Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Экономика

Чөлдөгү ыйык жаныбар катары бааланган төө - Бириккен Араб Эмираттарынын символу. Төөлөрдүн жарышын, фестивалдарды, төөлөрдүн сулуулук сынагын, төө базарларын, жада калса төөлөр үчүн курулган ооруканаларды да бир гана Бириккен Араб Эмираттарынан көрүүгө болот. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөрдө иштегендер менен жолугушууда.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөрдө иштегендер менен жолугушууда.

«Кумтөр» алтын кен ишканасынын жергиликтүү жумушчулары өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушууда пенсияга чыгуу мөөнөтүнө жана пенсия өлчөмүнө байланышкан маселени көтөрүштү.

Алар пенсия чектөөдө деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте, өзгөчө шартта иштеп жаткандыгы эске алынбай жатканын жүйө келтиришти. Премьер-министр алтын кен ишканасынын иши менен таанышуу үчүн Кумтөргө 2-октябрда барган.

Кумтөрдө тейлөө жумуштарын аткарып келаткандардын бири - Аида. Анын эмгек стажы 12 жыл болду. Кумтөрдө иштегендерден айырмаланып, анын эмгек акысына кошумча коэффициент кошулбайт. Ага жараша пенсияга да жалпы мыйзамдарга ылайык жана аз өлчөмдөгү пенсия менен чыгат.

- Биздин ишканада тазалык биринчи орунда турат, - дейт ал. - Биз бардыгын өз убагында жасап турушубуз керек. Уктоочу бөлмөлөрдө да бардыгы кынтыксыз болушу керек. Кезек менен келип иштейбиз. Жумуш жеңил деп айта албайм, себеби биз мынча бийиктикте иштейбиз, канча ден соолук кетет? А бирок пенсияга кадимки жарандардай эле чыгабыз. Ошондуктан мыйзамды өзгөртүшсө болот эле.

Премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев менен жолугушууда ишкананын жумушчулары дал ушул маселени жана пенсияга чыгуу мөөнөтүн 3-5 жылга азайтуу маселесин көтөрүштү.

- 17 жыл, 55 жаш эмес, биздин суроо боюнча 50 жаш, 15 жыл кылса ошол туура го деп ойлойбуз. Анткени биз ушундай шартта иштеп атабыз - ардактуу эс алууга кеткен биздин кызматкерлердин бардыгы эле пенсияга жашап калышат, - деди алардын бири.

Мухаммедкалый Абылгазиев кийинки жылдары мындай тоо-кен ишканаларынын көп ачылып жатышы менен мыйзамга өзгөртүү киргизүү учур талабы болуп калганын белгиледи:

- «Мен 15 күн ушул жакта вахта менен иштеп, жашап келатам» деп кайрылып атышат. Мен азыр Пенсия фондунун жетекчилерине кайрылган атам, «ушул мыйзамды өзгөртүп, ошол вахталык тартип менен иштегендерди башкача эсептеп, балким эртерээк пенсияга чыгарышыбыз керек» деп. Мен билем, көбүрөөк акча тапканыңар менен ден соолукка зыяны аябай көп. Силердей кайрылгандар көбөйүп атат. Бизде Солтон-Сары жана башка тоо кендери арбын. Мыйзамды өзгөртөлү деп атабыз, «иштейт» дегенине «жашап-иштейт» деген толуктоолор болушу керек.

Каракол шаардык социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Руслан Акымбаевдин айтымында, Кумтөрдө үзгүлтүксүз 20 жылдан ашык иштеп, 80 миң сомго чейин пенсия алгандар бар. Маселенин чоо-жайын ал мындайча түшүндүрдү:

- «Бийик тоолуу шартта жашаса, балдары үчтөн көп болсо, оңой менен жетпегидей райондордо жашаса» деген жери бар да. Пенсияга 25 жыл менен 60 жаштан эркектер чыгат, 55 жаштан 20 жылдык стаж менен аялдар чыгат. Ал эми бийик тоолуу райондордо жашагандардыкы эркектер 55 жаштан 25 жыл стаж менен, аялдар 50 жаштан 20 жылдык стаж менен чыгат. Кумтөрдөгүлөрдүкү вахталык тартип болгондуктан булар жашап-иштеди деп эсептелбейт. Алар жалпы негиздеги пенсияга чыгып жатканы ошондон.

Бүгүнкү күндө Кумтөр алтын кенинде 3700 адам жумуш орду менен камсыз болгон. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөр» ишканасында иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG