Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Экономика

Sorry! No content for 13 Октябрь. See content from before

ишемби 12 Октябрь 2019

Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Кыргызстандын аймагындагы алтын кендери жана алардын абалы тууралуу иликтөө.

“Азаттык” жылдын башында Кыргызстандын аймагындагы алтын кендери жана алардын абалы тууралуу иликтөө жүргүзгөн. Ошол иликтөөнү кайрадан назарыңызга сунуш кылабыз.

2415 лицензия

Кыргызстанда кен иштетүүгө жана чалгындоого баш-аягы 2415 лицензия берилген.

Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев Жогорку Кеңеште 471 лицензия алтын казууга, изилдөөгө жана чалгындоого, 102 лицензия башка металлдарга, анын ичинде уранга, көмүр боюнча 337 лицензия, ал эми курулуш материалдарына байланыштуу 1039 лицензия берилгенин билдирди.

Анын айтымында, алтын казуу жана чалгындоо боюнча лицензиянын көбү чет өлкөлүк компанияларга берилген. Учурда лицензияларды инвентаризациялоо болуп, материалдардын көбү укук коргоо органдарына берилген.

Буга чейин, 10-сентябрда вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мындан ары кенге лицензия берилгенде сөзсүз мамлекеттин үлүшү болорун маалымдаган. Анын айтымында, мындай талап көмүр кендерине да тиешелүү болот.

Ушул жылдын 30-январында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында тоо-кен тармагындагы маселелерге тийиштүү көңүл бурулбай, ал мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып калганы айтылган.

Маалыматка ылайык, акыркы жылдары кен тармагына байланыштуу 100гө жакын кылмыш иши козголгон. Ал эми жалпысынан кен тармагында 2571 лицензия берилгени айтылган.

Бирок жарым жылдан кийин өкмөт берилген лицензиялардын саны 2415 экенин кабарлады. ​

"Кен тармагы коррупцияга батып турат"
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:53 0:00

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов 30-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Геология боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган кезде эң көп лицензия берилгенин айткан.

Ал азыркы тапта Зилалиевдин тушунда лицения алган 13 компания боюнча факты териштирилип жатканын, анын тушунда берилген лицензиялар эгемен Кыргызстандын тарыхында берилген лицензиялардын үчтөн эки бөлүгүн түзөрүн кошумчалаган.

9-декабрь күнү мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча иш козголуп, 8-декабрда УКМКнын кызматкерлери кармаган.

666 тонна алтын

Геологиялык кызматтын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2500дөн ашык алтын кени бар. Адистер алардын айрымдарында баалуу металлдын көлөмү өтө аз болгондуктан, жеринде өндүрүш ачууга кызыкчылык жок экенин белгилешет.

Жер казынасынын өлчөмү боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматында, 2018-жылга карата өлкө аймагында 46 ири алтын кени бар экени аныкталган.

Алардагы жалпы алтындын өлчөмү 666 тоннага жакын деп эсептелген.

Кыргызстанда баалуу металлдарды чалгындоого жана иштетүүгө 593 лицензия берилген. Анын ичинен кенди казып иштетүүгө 104 лицензия туура келет. Калгандары чалгындоо иштерин жүргүзүүгө берилген.

Мунун ичинен 39 компания алтын өндүрөт.

Учурда өлкөдө 53 кенде казуу, 51 кенде долбоорлоо иши жүрүп жатат. Алтын кендеринин ичинен эң ирилери болуп 200 тоннадан ашык алтын кору туура келген Кумтөр, 70 тоннадан ашык алтын катылган Жерүй, Талды-Булак Сол жээк, 30-70 тоннага чейин баалуу металлдын кору жаткан Макмал, Бозумчак, Иштамберди, Үңкүр-Таш сыяктуу кендер саналат.

Бирок бул кендердин айрымдарында иш шыр жүрбөй, кен иштеткен компаниялар менен жергиликтүү тургундардын жана мамлекеттик органдардын ортосунда түшүнбөстүк орун алып келет.

Алтын кендерин казуудагы чырдын башы дүйнөдөгү ири кендердин катарына кирген Кумтөрдөн башталган. Азыркы күнгө чейин бул долбоордун айланасындагы талашка чекит коюла элек.

Кыргызстандын 666 тонна алтыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

Кумтөр

Кыргыз өкмөтү менен Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишим күчүнө киргени 2019-жылдын 27-август күнү маалым болгон.​

Анын шартына ылайык, канадалык компания Кыргызстанга төлөп бере турган сумманын көлөмүн мурдагы келишимде көрсөтүлгөндөн 150 миллион долларга көбөйткөнүн өкмөт маалымдаган.

Бул келишимдер жаңыдан түзүлгөн жаратылышты өнүктүрүү жана социалдык өнөктөштүк фонддору аркылуу келет. Ал эми өз кезегинде кыргыз тарап «Центерра Голдго» карата соттук доосун токтоткон.

Кумтөр келишиминин күңгөй-тескейи
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:21 0:00

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кумтөр боюнча Эл аралык арбитражда кыргыз тараптын утулуу коркунучунан улам өкмөт «Центерра» менен стратегиялык макулдашууга барууга аргасыз болгонун моюнга алган.

Жаңы келишимге ылайык Кумтөр кенинин аянты 16 миң гектарга кеңейтилери белгилүү болгон. Бир катар активисттер бул жер Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругунун аймагына кирет деп чочулап, өз далилдерин айтып келет. Бирок өкмөт мындай маалыматты четке кагууда.

Жер казынасынын өлчөмү боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, Кумтөр өткөн кылымдын 70-жылдарынан баштап чалгындалып, өндүрүш 1996-жылы башталган.

Комиссиянын маалыматына караганда, Кумтөрдө 396 тонна алтын бар деп эсептелген. 2013-жылга чейин 304 тонна алтын иштелген.

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын расмий сайтындагы маалыматтарга караганда андан бери жыл сайын орто эсеп менен 17 тоннадан алтын казылып алынган.

Натыйжада азыркы күнгө чейин болжол менен 390 тоннадан ашык алтын өндүрүлгөн. Мындан сырткары, кендин аймагындагы Сары-Төр участогунда 90 тоннадан ашык алтын бар экени эсептелген.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Кумтөрдө 1997-жылдан 2018-жылга чейин кенден 374,3 тонна алтын өндүрүлгөнүн, 2019-жылы 12 тонна алтын казылып алынганын билдирген.

- Бүгүнкү күндө борбордук карьерде 77 тонна 595 кг., Сары-Төрдө 16 тонна 614 кг., түштүк-батыш карьеринде 10 тонна 136 кг. алтындын запасы бар. Жалпысынан 104 тонна 345 кг. алтын бар. Андан тышкары дагы 23 тоннадай алтын бар деген божомол бар. Советтер Союзунда чалгындалгандан кийинки маалыматтар боюнча кенде 716 тонна алтын болгон, - деген Осмонбетов.

Кумтөрдү иштетүү келишимине канадалык "Камеко" компаниясы менен кыргыз өкмөтү 1992-жылы кол койгондон бери кендин айланасында нааразылык токтой элек.

Алгач "Кумтөр Оперейтинг компани" ишканасы түзүлүп, 1996-жылы алтын өндүрүлө баштаган. Ал учурда бул долбоордогу Кыргызстандын үлүшү 67 пайызды, ал эми "Камеконун" үлүшү 33 пайызды түзгөн.

Бирок 2004-жылы долбоорду кайра түзүү же реструктуризациялоо боюнча келишимге кол коюлган. Ага ылайык, "Кумтөрдөгү" Кыргызстандын жана "Камеконун" бардык акциялары жаңы түзүлгөн "Центерра Голд" компаниясынын ээлигине өткөн. Анда Кыргызстан "Центерра Голддун" 33 пайыздык акциясына гана ээ болгон.

Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

​​2009-жылы Кумтөр боюнча кайрадан жаңы келишим түзүлүп, Кыргызстандын акциялары өзгөрүүсүз калган. Бирок канадалык компания укуктук маселелер боюнча артыкчылык алган. Дал ошол учурдан тартып "Кумтөр боюнча 2009-жылы бекитилген келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбай калган" деген нааразы пикирлер айтылып жүрөт.

Мындай жүйө менен 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин алгач парламенттик, кийин мамлекеттик комиссия түзүлүп иш алып барган. Бул комиссиялар "учурдагы келишимдер өлкөнүн кызыкчылыгына толук жооп бербейт" деген тыянакка келип, келишимди кайрадан карап чыгуу жөнүндө сунуш киргизген. Ошондой эле кендеги экологиялык маселелер курчуп баратканы айтылган.

Андан бери өкмөт "Центерра Голд" компаниясы менен бир нече жолу сүйлөшүү жүргүзүп, абалды жөнгө салуунун бир нече ыкмасы айтылган. Алардын арасында үлүшү 50/50 пайыздык биргелешкен ишкана түзүү, "Центерра Голддун" директор кеңешиндеги мүчөлөрдү алмаштыруу менен Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо демилгеси көтөрүлгөн. Бирок бул сунуштар ишке ашпай, учурда 2009-жылдагы келишим иштеп жатат.

Былтыр "Центерра Голд" компаниясындагы Кыргызстандын үлүшү азайган. Буга канадалык компаниянын Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алганы себеп болгон. Жаңы операциядан кийин Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 32 пайыздан 26,6 пайызга чейин азайды.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун Кумтөр кенине барган учуру. 9-сентябрь, 2017-жыл.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун Кумтөр кенине барган учуру. 9-сентябрь, 2017-жыл.

​Ошондон кийин мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жетектеген кыргыз өкмөтү "Центерра Голд" компаниясы менен экологиялык жаңы макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, канадалык компания айлана-чөйрөнү коргоо жаатында төлөмдөрдү көбөйтүүгө макул болгон. Кыргыз тарап жооп катары буга чейин "Центеррага" койгон экологиялык дооматтарынан баш тарткан.

Кумтөр кени боюнча талкууга түшкөн дагы бир маселе - кенди иштетүүдөгү экологиялык талаптардын аткарылбай калганы.

Кумтөр Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан. Бул аймакта жалпы аянты 436 чарчы чакырымды түзгөн 165 мөңгү бар экени учурунда СССРдин атласына катталган.

Анын ичинен канадалык “Центерра Голд” компаниясына караштуу "Кумтөр Голд компани" кен казууга уруксат алган тилкелер Петров (68,5 чарчы чакырым), Давыдов (11,6 чарчы чакырым), Борду (5,9 чарчы чакырым), Лысый (5,5 чарчы чакырым) жана Сары-Төр (3,3 чарчы чакырым) мөңгүлөрүнүн аймагында жайгашкан.

Кумтөрдүн жарыгы качан тиет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:05 0:00
Түз линк


Бул беш мөңгү Ак-Шыйрак массивинин аянтынын 23,3% пайызын түзөт. Былтыр парламент Суу кодексине киргизген өзгөртүүлөргө ылайык, "Кумтөр Голд компани" Лысый менен Давыдов мөңгүлөрүн казууга уруксат алды.

Бирок быйыл жайында жүргүзүлгөн экологиялык экспертиза кенге жакын жайгашкан Борду жана Сары-Төр мөңгүлөрүнүн жанына кенден казылган тоо тектери төгүлүп жатканын көрсөттү. Бул мөңгүлөрдүн тагдыры кандай болору азырынча белгисиз.

“Кумтөр” долбоору - өлкөдөгү эң ири ишкана. Ал Кыргызстандын ички дүң өңүмүнүн 10 пайызга жакынын жана өнөр жайынын 20 пайыздан ашык бөлүгүн түзөт.

Компаниянын маалыматы боюнча, долбоор иштей баштагандан бери 2017-жылга чейин Кыргызстан Кумтөрдөн 3 миллиард 472 миң долларга жакын пайда тапкан.

Ал эми "Центерра Голддун" жалпысынан тогуз активи же учурда иштетип жаткан тогуз кени бар. Алардын ичинен эң ириси - Кумтөр. Маселен, былтыр компания 1,2 миллиард доллар киреше тапкан. Анын ичинен 928 миллион долларга алтын сатып ээ болсо, 685 миллиону "Кумтөрдүн" алтынын эсебинен келген.

"Центерра Голддун" акциялары Торонтодогу эл аралык биржада сатылат. 27-октябрга карата рыноктук баасы 1 миллиард 436 миллион долларды түздү.

"Азаттыктын" архиви: Эгемендик - 25: Кумтөр-Кыргызстан - 67:33 (7-чыгарылыш)

Эгемендик - 25: Кумтөр-Кыргызстан - 67:33 (7-чыгарылыш)
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:06 0:00

Жерүй

Таласта жайгашкан Жерүй кени 1969-жылы ачылган. Чалгындоо ишинен кийин кенде 80 тоннадан ашык алтын бар экени аныкталган. Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери өкмөт бул кенди ачууга бир нече жолу аракет кылган. Бирок ушу күнгө чейин долбоор ишке аша элек.

1992-жылдан бери Жерүйдү иштетүүнү каалаган ондон ашык инвестор алмашкан.

Чет элдик компаниялардын кыргыз өкмөтү менен түзгөн келишимдери ар кандай себептер менен жүзөгө ашпай калууда. Биринде инвестор банкрот болуп сызга отурса, биринде Кыргызстан миллиондогон доллар доого жыгылган.

Ал ортодо кенди иштетүүгө келген инвесторлорго кол салуунун айынан эл аралык сот өкмөттү миллиондогон кенемте төлөөгө милдеттендирген учурлар да болгон.

Жерүй кени. Талас.
Жерүй кени. Талас.

​Акыркы жолу кыргыз өкмөтү 2015-жылы Жерүйгө жаңы аукцион жарыялап, соңунда орусиялык “Востокгеолдобыча” компаниясы жеңген.

Бул компания “Орус платинасы” ишканасынын түзүмүнө кирет. Башкача айтканда, алтын кенди иштетүү укугу орус олигархы Муса Бажаевдин ишканасына берилген. Андагы келишимге ылайык, бул ишкана кыргыз өкмөтүнө 100 млн. доллар төлөп берген.

Келишим боюнча Жерүйдө Кыргызстандын бир пайыз да үлүшү жок.

“Востокгеолдобычанын” алдында “Альянс Алтын” ишканасы түзүлүп, учурда Жерүйдү иштетүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтып келет. Бирок өкмөт менен түзүлгөн келишимге ылайык, кенди иштетүү мөөнөтү кечеңдегени үчүн “Альянс Алтын” ишканасын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетке караштуу атайын комиссия быйыл жыл башында айыпка жыккан.

Кечеңдеген ар бир ай үчүн эсептелип жатып, ушул күнгө чейин ал сумма 600 миң долларга жетти.

Бул сумманы компания комитетке төгүп берип, бирок “айыппул мыйзамсыз салынган” деген негиз менен сотко кайрылды.

"Альянс Алтын" компаниясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулов мунун себебин мындайча түшүндүрдү:

- Келишимге ылайык, биз курулуш иштерин 2019-жылдын 28-февралына чейин толугу менен бүткөрүп, алтын казууну башташыбыз керек. Эгер март айында биз фабриканы ишке киргизе албасак, анда айына 100 миң доллардан айып төлөмөкпүз. Бул мыйзамдуу болмок. Бирок Жер казынасын иштетүү комитети шашылыш эле “кокуй, фабрика менен калдык сактоочу жайдын курулушун баштабай жатасыңар” деп айып салды. Биз “бул алтын өндүрүүчү комплекстүү комбинат, анын ичине фабрикасы, калдык сактоочу жайы, жолу, жарыгы, жатаканасы, айтор баары кирет” деп айтып жатабыз. Азыр калгандары курулуп бүтүп калган, азыр да куруу иштери жүрүп жатат. Ошондуктан биз комитеттин чечимине макул болбой, сотко кайрылганбыз, - деди Жаныкулов.

Ал эми Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жүйөсү башкача. Мекеме айып төлөө эрежеси макулдашууда эмес, тендердин жобосунда жазылганын билдирүүдө.

Комитеттин юридикалык башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Муканов мындай деди:

- Бул компания кенди казууга лицензияны сынак аркылуу алган. Сынактын жобосунда “эгер жеңүүчү үч айдын ичинде алтын иргөөчү фабриканы жана калдык сактоочу жайды курбаса айына 100 миң доллардан айыппул салынат” деп жазылган. Бул компания өз милдетин өз убактысында аткарган эмес, ошону үчүн жаза чегерилген. Бул жерде мыйзам биз тарапта. Компания “курулуш иштерин баштадык” деп эсептеп, башка объектилерди курганын мисалга тартууда. Бирок келишимди жакшылап карашса “алтын иргөөчү фабриканы куруу башталганда гана курулуш иштери башталды деп саналат” деген пункт бар. Алар ошону эске албай жатышат.

"Азаттыктын" архиви: Колдон колго өткөн Жерүй. Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү.

Колдон колго өткөн Жерүй
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:46 0:00

Ошентип, тараптар кен иштетиле электе эле соттошуп жатышат. Буга байланыштуу өлкөдөгү алтындын өлчөмү боюнча экинчи орунда турган кендин качан ачылары али белгисиз. Ошол эле кезде Жерүй кени жайгашкан Талас облусунун аймагында “кен иштетилсе, жаратылышка зыяны тиет” деген жергиликтүү тургундар да көп.

Иштамберди

Кыргызстанда “экономикага салым кошуп, аймактагы тургундарды иш менен камсыз кылат” деп үмүт артылган кендердин бири - Иштамберди.

Геология кызматынын маалыматы боюнча, Ала-Бука районунда жайгашкан кенде 19 тонна алтын бары аныкталган. Бирок жергиликтүү тургундар бул маалыматка ишенбей, кенде 80 тоннага жакын алтын бар деп эсептешет.

"Кен байлыктарын инвестицияларга алмашуу" деген программанын алкагында Иштамберди алтын кени 2008-жылы кытайлык "Full Gold Mining" компаниясына берилген. Келишимге ылайык, аталган компания жалпысынан 112 миллион доллар инвестиция салуу милдетин алган.

Иштамберди кени.
Иштамберди кени.

​Анын кенди иштетүү боюнча лицензиясы 2011- 2017-жылдары кайрадан узартылган. Бул үчүн кытайлык компания 2009-жылы Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолунун 50 чакырымын өз эсебинен асфальттап берген. Бул жолдун долбоору 25 млн. 300 миң долларга бааланганы жарыяланган.

"Full Gold Mining" компаниясы кенди 2010-жылдан бери иштетүүгө аракет кылып, 2016-жылы гана Иштамбердиде алгачкы алтын аралашкан куймалар өндүрүлө баштаган.

Бирок жергиликтүү тургундар менен кенди иштеткен компаниянын ортосундагы түшүнбөстүк, чырдан улам иш шыр жүрбөй келет. Акыркы жолу быйыл жайында жергиликтүү айрым тургундар кенди кытайлык компаниянын иштеткенине каршы чыгып, өндүрүш бир айга жакын үзгүлтүккө учураган. Нааразылык акциясына чыккандар инвестициялык макулдашуунун шарттарын кайра кароону, кенди иштетүүдөгү экологиялык жана техникалык ченемдердин сакталышын тартипке салууну талап кылып жатышат.

"Азаттыктын" архиви: Алтын кенинде уюган кылмыштар. Иликтөөдө Чаткал районундагы алтын кендери жана андагы кыңыр иштер тууралуу сөз болот. 6-сентябрь, 2018-жыл.

Чаткал: Алтын кенинде уюган кылмыштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:44 0:00

Бозумчак

Иштамберди сыяктуу эле өндүрүш башталганына карабай маал-маалы менен иши үзгүлтүккө учурап жаткан кендердин бири Бозумчак.

Расмий маалыматтар боюнча, Ала-Букадагы бул кенде алтынга караганда жез көп. Мамлекеттик жер казынасы боюнча комиссиянын базасына ылайык, Бозумчакта 23 тоннага жакын алтын жана 145,8 миң тоннадан ашык жез бар.

Кенди иштетүү укугу 2007-жылы казакстандык "Казахмыс" компаниясына берилген. Компания 2015-жылдын тартып "KAZ Minerals Bozymchak" деген жергиликтүү компания түзүп, кенди иштетип келет.

Учурда тоо-кен байлыктарын кайра иштетүүчү комбинатта миңдей адам эмгектенет. Иштегенден бери компания Кыргызстанга 3 млрд. сомдун тегерегинде салык төккөн.

Бирок быйыл кендин айланасында жаңжал чыгып, өндүрүштү убактылуу токтотууга туура келди. Бул жолу мындай кырдаалга жергиликтүү тургундар менен эмес, компаниянын бийлик органдары менен тил табыша албаганы себеп болду.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) компания "Бозумчак кенинде казылган кен кошулмасында жез концентраты көп" деп жезге эсептелген салыкты төлөгөнү менен кошулмадагы алтын концентратына салык төлөбөй келгенин жарыялаган.

Төлөнбөгөн салыкты мамлекеттик мекеме 55 миллион сомго баалаган. Ушундан улам "КАЗ Минералс" компаниясынын директору Ильяс Тулекеев камакка алынып, эки күн өтпөй үй камагына чыгарылган.

Бул кендеги өндүрүшкө терс таасирин тийгизип, учурда "КАЗ Минералс" менен Экономикалык кылмышка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат соттошуп жатат.

Чаарат

Жалал-Абаддын Чаткал районунда жайгашкан Чаарат өлкөдөгү ири кендердин бири. Андагы чалгындалган алтындын өлчөмү 2013-жылы 76,7 тонна деп эсептелген.

Бул кенди чалгындоого жана казууга британиялык “Chaarat Gold” компаниясы лицензия алган. Кендеги Түлкүбаш жана Кызыл-Таш деген эки участокто бир нече жылдан бери чалгындоо жана казуу иштери жүрүп келет. Компания өкүлдөрү кенге жакын жерде алтын өндүрүүчү компания куруу боюнча планын байма-бай жарыялап жүрүшөт. 2018-жылы завод курулуп, өндүрүш баштала турганы айтылган. Бирок азырынча ал ишке аша элек.

Лондондо катталган “Чаарат Голд” компаниясы ("Chaarat Gold Holdings Limited") Кумтөр алтын кенин сатып алуу ниетин да билдирип чыккан.

Куру-Тегерек

Чааратка аталышы үндөш, Чаткалдагы Куру-Тегерек кенин иштеткен “Кичи Чаарат” ишканасынын айланасында да чырдын аягы тыйыла элек. Бул кенде расмий эсеп боюнча 39 тоннадан ашык алтын, 354 миң тоннадан ашык жез бар экени аныкталган.

Кенди иштетүү боюнча лицензия кытайлык "Кичи-Чаарат" ишканасына 2003-жылы эле берилген жана кендеги алтын өндүрүшү 2017-жылга белгиленгени маалымдалган. Бирок кендеги алтын өндүрүшү азырынча баштала элек.

Башкы прокуратура Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен Куру-Тегерек алтын, күмүш жана жез кенин чалгындап жүргөн, эми кен казууга киришкени жаткан кытайлык "Кичи-Чаарат" компаниясынын жетекчилигине кылмыш ишин козгоду. Бул компанияга козголгон алгачкы кылмыш иши эмес. 2013-жылы да ири өлчөмдөгү салык жашырган деп иш козголгон.

Шамбесай

Акыркы учурда жергиликтүү тургундардын каршылыгына кабылган кендердин бири - Кадамжайдагы Шамбесай кени. Бул кендеги алтындын көлөмү боюнча эки ача маалымат айтылып келет. Геологиялык кызматтын сайтында алтындын өлчөмү беш тоннага жакын экендиги көрсөтүлгөн. Бирок жергиликтүү тургундар мурдагы документтерге таянып, анда сегиз тоннадан ашык алтын бар экенин айтышат.

Шамбесай кениндеги нааразылык акциясы. 2-февраль, 2018-жыл.
Шамбесай кениндеги нааразылык акциясы. 2-февраль, 2018-жыл.

Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан.

Шамбесай алтын кенин иштетүүгө уруксат кытайлык “Тианди” компаниясына тийген. Компания кенди иштетиш үчүн 3 миллиард сомдон ашык каражат салууга даяр экенин билдирип келет. Андан салык катары 300 миллион сомго жакын акча мамлекетке түшүшү мүмкүн.

Бирок Кадамжайдагы жергиликтүү тургундар кен ишке кирсе, аймактагы Исфайрам суусу булганарын жана башка экологиялык маселелер чыгарын айтып, аны иштетүүгө каршы чыгып жатышат.

Акыркы жолу Шамбесайдагы кенди иштетүүгө каршы жыйында жергиликтүү тургундар менен милициянын ортосунда түшүнбөстүк орун алганы айтылды.

Кендердеги келишпестик

Кыргызстанда 39 кенде жеке менчик жана мамлекеттик компаниялар иш алып барат. Акыркы жылдары тоо-кен компаниялары 7 миллиард сомдон ашык салык төлөгөн. 2014-2016-жылдагы эсеп боюнча бул тармакта жалпысынан 17 миң адам иштеген.

Бул кендер боюнча маал-маалы менен нааразылык акциялары өткөнү менен алтын өндүрүлүп жатат. Бирок бир нече кенде “экологиялык талаптар аткарылбай жатат” деп жергиликтүү тургундар менен түшүнбөстүк орун алып келет.

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы алтын кенинен чыккан таш.
Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы алтын кенинен чыккан таш.

​Адистер мындай кырдаал кен байлыктарын иштетүү жаатындагы мыйзамдагы алешемдиктер менен катар жергиликтүү жана борбордук бийликтин кайдыгер мамилесинин айынан жаралганын белгилешет.

Техника илимдеринин доктору, тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Камчыбековдун айтымында, кырдаалды оңдош үчүн комплекстүү чараларга баруу зарыл:

- Көпчүлүк учурда жергиликтүү тургундардын нааразылыгы иштетилген алтындын үлүшү боюнча чыгып жатат. Көпчүлүк алтын кендеринде мамлекеттин үлүшү каралбай калган. Маселен, “аталган аймактагы жолдордон өтсө, жайыттар бузулса, алтынды казып алып, пайда таап кетип калабы” деп нааразы болуп келишет. Ошондуктан биринчи кезекте мыйзамды кайрадан карап чыгуу керек деп ойлойм. Анын алкагында, социалдык пакет да кеңейтилип, үч тараптуу келишим түзүлүшү керек. Ага инвестор, жергиликтүү бийлик, тургундар жана лицензия берип жаткан мамлекеттик мекеме катышууга тийиш. Дал ушундай негизде жоопкерчилик тең бөлүштүрүлсө, кырдаалды оңдоого мүмкүн болот эле.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебеков Бокоев мамлекеттик органдардын чабал иши бул тармактагы абалга таасир этип жатканын белгиледи:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Негизги маселе ишенимде болуп жатат. Себеби, элдин чыдамы түгөнүп, ишенбей калган. Мында түшүндүрүү иштеринин чабал болгону да себепкер. Буга кошумча айрым акимдер, губернаторлор инвесторлор келсе эл менен акылдашпай туруп эле, жоопкерчиликтен качып “элге өзүң барып сүйлөш” деп жиберип коюп жатат. Бул да өз таасирин тийгизүүдө.

Ал эми Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын иштетүү комитетинин төрагасынын орун басары Азис Сапаралиев мындай кырдаалдын себебин башкадан көрөт.

- Өлкөдө жайгашкан алтын кендери жана башка кендерге чыгып, жергиликтүү бийлик менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Өлкөбүздө көпчүлүк аймактар, айыл өкмөттөр дотацияда отурат. Мына ушул аймактарды кен байлыктарды иштетүү менен салыктарын төктүрүп, өндүрүшү бар аймакка айлантабызбы же дотацияда турган бойдон кала беребизби? Мына ушуну айыл өкмөт башчыларына, жергиликтүү активисттерге түшүндүрүп жатабыз. Албетте, экологияны бузат экен, башка нерселер боюнча кооптонгон пикирлер айтылып келет. Бирок аларга да биз атайын адистер менен барып, түшүндүрүп, бардык талаптарды аткаруу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз.

Кыргызстанда бийлик өкүлдөрү тоо-кен тармагын кыргыз экономикасын алдыга сүйрөй турган тармак катары сыпаттап жүрүшөт. Бирок анын жыйынтыгы учурда анча жакшы сезиле элек.

Акыркы жылдары тоо-кен компаниялары 7 миллиард сомдон ашык салык төлөгөн. 2014-2016-жылдагы эсеп боюнча бул тармакта жалпысынан 17 миң адам иштеген. Өлкөдө 2017-жылы жалпысынан 22 тонна 797 килограмм алтын өндүрүлгөн. 2018-жылы 21 тонна 730 килограмм алтын өндүрүү пландалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Токмокто тартылган сүрөт.
Токмокто тартылган сүрөт.

Экологдор Кыргызстанга сырттан ташылган күйүчү майдын сапатына кабатыр. Мунун кесепети элдин ден соолугуна олуттуу таасир этип, калктын саламаттыгы начарлап жатканын айтышууда.

Кыргызстандагы машинелер жыл сайын дээрлик 1,5 млн. тонна күйүүчү май керектейт. Анын көбү Орусиядан ташылат. Бензиндин сапатына бензол, спирт, октан, көмүрсуутек, күкүрт, суу, сыяктуу бир канча заттар таасир этет.

Мунун баары иштетилип, абага түтүн болуп тараганда ал адамдын ден соолугуна канчалык зыяндуу болору өзүнчө талкууну талап кылат. Кыргызстанда азыр бул таасирди иликтеп, изилдеген лаборатория жок.

Эркин эксперт Максат Мамытканов өкмөттүн «жеке ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган» токтому сапатсыз бензиндин ташылышына жол ачып жатканын айтты:

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

- «Бизнеске жеңилдик киргизебиз, шарт түзүп беребиз» деп текшерүүнүн баарын өкмөт токтотуп койгон. Ошол мораторий иштеп атат. Эми ал мораторий кандай жыйынтык берип жатканын көрүп турабыз. Сапаты төмөн күйүүчү май бизге каяктан келип жатат? Аны ким сатып, ким өндүрүп, пайдасын ким көрдү? Азыр бул суроолорго жооп берген киши жок. Азыр тонналаган бензин сатылып атат, анын акчасы биздин ден соолугубузга пайдасын тийгизип атабы же зыянын тийгизип атабы? Кеп ошондо болуп жатпайбы.

Дарыгерлер абанын булганышынан адамдардын дем алуу органдары, кан айлануу системасы жабыркай турганын белгилешет. Маселен, акыркы он жылда Бишкекте ошондой илдеттерден жабыркагандар 55% көбөйгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин илимий-өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси Омор Касымов өкмөт бул көрсөткүчкө убагында маани бериши керек деп эсептейт.

- Дем алуу органдарындагы кан айлануу системасынан жабыркагандардын саны жагынан ар бир 100 миң адамга 55 киши туура келет, - деди ал. - Бул аныкталган эле фактылар. Билбей, дарыгерлерге көрүнбөй жүргөндөрү канча? Биз бул жыйынтык менен эле, абанын булганышы адамдарга кандай таасир этип жатканын билип алсак болот.

