Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Экономика

Sorry! No content for 16 Октябрь. See content from before

дүйшөмбү 14 Октябрь 2019

Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Сауд Арабиясында өтчү сапарынын алкагында мунай боюнча кызматташууга жетишүүнү максат кылууда.

Маалымат каражаттары бул анын Саудияга соңку 12 жылдан берки алгачкы барышы болгону жатканын белгилешти. Путиндин иш сапары Перс булуңундагы кырдаал чыңалып турган учурга туш келүүдө.

Тараптар талкуулап сүйлөшүүчү негизги маселе мунай болмокчу. Москва Батыштын катаал экономикалык санкцияларынан улам ички дүң өнүмүн 3% көтөрүү дымагын ишке ашыра албай калды.

Сауд Арабиясы - дүйнөлүк мунай картели болгон ОПЕКтеги (Мунай өндүрүүчү мамлекеттердин уюму) ири мунай өндүрүүчү, Орусия болсо дүйнөдөгү ири мунай экспортёру. 2016-жылы кара майдын баасы дүйнөлүк рынокто кескин арзандап кеткенде орус экономикасына терс таасир тийгизген.

Сауд Арабиясына сапарга чыгар алдында президент Путин «Al Arabiya», «Sky News Arabia» жана «RT Arabic» маалымат агенттиктерине маек куруп, Саудиянын падышасы жана канзаадасы менен жакшы мамиледе экенин билдирген:

- Эгер кимдир-бирөө мунай заводдоруна чабуул коюп, танкерлерди кармап алганы Орусиянын Сауд Арабиясы жана ОПЕК менен кызматташтык мамилесине терс таасирин тийгизет деп ойлосо, анда терең жаңылышат. Тескерисинче, бул бизди бириктирет, анткени максатыбыз - энергетика базарындагы туруктуулукту сактоо.

Президент Путин саудиялык мунай ишканаларына коюлган чабуул «келишкис нерсе» деп белгиледи:

- Мындай чабуулдар эч кимге пайда алып келбейт. Муну менен мунай базарына таасир этебиз дегендердин тилеги таш капты. Бул чабуулдун артында ким турса да, биз анын кылыгын сындайбыз.

Саудиянын падышасы Салман Орусияга 2017-жылы иш сапары менен барган. Андан бир жыл өткөндөн кийин президент Путин «Чоң жыйырманын» саммитинде канзаада Мухамед бин Салман менен жакын мамилесин көрсөткөн. Мухамед бин Салман болсо эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылып, түрк журналисти Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмүнө шектүү болуп жаткан таанымал инсан.

Ал арада президент Путиндин сапарынын алкагында эки тараптуу кызматташтык келишимдери түзүлө баштаганы кабарланды. Орусиянын Түз инвестицияларды тартуу фонду (РФПИ) жана «Орусиянын темир жолдору ишканасы» менен Саудиянын темир жол компаниясынын (SAR) ортосунда келишим түзүлгөнүн ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Ага ылайык, Москва менен Эр-Рияд темир жолду кеңейтүү, Саудиянын темир жолу үчүн тетиктерди экспорттоо багытында сүйлөшкөн. «Анын ичинде Орусиянын коопсуздук системаларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү да каралууда» деп маалымдады агенттик.

Айрым эксперттер Владимир Путин бул сапарында Тегеран менен Эр-Рияддын курчуп бараткан мамилесин жөнгө салууга да аракет кыларын белгилешүүдө. 14-сентябрда саудиялык мунай ишканаларына коюлган чабуул үчүн Вашингтон, Эр-Рияд жана Батыштын башка өлкөлөрү Иранды айыпташкан. Тегеран болсо мындай айыптарга тикелей далилдерди сурап, айтылган дооматтарды четке каккан. Ал окуя шииттер үстөмдүк кылган Иран менен суниттер башкарган Саудиянын ортосундагы тирешти ого бетер күчөткөн.

Путиндин Бириккен Араб Эмираттарына барышы 15-октябрга белгиленген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Баткендеги өсүш жана өксүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:16 0:00
Түз линк

Баткендин облус болуп түзүлгөнүнө 20 жыл толду. Аймактын ийгилик жана өксүктөрү жөнүндө талдоочу Хаитали Айкынов ой бөлүштү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG