Бишкекте «Франчайзинг жана соода-сатык ЭКСПО» деген аталышта эл аралык көргөзмө өтүп жатат. Аны АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Жаш ишкерлер ассоциациясы уюштурду. Иш-чарада АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн келген дүйнөлүк компаниялар кыргызстандык ишкерлерге өз өндүрүмдөрүн сунушташты.
Экономика
бейшемби 10 Октябрь 2019
Кышта үшүбөй чыгуу үчүн Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн. тонна көмүр жагат. Анын көбү Кара-Кече кенинен казылат. Азыр анын жарымына жетпегени гана даяр болду. Калганын өкмөт жазга чейин казып бүтүрүүнү мерчемдеп жатат. Бишкектеги кампалар кара отундун жетишсиздигин, Кара-Кечеден көмүр олку-солку ташылып жатканын айтышууда.