Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Экономика

Өткөн жылы Кыргызстан менен Кытайдын соода алакасы 600 миллион долларды түздү. Эмдиги жылы бул көрсөткүч 1 миллиард долларга чыгышы болжолдонууда. Ортодогу алака-катыш Шаңхай кызматташуу уюмунун алкагында, ошондой эле соода жагында өнүгүүдө.

Ушу тапта кытайлык ишкерлер тобу Кыргызстанга келип, инвестициялык шарт-жагдай менен таанышууда. Кыргыз өкмөтү кытайлыктар текстиль, курулуш, автожолдорду калыбына келтирүү, электр энергетикасы, банк, айыл чарба тармагына ири инвестиция алып келишине куштар. Кытайлык ишкерлер менен жолугушуу учурунда кыргыз өкмөт башчысынын 1-орун басарынын милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов коңшулар киши башына 1 юандан чыгарса деле Кыргызстандын тыш карызынын кыйласын жабар инвестиция келерин тамаша-чындап эскертти. Анын жанында өткөн жылкы 600 миллион доллар өтөле аз.

- Эмдиги жылы ал 1 миллиард долларга жетет деп ойлоп турабыз. Ал үчүн биз Торугарт менен Эркечтамга барчу эки жолду тезинен оңдошубуз керек. Ишти алдыга жылдырууга каржылык колдоо зарыл. Бул жерде Кытай банкынын өкүлчүлүгүн же филиалын ачуу керек деп ойлойм. Же болбосо кытайлык финансылык топтор банк ачышканы деле оң болор эле. Бизде банк боюнча мыйзамдар абыдан жумшак, эркин.

1-вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Бишкекте эки айыл чарба машиналарын жасоочу завод, Ошто жибек комбинаты токтоп турганын айтты, курулуш тармагына күргүштөтүп инвестиция алып келүү сунушун билдирди. Кыргызстандын биртоп жерине өзүнчө бир кытай шаарчасын курууга өкмөт жер бөлүп берүүгө макул экенин маалым кылды. Шарты - курулган үйлөрдүн 15 пайызы өкмөткө берилип, калганы инвесторлордун энчисинде калмакчы.

Ушу тапта батыш өлкөлөрүнө Кытайдын кездеме буюмдарынын өтүшү кыйындоодо. Данияр Үсөновдун Кыргызстандын токтоп турган кийим тигүү фабрикаларын иштетип, ал жерден чыккан кийимдерди Кошмо Штаттарга жөнөтүү тууралуу сунушу кытайлык ишкерлердин кызыгуусун туудурду.

- Биз бул жердин шартын коңшу өлкөлөргө салыштырып чыктык. Биздин баамыбызда Кыргызстандагы инвестициялык жагдай Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен кыйла жакшы. Мыйзамдар, өкмөттүн токтомдору бул жерде инвестицияга кыйла жакшы шарттарды түзүүгө багытталган,- деп айтты кытайлык ишкерлер делегациясынын башчысы Ван Ю.

Жакында расмий Бээжин Шаңхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөргө 900 миллион долларлык кредит бөлө тургандыгын жарыя кылган. Данияр Үсөнов ага Кыргызстан 4 долбоорду сунуштай турганын маалымдады. Алар - Кытайга электрэнергиясын экспорттоо, Кытайдан Борбор Азияга оптика-жип телефон зымын тартуу, соода жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү үчүн кыргыз банктарына 5 милилон доллар бөлүү, Кыргызстандын алтын соодасына Кытайды катыштыруу. Ойлонтчу жагдай, 20 жылдык мөөнөткө жылына 2% үстөк пулу менен берилчү кредитти өкмөт өзү кепилдиги менен ала албайт. Азырынча Кыргызстан кредитти 15 жылдык мөөнөт менен жылына 3% үстөк пулун төлөп берүү шарты менен алууну ойлонууда.

Ыкчам өнүгүп бараткан Кытайдын ири инвесторлорунун бул жакка келип иштөөгө көөнү жок. Ошондон Кыргызстанда Кытайдын жалпы эл керектөөчү арзан товарлары гана өтүмдүү чыгып, ортодогу алака-бериш соода жагында гана жүрүүдө. Кытайлар ириде ички мүмкүнчүлүктү карап, ошого жараша иш жүргүзүүнү жакшы көрөт. Ван Ю «кыз жигит менен жаңы эле таанышты», деп билдирди, кытайлык ишкерлердин Кыргызстанга иш сапарынын максат-мүдөөсүн баяндап.

