Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:37

Экономика

Ат үстүндө эл кыдырган фельдшер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:59 0:00

22 жаштагы Мыйзамбек Ишенбек уулу Нарын районундагы Кара-Жылга айылындагы жалгыз фельдшер. Мыйзамбек айылда жашаган 400 кишинин ден соолугун текшерет. Ал айылдаштарынын ден соолугунан кабар алуу үчүн кээде ат минип алып, жөө кыдырып чыгат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын Мары аймагы бүт өлкөнү багып жаткан жаратылыш газынын булагы болуп саналат. Ага карабай марылыктар газ менен электр энергиясы жоктугунан улам үйлөрүн отун жана тезек менен жылытууга аргасыз болушууда.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысынын маалыматына караганда Түркмөнстандын бүтүндөй Мары аймагындагы айылдар газдын таңкыстыгынан азап чегишүүдө.

- Марынын жашоочулары жаратылыш газынын жетишсиздигине нааразы, - деди ал. ​- Тургундар үйлөрүн отун жана тезек менен жылытып жатышат. Айрымдары үйлөрүнө солярка менен иштей турган мештерди орнотуп алышкан. Бирок солярка менен жылытылган үйлөрдө дайыма ис жана жагымсыз жыт турат.

Мары аймагындагы айылдарда үйүн солярка, отун же жок дегенде тезек менен жылытууга да дарамети жок тургундар көп. Ушул тапта Түркмөнстанда абанын температурасы 0 градуска чейин ылдыйлап жатат. Сууктан улам ооругандар көбөйгөн.

- Адамдарда дары алганга каражаттары жок. Балдары ооругандар нак акчанын жоктугунан малын сатып дары алышууда. Бирок малын саткандар үй-бүлөнүн негизги киреше булагынан айрылып калып жатышат. Анткени көпчүлүгү саалган сүттү сатып оокат кылат, - дейт «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы.

Түркмөнстандын Мургап облусундагы айылдарга газ түтүктөрү орнотулган. Бирок анда газ дээрлик жок. Газсыз калган тургундар жергиликтүү бийликке даттанганы менен али майнап чыга элек.

- Бийликке 13 аял даттанып кайрылган. Алар газдын басымы өтө начар экенине нааразылыгын билдиришкен. Бийлик аларга газ эсептегичтерин орнотууга аргасыз кылганын, ай сайын газга акча чогултуп жатышканын, бирок газдын басымы жакшырбаганын айтышкан. Эгер газ түтүктөрү жарылып кетсе аны да жашоочулар өз эсебинен каражат чыгарып оңдошорун, эгерде газдын басымы жакшырбаса жогорку бийликке даттанарын эскертишкен.

Ушинтип, даттанган аялдарга Мургаптын газ ишканасынын жетекчилери «тазаланбаган газдын айынан газ түтүктөрү жана газ эсептегичтер кирге толуп калууда. Эми аларды ачып тазалаш керек» деген гана жооп беришкен.

Түркмөнстандын борбор калаасы, эл арасында «мармар таштуу шаар» деп аталган Ашхабаддын Парахат жана Гаудан деген кичирайондорундагы көп кабаттуу үйлөр да жылытылбай калган. Лебап облусундагы кичи шаарлардын ооруканалары да жылуулук жок иштеп жатат. 2015-жылдан бери коммуналдык тейлөө Түркмөнстанда 60 эсе кымбаттаган.

Салыштыруу үчүн мисал келтире кетсек, Кыргызстанда электр энергиясынын баасын 60 тыйынга көтөргөнү үчүн нааразылык күчөп, мурунку президент Курманбек Бакиев президенттик тактыдан шыпырылган эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG