Быйылкы күздүн көркү өзгөчө. Айланадагы алтын түс суктандырып, ошол эле учурда кусалантат дагы.
Экономика
шаршемби 30 Октябрь 2019
Парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык Бишкектеги арак-шарап заводу боюнча токтотулган кылмыш иши кайрадан териштирилмек болду.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек арак-шарап заводунун мыйзамсыз менчиктештирилиши тууралуу козголгон кылмыш ишин кайра жабуу жөнүндөгү токтомун Башкы прокуратура жокко чыгарды.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгы 2012-жылы козголгон кылмыш ишин 2014-жылы токтотуп койгон экен. Мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватованын айтымында, эми иш кайрадан атайын кызмат тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынат.
- Башкы прокуратура 21-октябрда, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына ишти өз учурунда жана толук изилдеп чыгыш үчүн тиешелүү процесстик аракеттерди көрүү тууралуу жазуу түрүндө тапшырма берди. Учурда кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат, - деди Куватова.
Башкы көзөмөл органы азырынча бул иштеги тиешеси бар кишилердин атын атаган жок. Буга чейин жарандык активист Мелис Аспеков Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун мүлкүн текшерүүнү талап кылып келатканы белгилүү. 23-октябрда президенттик аппарат Бишкек арак-шарап заводу «жасалма банкроттукка учуратылып, арзан баада менчиктештирилип кеткенине» байланыштуу жамааттык арыз келип түшкөнүн тастыктап, аны териштирүү президенттик аппараттын милдетине кирбегендиктен, арыз прокуратурага жөнөтүлгөнүн маалымдаган.
Активист Мелис Аспеков бул маселени заводдун акционерлери кайрылгандыктан көтөрүп чыкканын билдирди:
- Акционерлердин документтерине көңүл бурсак, ошол кезде Чыныбай Турсунбековдун бир тууган кайниси сатып алып жатпайбы. Документтерге ылайык, тыйынды аялы которуп берип жатат. Мен түз Чыныбай Турсунбеков күнөөлүү же күнөөсү жок деп айта албайм. Тергөө аныкташы керек. Бирок акционерлердин айтымында түздөн-түз тиешеси бар. Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси, банкрот кылуу боюнча департаменттин башчысынын түз көрсөтмөсү болсо, анда толугу менен болуп калышы мүмкүн.
Парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков жакындары арак-шарап заводун мыйзамдуу сатып алганын буга чейин эле айтып келет. Депутат менчиктештирүү боюнча кайра жанданган иш боюнча мындай комментарий берди:
- Айрым сайттардын, айрым журналисттердин маалымат булагы ошол кайра-кайра түрмөгө түшүп жүргөн жигит болуп калса керек деп ойлойм. Бардык тендерлерге күч органдары катышат, банкрот кылууга да күч органдары катышат. Бардыгы катышат. Күч органдары билбей, анан көчөдө жүргөн Аспеков билип калыптырбы? Ошондон сураш керек. Мен билген нерсемди айтып жатып тажадым. Мен билбейм, алган эмесмин. Ушинтип айтайынчы. Алган кишилерден, саткан кишилерден сурагыла. Ал жакта банкрот болгону жөнүндө кеп болуп жатат, банкрот кылган кишилерден сурагыла. Менин кандай тиешем бар?
Депутат Турсунбеков белгилеген тараптар тиешелүү органдар кайра жандантып териштире баштаган иш боюнча комментарий бере элек. Бирок алгач ирет кылмыш иши козголгон кезде ишкананын чоо-жайын жергиликтүү маалымат каражаттары кеңири чагылдырышкан.
Мамлекеттик «Кабар» агенттигиндеги маалыматка таянсак, 2012-жылы 5-мартта Бишкектеги арак-шарап заводунун кызмат адамдарына «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мыйзамсыз менчиктештирүү» беренелери менен кылмыш иши козголгон экен. Анда менчиктештирүүдөгү мыйзам бузуудан улам мамлекет 50 млн. сом зыян тартканы жазылат.
2012-жылы «24.kg» агенттиги Бишкектеги арак-шарап заводу боюнча кенен макала жарыялаган экен. Макаланын кыскача мазмунуна кайрылалы. Убагында ири ишкана аталган завод 1999-жылдары туңгуч президент Аскар Акаевдин жакындарына өтөт. Андан качкын президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын колуна тийип, 2010-жылдан кийин Убактылуу Өкмөт ишкананын 70% мамлекеттештирген. Ал учурда Мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет заводдун атайын администратору кылып Айбек Айтымбетовду дайындайт. Айтымбетовдун тушунда «Азия Оценка» фирмасы Бишкек арак-шарап заводун 133 млн. сомго баалайт. 2011-жылы завод үч жолу сатыкка чыгып, акыркысында Жумгалбек Давлатбеков аттуу жаран 66,5 млн. сомго сатып алат.
Кийин 2012-жылы тергөө иштеринде бул завод 183,4 млн. сом деп бааланган. Бирок 2012-жылы козголгон иш эмне себептен токтотулуп калганы боюнча маалымат жок. Ошол жылдары «Ата Журт» партиясынан депутат болуп барган Камчыбек Ташиев да кызматташы Чыныбай Турсунбековду «заводду шектүү жол менен сатып алган» деп айыптап чыгып, жыйынтыгында эки саясатчы соттошууга чейин барган.
Арак заводун сатып алган Жумгалбек Давлатбеков Жогорку Кеңештин сайтында 2017-жылга чейин Чыныбай Турсунбековдун коомдук кеңешчиси болгону жазылып турат. Ошентип, 2012-жылдагы кылмыш ишинин кайра жанданышы саясий айдыңда талкуу жаратчудай болуп калды. Чыныбай Турсунбеков - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун тирешинде орток пикирди кармоого аракет кылып келаткан саясатчылардын бири. Саясий серепчи Айнура Арзыматова жакындагы шайлоону эске алып, бул окуяда саясий боёк бар болушу мүмкүн экенин билдирди:
- Саясий иш бар деп ойлосо да болот. Себеби ушул убакка чейин козголбой жүрүп эми жанданып жатат. Турсунбеков - ири ишкер. Акыркы убакта Турсунбеков орток позицияны кармап турат. Ошого байланыштуу го деп ойлойм.
Экс-спикер, депутат Чыныбай Турсунбеков жакында эле Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында Аспеков боюнча атайын билдирүү жасап, аны «шантаж кылып жатат» деп айыптаган.
Мелис Аспеков 2017-жылы «массалык башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн» деген негизде камакка алынып, кийин кайра чыккан. Ал андан мурдараак «таксистти тапанча менен коркуткан» деген айып менен төрт жылга кесилген. Аспеков бул айыптоолордун баарын төгүндөп келет.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.