Бишкек экономикалык аймагынын башкы директору Эмил Ибраимов кытайлык ишкерлер Кыргызстан аркылуу Батыш өлкөлөрүнө чыгуу идеясын колдоп чыгышы мүмкүн деген пикирде:

- Себеп дегенде, кытайлыктар макул болушу мүмкүн. Азыр Америка Кытайдын товарларына көп тоскоолдук коюп жатат. Квота деген бар. Менчиктин 51 пайызы бизде, 49 пайызы Кытайда болсо, кирешесин акыл менен туура бөлүштүрө алса – бул жол туура болот.

Жаңы кыргыз өкмөтү кыйладан бери эле ири инвестиция алып келүүгө куштар экенин айтып келатат. Бирок анын көбү азырынча илгери үмүт, изги тилек бойдон калууда.

Украинанын эң чоң металлургиялык комбинаты- Криворожсталь ачык өткөрүлгөн аукциондо 4 миллиард 800 миллион долларга сатылды. Ишкананын жаңы ээси Нидерландиянын Mittal компаниясы дүйнөдөгү болот эритүүчү эң чоң эки ишкананын бири. Криворожсталь 2004-жылы Украинанын ал кездеги президенти Леонид Кучмага жакын өнөр жай тобуна 800 миң долларга сатылып, бирок кийин соттун чечими менен келишим мыйзамсыз деп табылган.

Украин өкмөтү Криворожсталь компаниясын жок дегенде 2 миллиард долларга сатууну мерчемдеп жаткан. Бирок үч атаандаштын кирешелүү ишкана үчүн талашы баштапкы баанын эки эседен көп жогорулашына алып барды:

- Мен кайрадан эсиңиздерге салам, сатыкка Криворожсталь компаниясынын акцияларынын пакети коюлган. Үчүнчү номурдагы аларман - Mittal болот компаниясы 24 миллиард 200 миллион гривна сунуш кылды. Үч! Үчүнчү номурлуу кардарга сатылды, - деп жарыя кылды аукциондун далдалчысы.

Ошентип, Нидерландиянын Mittal болот компаниясы Украинада өндүрүлгөн металлдын дээрлик бештен бирин чыгарган ишкананын акцияларынын 92 процентин 4 миллиард 800 миллион долларга сатып алды. Люксембурдун Arcelor SA жана Днепропетровск шаарындагы LLC Smart группасы мынча акчаны сунуш кыла албады. Arcelor өз каржы жетпегенден улам аукционго Донбасстагы Украин өнөр жай союзу менен теңорток катышты.

Криворожсталь өткөн жылы 1 миллиард 900 миллион долларга болот саткан. Ишкана арзан чийки заттарды, отунду жана жумушчу күчүн колдонгондуктан өтө кирешелүү эсептелет.

Соодадан кийин Украинанын мүлк фондунун орун басар башчысы Дмитро Парфененко металлургиялык комбинаттын жаңы ээси өзүнө бир катар милдеттенмелерди алганын билдирди:

- Кардардын өтө жооптуу милдеттенмелери бар. Анын ичинде экономика, инвестиция жана айлана чөйрөнү коргоо жаатында, ошондой эле компаниянын жумушчуларына социалдык ныпаларды жана кепилдиктерди берчү абдан олуттуу социалдык пакет бар. Кудайым жаңы кожоюнга бардык милдеттенмелерди аткарууга жардам берсин. Мен өз тарабымдан, Мамлекеттик мүлк фонду бардык мүлктү катуу көзөмөлгө аларын эскерте кетейин.

24-октябрда Криворожсталь экинчи жолу сатылды. Алгач компания 2004-жылы ошол кездеги өлкө президенти Леонид Кучмага жакын өнөр жай группасына 800 миллион долларга сатылган. Бирок июнда соттун чечими менен мамлекетке кайтарылган.

Украин президенти Виктор Ющенко аукциондон кийин өткөн маалымат жыйынында, анын өкмөтү коррупцияга каршы күрөшүү жана экономикалык реформаны тездетүү жөнүндөгү убадасын унутпаганын айтты:

- Бүгүнкү окуя Украина менчиктештирүүнү бардык мыйзамдарга ылайык сыйда өткөрүүгө жарамдуу экенин күбөлөйт. Украин өкмөтү өзүн сынап көрдү.

Анткен менен, Мамлекеттик мүлк фондунун алдында чогулган 150дөй адам “Криворожсталь - элдин менчиги!” деген ураан көтөрүшүп, өлкөдөгү ири металлургиялык компанияны менчикке сатууга нааразычылыгын билдирип турушту.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG