкерлери, үлкөн компаниялары Кыргызстанга келишпейт?» деген «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна Вальтер Фюст тамашалуу жооп узатты.

- Швейцария - Европадагы Кыргызстан. Сиздин суроону мен мурдагы президент менен аңгемелешкенде айткан элем. Биздин өлкө азыркы жакшы турмушка 700 жылда жетти. Швейцарияга алгачкы өнөр жайлык деңгээлден заманбап техникалык жетишкендикке жетиши үчүн 100 жылдан ашуун убакыт сарп кылынды. Оболу Кыргызстанга эмне керек, анын колунан эмне келет, ошону аныктап алуу керек. Себеп дегенде, бу дүйнөдөгү нерсенин баары телегейи тегиз эмес. Базар экономикасына, бир системден экинчи системге өтүш үчүн кыска убакыт аздык кылат. Адатта бул бир-эки муундун өмүрүнө тете убакыт. Баарын кадам артынан кадам таштап ырааттуу жасаш абзел. Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда кандай окшоштук бар экен деп абай салып карасам, экөөнүн тең жоош-момун эли, намыскөй эли бар экен. Суусу, табияты, тоолор, кооз, ажайып жери бар. Бул адам ресурстарына инвестицияны аябаш керек дегенди түшүндүрөт. Адам ресурстарына акча салуу - бул биринчи иретте билим берүүгө колдоо көрсөтүү. Өзгөчө кесиптик билим берүү тармагына жардам бериш зарыл. Орто жана чакан ишкердикти көтөрүү керек. Ал үчүн кесиптик билимдин мааниси зор. Экинчиси, биздин сиздерге караганда жерибиз аз, калкыбыз көп. Ошон үчүн биздин базарыбыз кичине. Эгер сиздер экономиканы көтөрөбүз десеңиздер Эл аралык сооданы, сыртка товар ташып чыгарууну көбөйтүшүңөр абзел. Ал эми эмнеликтен бул жакка ири компаниялар, инвестиция келбей атышынын себеп-жөнү мындай. Бул чөлкөмдө Өзбекстан, Кытай сындуу чоң өлкөлөр турат. Ошондон Кыргызстан башкаларга салыштырмалуу эмнени мыкты жасай алат суроосу турат. Ал үчүн сиздер капиталдын эркин жүрүшүн, саясий туруктуулукту камсыз кылууңар зарыл. Мыкты соода системасын түзүп, коррупцияга малынбаган бажы кызматын түзүшүңөр керек. Мыкты инфраструктура түзүлсүн.

Вальтер Фюст Кыргызстандын келечегине ишене тургандыгын билдирди. Батыш менен Чыгышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган чоң жолдун тоомунда турган чакан өлкө деңизге чыкпай калганына нааразы болбой, кургак жердин толтосунда турушунун пайдасын көрүшкө милдеттүү, дейт. Чоң үмүт байлаткан туризмдин потенциалы азырынча жакшы өнүгө элек. Кыргызстандын энергетикалык кубаты зор. Телекоммуникация системи жакшы өнүгүүдө. Андан тышкары бул жерде жаркырап тийген күндүн нуру, чайыттай ачык аба ырайы бар. Муну да акыл менен пайдаланса пайдасы баа жеткис, деп айтты Вальтер Фюст.

Борбор Азиядагы суу проблемасы, сууну сактоо, жөнгө салуу кызматынын акысына токтолгон Вальтер Фюст Швейцарияда суу кызматына акы төлөнөрүн маалымдады:

- Башка өлкөгө суу берүүдө пайдаланган өлкөлөр сүйлөшүүгө отуруп, маселени жөнгө салуунун жолдорун талкуулап алышканы оң. Швейцарияны Европада суу башы деп коюшат. Европадагы чоң дарыялардын баары бул жерден башталат. Бирок биз суу акысын бизден чыккан сууну пайдалангандардан доолабайбыз. Анткен менен сууну кантип бөлүштүрүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Бизде суу акысы жергиликтүү деңгээлде, аймактык шартта жөнгө салынат. Суу кызматынын акысы белгиленген. Суунун эмес, ошол сууну жеткирген, ташып, агызып барган кызматтын акысы коюлган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет «Кыргызтелекомдун» 90% акциясын тендерге коюуга, энергетика тармагын концессияга берүүгө даярдык көрүүдө. Жыл башынан бери болсо комитет беш акционердик коомдун мамлекетке тиешелүү акциясын 125 миллион сомго сатты.

“Кыргызтелекомдун” мамлекетке тиешелүү 51пайыз акциясын сатуу аракети буга чейин да жасалып, бирок Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны ага каршы чыгып, акция сатылбай калган. Анда германиялык “Тедеком” 51пайыз акцияга 16 миллион 200 миң доллар сунуштаган эле. Бул ирет болсо мамлекет колундагы «Кыргызтелекомдун» 90,45 пайыз акциясын толугу менен тендерге коюуга даярданууда. Телекомдун калган 9 пайыздан ашуун акциясы юридикалык тараптардын колунда.

Мүлк комитетинин төрагасы Турсун Турдумамбетовдун билдирүүсүнө караганда, өкмөт энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабын баштоо үчүн, Жогорку Кеңешке тийиштүү мыйзам долбоорун киргизүүгө да даярдык көрүүдө:

- Энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабынын программасы парламентте карала элек. Ошондуктан бул маселени өкмөт талкуулап, программаны Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди. Эми Жогорку Кеңеш аны ноябрь айында карайт деп турабыз. Биз энергетика тармагын концессияга берүүнү сунуштайбыз.

Мүлк комитетинин төрагасынын айтымында, комитет «Бишкек», «Алатоо» мейманкаларынын чатагын чечүү үчүн сотко кайрылды жана сот биринчи инстанцияда карай баштады. Ушундай эле териштирүү борбордогу «Инструментальщик» стадионун ээлеген «Иймпаш-Манас» боюнча да жүрүп, стадиондун колдон-колго өтүп сатылганы айкындалып, бирок акыркы кожойунунун дайыны чыкпай турат.

Быйылкы жылдын тогуз айында болсо мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети «Кадамжай сурма комбинаты» баш болгон беш акционердик коомдун мамлекетке тиешелүү акциясын 125 миллион сомго саткан. Мамлекет көзөмөлдүк кылган акционердик коомдордон болсо 1-октябрга карай 84 миллион сомдон ашык дивиденд казынага түшкөн.

Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан «Кыргызтелекомду» менчиктештирүү жана энергетика тармагын концессияга берүү маселеси кандай кабыл алынаары белгисиз. Бирок депутат Темир Сариевдин пикиринде, эгерде энергетикадагы бөлүштүргүч компаниялар концессияга берилбесе тармакта абал оорлойт:

- Эгерде электр энергетика тармагында бөлүштүргүч компанияларды концессияга берүү маселе болсо, анда бериш керек. Ансыз аябай кыйын абалда калабыз.

Сариев ошондой эле эгерде дурус инвестор болсо «Кыргызтелекомду» менчиктештирүү да туура эле болот деген оюн билдирди.

Мурда маалымдалгандай, мамлекеттик мүлктү башкаруу комитенин төрагасы Турсун Турдумамбетов бир катар кылмыш иштер боюнча күбө катары өтүүдө. Ал бул иштер тууралуу буларды билдирди:

- Биздин бардык кызматкерлер сыяктуу мен да күбө катары көп иштерден өттүм. Эч бир жерде мага күнөө коюлган жок. Ал эми жанагы кайтарылсын деген пансионаттар боюнча, бүгүнкү күндө бир да пансионат кайтарыла элек. Башкы прокуратура тарабынан каршылык билдирилген. Ошол каршылыктын негизинде коллегияда карап, айрым пансионаттарды менчиктештирүү боюнча токтомубузду жокко чыгарып, ишти сотко өткөрүп бергенбиз. Сот жараяны жүрүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG