Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Экономика

«Жалал-Абад темир бетон» заводунун жумушчуларынын акциясы. 17-октябрь, 2019-жыл.
«Жалал-Абад темир бетон» заводунун жумушчуларынын акциясы. 17-октябрь, 2019-жыл.

«Жалал-Абад темир бетон» заводунун 100дөй кызматкери нааразылык билдирип жөө жүрүшкө чыкты.

Алар ишканада өчүрүлгөн электр жарыгын кайра берүүнү, ишкерлерге бут тосууну токтотууну талап кылышты. Ишканага ээлик кылган Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу «Элдик» ишканасы ижара мөөнөтү бүтсө да жеке ишкер заводду бербей жатканын, аргасыздан электр жарыгын өчүрүүгө туура келгенин билдирүүдө.

Нааразылык иретинде жөө жүрүшкө чыккандар «Ишкерлерге бут тосуу токтотулсун!», «Ишканага электр жарыгы берилсин!» жана ««Элдик» ишканасынын жетекчиси Алексей Апиев жумуштан кетсин!» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп, талаптарын коюшту.

Заводдун директору Бакыт Борошевдин айтымында, мамлекеттик органдар заводдун иштешине жолтоо болуп жатышат.

Бакыт Борошев.
Бакыт Борошев.

- 2017-жылы келишимдик негизде ушул заводду ижарага алганбыз, - деди ал. - Талкаланган, ичинде эч нерсеси калбаптыр. Миллиондогон акчага тетиктерди сатып алдык. Мурун 46 жумушчу гана болсо, азыр 103кө көбөйдү. Шаардагы жеке менчик компаниялардын ичинде мамлекетке жакшы салык төлөгөн алдыңкы мекеме болдук. Айына мамлекетке миллион сомго жакын төлөмдөрдү берип жатабыз. «Элдик» ишканасы «келишим бүттү» деп бизди чыгарган жатат. 10 күн мурда электр энергиябызды өчүртүп коюп, жумушсуз калдык. «Бизге иштөөгө убакыт бергиле, андан соң бошотуп беребиз» деп билдирдик.

Жумушчулар алгач эртең менен заводдун имаратына чогулуп, алар менен Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков жолугушкан. Адылбеков алардын талаптарын угуп, бардык маселе тынчтык жолу менен сүйлөшүү аркылуу чечилерин билдирген:

Майрамбек Адылбеков.
Майрамбек Адылбеков.

- Заводдун жамааты «жөө жүрүшкө чыгабыз» деп бизге бир күн мурун кайрылуу берген экен. Мыйзам боюнча 15 күн мурда билдирүү бериши керек. Биз тынчтык митинги жана жөө жүрүш мыйзамсыз экендигин айтып, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бул жерде маселе эки ишкананын ортосунда эле болуп жатат. Ушул деңгээлге жеткирбей, чечишип алышса болмок. Учурда биз аларды бетме-бет жолуктуруп, сүйлөшүүгө шарт түзүп бердик. Маселенин чечилишин карап жатабыз.

Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу «Элдик» мамлекеттик ишканасы өз карамагындагы жогорудагы заводду ижарачылардан кайтара албай жатат. Мамлекеттик ишкананын жетекчиси Алексей Апиев ижарачылар менен соттошуп келатканын айтты:

Алардын эч кандай келишими жок иштеп жатканы мыйзамсыз.


- «Жалал-Абад темир бетон» заводунун жетекчилиги менен келишим 1 жыл 3 ай мурда бүткөнүнө карабай алар заводду өткөрүп бербей жатышат. Алардын ижарага болгон карызы учурда 18 млн. сомдон ашты. Заводду бошотуу боюнча биз жазган өтүнүчтү Жогорку сот быйыл июнь айында канааттандырып берди. Облустук прокуратура ишкерлердин үстүнөн район аралык сотко кайрылып, 16 млн. сомдук ижара акыны өндүрүү боюнча чечим чыкты. Сентябрь айында сот аткаруучулар барып, мүлктү камакка коюп, электр энергиясын өчүрүшкөн. Ага карабай анын жетекчилиги өзүм билемдик менен мөөр басылган эшиктерди ачып, электр энергиясын жандырып иштей баштаган. Биз «Жалал-Абад электрого» кайрылып, кайрадан жарыгын өчүрткөнгө аргасыз болдук. Алардын эч кандай келишими жок иштеп жатканы мыйзамсыз.

«Жалал-Абад темир бетон» заводунда иштеген 100дөй жумушчу 10 күндөн бери ишсиз отурат. Ишкана ай сайын мамлекетке миллион сомго жакын каражат төлөйт. Мында курулушка керектелүүчү темир-бетон өндүрүмү чыгарылат. Алексей Апиев жагдайга укук коргоо органдары баа бериши керек экенин билдирди:

- Эми алар «15 күн убакыт бергиле, кетирген чыгымдарыбызды жаап алалы» деп талап коюп жатышат. Мен кандай гана шарт болбосун мыйзамдуу жол менен чечкенге даярмын. Буга прокуратура кызматкерлери укуктук баа бериши керек. Мен макул болуп, эртең башка маселе чыгышын каалабайм. Ар тараптан мага оозеки түрдө «макулдук бер» деген талаптар айтылып жатат. Мага жазуу түрүндө бирөө уруксат берсе ошол кадамга барышым мүмкүн, болбосо мен мыйзамдуулуктун сакталышын акырына чейин талап кыламын.

«Жалал-Абад темир бетон» заводу.
«Жалал-Абад темир бетон» заводу.

Чогулгандар саат 12ге чейин электр энергиясын берүүнү талап кылышкан. Бирок ал аткарылбаган соң жумушчулар заводдун алдынан облустук администрацияга чейин жөө жүрүшкө чыгышкан. Аларды шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери токтотуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң акциясын убактылуу токтотушту.

- Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, маселенин чечилишин бир аз күтө туралы. Болбосо кайрадан нааразылык акциябызды улантабыз, - деди ишкананын директору Бакыт Борошев.

Белгилей кетсек, ушул заводдун мурдагы кожоюну Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Андан соң 2011-жылы бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка коюлуп, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. Андан соң Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында «Элдик» ишканасы уюштурулуп, мүлктү башкаруу ошол ишканага берилген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Кыргыз-казак чегиндеги кезек күткөн автоунаалар. 2019-жылдын апрель айы.
Кыргыз-казак чегиндеги кезек күткөн автоунаалар. 2019-жылдын апрель айы.

Казакстандын Мажилиси кыргыз-казак чегиндеги автоунаалардын тыгынын азайтууга көмөктөшөрү айтылган протоколду жактырды. Кыргыз тараптын демилгеси менен макулдашылган бул документке ылайык, «Токмок» жана «Кең-Булуң» бекеттеринин макамы «эки тараптуудан» «көп жактуу» болуп өзгөрөт.

Кыргызстандын Чүй облусу менен Казакстандын Жамбыл облусунун ортосундагы эки автожол өткөрмө бекетинин макамын өзгөртүүнү караган протоколду казак парламентинин төмөнкү палатасы 16-октябрда жактырды.

Ага ылайык, «Токмок» - «Сарытобе», «Кең-Булуң» - «Аухатты» өткөрмө пункттары мурдагыдай «эки тараптуу» эмес, «көп жактуу эл аралык бекет» деген макамга ээ болот. Башкача айтканда бул бекеттер Кыргызстан менен Казакстандын гана эмес, үчүнчү мамлекеттердин жарандарынын товарларын жана машинелерин да өткөрө баштайт.

Мажилисте баяндама жасаган Казакстандын индустрия жана инфратүзүмдүк өнүгүү министри Бейбут Атамкуловдун айтымында, мындай өзгөрүү кыргыз-казак чегиндеги «Ак-Тилек»- «Карасу» жана «Акжол» - «Кордай» бекеттериндеги автоунаалардын агымын азайтууга көмөктөшөт.

- Бул чара Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык карым-катнашты мындан ары жакшыртат жана Борбор Азия мамлекеттеринин товар жүгүртүүсүнө оң таасир тийгизет. Аталган протоколду ратификациялоо бюджет каражатын талап кылбайт, -деди министр.

Күттүргөн документ

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин жана Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, Бишкек. 12-май, 2019-жыл.
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин жана Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, Бишкек. 12-май, 2019-жыл.

Кыргыз-казак өкмөттөрүнүн чек арадагы өткөрмө пункттар тууралуу 2003-жылкы келишимине өзгөртүү киргизүүнү караган бул протоколго 2018-жылы август айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Астанага барганда кол коюлган. Бул демилге кыргыз тарапка таандык.

Кыргыз өкмөтү эки бекеттин макамы көтөрүлсө, чет өлкөлүк туристтерге сезон маалында Ысык-Көлгө тоскоолдуксуз барууга жол ачыларын, башка өткөрмө пункттардагы тыгын азаярын белгилеген.

Өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбековдун айтымында, кыргыз тарап тиешелүү протоколду жазында ратификация кылып, казак тараптын чечимин күтүп жаткан.

- Быйыл 12-июлда Казакстандын премьер-министри Бишкекке келгенде да биздин премьерибиз «күтүп жатабыз» деп айткан. Себеби биз «Акжол» бекетин туристтик сезон бүткөндөн кийин биргелешип реконструкция кылалы деген маселе көтөргөнбүз. Оңдоп-түзөө иштери учурунда үчүнчү тараптын жарандары кыйналып калбашы үчүн эки бекетти көп тараптуу кылууну тездетели дегенбиз, - деди Айдарбеков.

Азырынча эки бекет жаңы макамда качан ишке киришери так маалым боло элек. Казак Мажилиси тиешелүү протоколду парламенттин жогорку палатасына - Сенатка жөнөттү.

Аткезчиликке каршы жаңы чара

2017-жылы эки өлкөнүн чегинде автоунаалар менен карайым элдин узун кезеги тизилген эле. «Акжол» өткөрмө бекети, 13-октябрь, 2017-жыл.
2017-жылы эки өлкөнүн чегинде автоунаалар менен карайым элдин узун кезеги тизилген эле. «Акжол» өткөрмө бекети, 13-октябрь, 2017-жыл.

Нур-Султан менен Бишкектин 2017-жылкы өз ара таарынычы тараса да, кыргыз-казак чек арасында маал-маалы менен ири жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги туруп калып жатат. Адатта казак тарап чек арада текшерүүнүн күчөгөнүн аткезчиликти токтотуу, бажы талаптарынын аткарылышын камсыздоо максаты менен түшүндүрүп жүрөт.

Шаршемби күнү Мажилистин депутаттары өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы аткезчиликти кантип токтотууну көздөп жатканына кызыгышты. Казакстандын финансы министринин орун басары Канат Баедилов чек арадагы бардык казак өткөрмө бекеттеринде экспорт-импортту көзөмөлдөгөн бөлүмдөр ишке киргенин, алар документи жок же кагаздары туура эмес толтурулган жүгү бар автоунааларды артка кайтарып жатканын айтты.

Вице-министрдин айтымында, ушундай жүйө менен жыл башынан берки сегиз айдын ичинде казак тарап Кыргызстандан келе жаткан 1055 автоунааны артка жөнөткөн.

Документтерде товар Орусияга багытталганы көрсөтүлгөнү менен кээде алар Чымкентке же Алматыга бурулуп кетип жаткан учурлар бар.


- Кыргызстан аркылуу Кытай товарлары Орусияга кетип жатканын билесиздер. Документтерде товар Орусияга багытталганы көрсөтүлгөнү менен кээде алар Чымкентке же Алматыга бурулуп кетип жаткан учурлар бар. Анын алдын алыш үчүн жакын арада Кыргызстандан келген бардык автоунааларга навигациялык пломба орнотолу деп турабыз. Азыр сыноо жүрүп жатат. Кудай буюрса, бир айдын ичинде сиздерге тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылабыз, - деди финансы министринин орун басары Канат Баедилов.

Казакстандын расмий маалыматы боюнча, эки өлкө ортосунда жалпысынан 11 автоунаа өткөрүү пункту бар. Алардын бешөө көп тараптуу, алтоо эки тараптуу бекеттер.

Эки жактуу бекеттердин төртөө 2010-жылы жабылган боюнча ачыла элек. Казак тарап бул пункттардын жабылышына чек арадан өткөн элдин жана унаалардын аздыгын жүйө келтирген.

Учурда иштеп жаткан өткөрмө бекеттерден жылына 11 миллиондой адам же 465 миңге чукул автоунаа өтөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG