Бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү “Миң жылдыктын чакырыктары” аттуу программага Кыргызстандын кирүүсүн жакынка арада токтотуп турууга үндөп жатышат. Алардын айтымында, мыйзамдуулуктун туу тутулушу, сот системасынын --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/02/9EE4017D-589D-43A9-B699-1F39521258A2.asp эркин болушу, коррупция менен күрөшүү жана күч органдарын реформалоо сыяктуу программанын талаптарынын эч бирин Кыргызстан аткарган жок. Андыктан, программанын алкагында келе турган 17 миллион доллардын кумга сиңген суудай жок болуп кетиши толук ыктымал. Бийлик өкүлдөрү болсо андай кооптонууга негиз жок дешет.
Жакын арада бул программанын алкагында Кыргызстанга 17 миллион доллардын тегерегинде каражат келерин болжошкон бир катар укук коргоочулар, АКШнын бийликтерине, президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошуп, программага азырынча кирбей туруу керектигин айтышууда. Анткени талаптар аткарылбай, коррупция жогору бойдон калып жаткандыктан келген акча “сол чөнтөктөргө” кетип калышы ыктымал. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова мындай дейт:
- АКШнын конгрессине, президентине, мамлекеттик департаментине, биздин бийликке кайрылып атабыз. Кайрылуубузда биз реформа болушу керектигин айтып атабыз. Бирок мына биз карап атабыз, Кыргызстанда канча реформа жасалса дагы анын бир дагы жыйынтыгын, натыйжасын көргөн жокпуз.
Жарандык коомчулуктун атынан бул программаны даярдоочу жумушчу топтун ичинде иштеп келатышкан укук коргоочулар, жумушчу топтон чыгышканын жарыялашты. Алардын айтымында, авторитардык бийлик күчөп, демократиядан четтөө болуп жаткан маалда, демократияга карай багыт алган өлкөлөргө берилчү каражаттын келиши туура эмес. Укук коргоочу Дмитрий Кабактын айтымында, Кыргызстанда акыркы айларда эле адам укуктары одоно бузулду:
- Программа кол коюулардын алдында турат. Биз болсо Кыргызстан анда көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаганын айтып атабыз. Программанын алкагында келген каражат авторитардык режимди күчтөө үчүн колдонулат го деп чочуп турабыз.
“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын пикиринде, өлкөдө бийлик органдары жабык иштеп, элге каражаттардын кайда короп атканы айтылып турбагандан кийин анын пайдасы болору күмөн:
- Кыргызстанда жакырчылык күч алды деп айтып келатабыз. Бирок ошол эле жакырчылыкты жоюу үчүн түзүлгөн фонд бүгүнкү күндө жашыруун болуп атат, эч кимге ал фонд боюнча маалымат берилбей атат. Канча акча бар ал фонддо, каякка жумшалып атат? Эч ким билбейт. Ошондуктан бүгүнкүдөй абалда бул программага киргендин пайдасы болбой калат да. Биздин оюбузча бийликтегилер жанагы талаптарды аткаруу жаатында өзүнүн аракетин, каалоосун көрсөтсүн. Андан кийин гана бул каражат келсе мамлекетке, элге пайда болот эле.
Бийлик өкүлдөрү болсо каражат максатсыз кетет деп чочулоого негиз жоктугун айтышууда. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, азырынча көзгө көрүнбөгөнү менен акыркы кездерде бийлик реформаларды жасоого багыт алды:
- Абал акыркы кездерге чейин начар бойдон калып келген. Бирок президент сот системасын реформалоо боюнча жакында демилге көтөрүп, Жогорку Соттун төрагасы кетип, ушул жаатта жылыштар бар. Президент дегеле реформа кылуу боюнча көп айтып атат. Башка мамлекеттик жетекчилер да аракет кылып атышат. Жылыштар бар, бирок азырынча алар көзгө көрүнө элек.