Талант Сооронбаев.
Талант Сооронбаев.

Буга чейин Кыргызстандын өпкө илдеттери боюнча башкы дарыгери Талант Сооронбаев кийинки жылдары машиненин санынын көбөйүшү менен дем алуу органдары ооруган адамдар көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирген:

- Ушул тапта оор илдеттерге чалдыккандар көбөйдү. Өпкөнү эт басып, дем албагыдай абалга жеткирип жатат. 10 жыл мурун абал мындай эмес эле. Эң өкүнүчтүүсү - аларды айыктырчу дарылар да жок. Мен муну ушул экологияны көзөмөлдөгөн мекемелердин иши солгун жүргөнү менен түшүндүрөт элем. Анткени шаардагы бир топ машинелерди айдаганга тыюу салыш керек. Эл өзү да сергек жашоого умтулушу керек. Үчүнчүдөн, жөө адамдарга, велосипедчендерге атайын шарт түзүлүшү керек. Тротуарлар ыңгайлуу болсо, веложолдор курулса, көп жарандарыбыз машине айдамак эмес.

Автоунааларга жана учактарга күйүүчү майдын коопсуздугу тууралуу Евразия Экономикалык Биримдигинин техникалык регламентинин келишими 2019-жылдын июнь айында күчүнө кирген.

Кыргызстанга бир жылда керектөөчү 1,5 млн. тонна бензиндин бир миллиону Орусиядан ташылат. Калганы Казакстандан алынса, азыраагы Кыргызстандагы мунай өндүрүүчүлөр аркылуу камсыздалат.

Экономика министрлигинин өкүлү Бакытбек Шабданов абаны булгабай сактап калыш үчүн жалаң эле өкмөт аракет кылбай, эл менен комплекстүү иш жүргүзүү керек деген оюн ортого салды:

- Эгер машинелерди табигый газ менен жүргөндөй кыла турган болсок, азот эки эсе, көмүрсуутек үч, октан саны сегиз эсе азаймак. Ошондуктан бул маселени комплекстүү караш керек. Жалаң эле өкмөткө түртө салган болбойт.

Абанын булганышы, сапатсыз бензин жагуу, Кыргызстандагы экологиялык абал, «жашыл экономикага» өтүү маселелери боюнча 9-октябрда Бишкекте жыйын өттү. Талкууну «Жашыл энергия» коомдук фонду уюштурган. Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, коомдук активисттер жана адистер чакырылган.

Фонддун жетекчиси Анара Султангазиева Кыргызстан сапатсыз бензиндин таштандысына айланып калбашы үчүн ушундай иш-чара уюштуруп жатканын айтты:

Анара Султангазиева.
Анара Султангазиева.

- Биздин мамлекет сапаты төмөн бензиндин таштандысына айланып баратат. Кошуна мамлекеттер өз өлкөсүндө к4, к5 сапатында бензин сатышат. Биз болсо сапатсыз бензинден арыла албай жатабыз. ЕАЭБдин техникалык регламентинин келишими боюнча Кыргызстан 2023-жылга чейин бул маселени чече албайт экен. Биз ушул маселени жөн калтырбай, көтөрүп чыгалы деп чечтик. Биз канткенде абанын тазарышына жардам бере алабыз? Ушул маселени карайбыз.

Ушул жылдын июнь айында Бишкекте «Таза аба үчүн» акциясы өтүп, айдоочуларга жана МАИ кызматкерлерине автомашинадан зыяндуу заттардын чыгышын азайтуу жана андан сактануу боюнча кеңештер берилген. Аны «МувГрин» экологиялык коомдук уюму менен жол көзөмөлдөө кызматкерлери бирге уюштурушкан.

- Бишкекте машине абдан көп жана күйүүчү майдын сапаты начар. Маршруттук таксилердин көпчүлүгү дизел менен жүрөт. Автоунаалардан чыккан газ айдоочулардын ден соолугуна зыян. Мисалы, автоунааны техникалык текшерүүдөн өткөрүп, сапаттуу майды, катализаторлорду колдонсок, абанын булганышы азаят, – деген уюмдун директору Мария Колесникова.

Кыргызстанда расмий катталган 1 миллион 200 миң автоунаа бар. Бишкек шаарынын жол түзүмдөрү 50 миң даана машинеге гана ылайык экенине карабастан күнүнө ары-бери жүргөн машиналардын саны 400 миңден ашат.

"Азаттыктын" архиви: "Ышталган Бишкек". Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү. 24-январь, 2018-жыл.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG