Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Экономика

Кесиптик кошуундар митинг өткөрүштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Бишкектеги Кесиптик кошуундар федерациясынын имаратынын алдында аталган кошуундардын мүчөлөрү нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар Жогорку Кеңеште каралып жаткан «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы пикирлерин билдиришти. Алардын айтымында, эгер мыйзам кабыл алынса кесиптик кошуундардын өз алдынчалыгы жоюлуп, бир катар тоскоолдуктар жаралат.

Кумтөр кени менен Сары-Чат - Ээр-Таш коругунун спутниктен тартылган көрүнүшү Photo: GoogleEarth
Кумтөр кени менен Сары-Чат - Ээр-Таш коругунун спутниктен тартылган көрүнүшү Photo: GoogleEarth

Илбирстердин мекени

Кыргызстан менен «Центерра» Стратегиялык келишим деп аталган документке кол коюшуп, Кумтөр алтын кенине байланышкан талашка биротоло чекит коюлду. Ал документке караганда, «Центерра» «Кумтөр» алтын кенине дагы 16 миң гектар жерди кошуп алат.

Тараптар негизи мындай макулдашууга 2009-жылы эле жетишкен, бирок кийин өкмөт кошумча жер берүүгө көңүлсүнбөй турган. Архивдик документтер менен картаны кылдат иликтеп чыккандан кийин Кумтөр алтын кенинин аянтын кеңейтип берүү үчүн Сары-Чат - Ээр-Таш коругунун түндүк тараптан өтчү чеги кыйла кыскартылганы маалым болду.

Чек арасын өзгөрткөндөн кийин Петров мөңгүсү толугу менен коруктун сыртында калды. Бул табигый комплекстин уникалдуулугу ушунда, ал жерде Кызыл китепке кирген саны жыйырмага чамалуу илбирстер жашайт. Ага карабастан, өкмөт алтын кендин пайдасына деп коруктун чеги өзгөрүлүп кеткенин моюнга албай келет.

Иштин чоо-жайы

1994-жылы өкмөт Кумтөр алтын кенине 10 миң 70 гектар жер бөлгөн. Мунун ичине борбордук карьер, алтын казып алчу негизги жер, түштүк-батыш капталындагы карьер, фабрика, техникалык кызмат көрсөтүү жайы, иштегендер жашаган айыл жана уу зат калдыктар сакталган жер кирет.

1995-жылы алтын кендин түндүк тарабында Сары-Чат - Ээр-Таш коругун түзүшкөн, максат бул жердин кайталангыс табигый байлыгын сактап, коргоп калуу, камкордукка алуу болчу.

Табигый комплекс жаңы түзүлгөндө ага бөлүнгөн жалпы аянт 72 миң 60 гектарды түзгөн. Ал кезде «Кумтөр» алтын кенине тиешелүү аймак менен Сары-Чат - Ээр-Таш коругунун ортосунда эч кандай талаш-тартыш жок, биринин аймагы экинчисине кирип кетпей, өз-өзүнчө турган.

Сары-Чат-Ээр-Таш коругу өзгөчө коргоодогу табигый аймак катары түзүлгөн, ал жерде эч кандай чарбалык иштер жүргүзүлбөшү керек, мал жаюуга, имарат салууга, жол курууга, геологиялык чалгындоо иштерине, кен байлыктарды казууга дагы башка иштерди жасоого уруксат жок.

2009-жылы өкмөт «Кумтөр» алтын кенинин аянтын кеңейтүү үчүн мурдагы бөлүнгөн жерге дагы кошумча 16 миң 330 гектар жер бөлүүгө макулдук берген. Анын натыйжасында алтын кендин жалпы аянты 26 миң 400 гектарга көбөйдү. Ал үчүн концессиялык келишимге кол коюшкан.

Жаңы жердин эсесине Кыргызстан «Центеррадан» кошумча акцияларды алган, компаниядагы мамлекеттин үлүшү мурдагы 15,66% ордуна 32,75% көбөйгөн. Ушу кезге чейин талаштан башы чыкпаган маселе ушул учурдан башталды, алтын кендин аянтын кеңейтүү үчүн мурдагы чеги корук жайдын ичине кирип кеткен.

Коруктун 1995-жылкы чеги

Сары-Чат-Ээр-Таш коругу өкмөттүн 1995-жылдын 10-мартындагы №76 токтому менен уюшулган.

Расмий документте жаратылыш коругунун түштүк чеги «Петров мөңгүсүнөн деңиз деңгээлинен 3983 метр бийиктиктен» башталып, андан ары Сары-Чат дарыясынын башталган жеринен уланып кетери так көрсөтүлгөн. Ушу тапта мамлекеттик органдар атайылап эле ушул пунктту айтпай кыйгап өтүшүүдө.

«Азаттык» жашыруун режимде иштеген мамлекеттик архивдин карта-геодезиялык кызматынын ал жерди деталдаштырып көрсөткөн картасын карап чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

3983 метрдеги бийиктик Петров мөңгүсүндө, 2009-жылы белгиленген коруктун түштүк чегинде турат.

Маанилүү эскертүү: картанын оң жагындагы бийиктиктин белгилери (деңиз деңгээлинен 4561, 4901 жана 3983 метр бийиктиктер) так көрсөтүлгөн, ал эми коруктун чегин белгилеген сызыктар болжолдуу көрсөтүлгөн (башка карталарга салыштырмалуу). Дагы бир маанилүү нерсе - Сары-Чат-Ээр-Таш коругу бири-бирине так келбеген карталардын ондогон варианттарына ээ.

Коруктун 2009-жылкы чеги

2009-жылдын 5-июнунда Кыргызстан өкмөтү Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун түштүк чегин өзгөртүү тууралу №356 токтомун кабыл алган, документте көрсөтүлгөндөй: «Концессия чегинде Кумтөр алтын кенинде казуу иштерин жана геологиялык чалгындоо жумуштарын мындан ары өнүктүрүү максатында» ушундай документ кабыл алынган.

Ушу тапта коруктун түштүк чеги Петров мөңгүсүн айланып өтөт. Тагыраак айтканда, коруктун чеги Петров мөңгүсүнө чейин жетип, анын чыгыш чегиндеги деңиз деңгээлинен 4901 метр бийиктиктеги чогу аркылуу өтүп, андан ары 4600 метр бийиктиктеги чоку аркылуу түз уланып батышка кетет да деңиз деңгээлинен 4561 метр бийиктиктеги чокудан Сары-Чат дарыясынын башталышына жетип токтойт. Айырма өйдөңкү картада көрсөтүлдү.

Ушул эле чек өкмөттүн 2013-жылдын 1-февралдагы № 48 тотомунда бекитилген.

«Кумтөрдүн» картасы

Ондогон карталарды изилдеп көрүп Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун чегинин өзгөрүшү 2013-жылы «Кумтөр» алтын кени жарыялаган картада так көрсөтүлгөнүн баамдадык, ал картада:

  • Кара чарчы (квадрат) менен 26,4 миң гектар концессиялык аянт белгиленген;
  • Кызыл сызык менен –Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун аймагы 1995-жылкы чеги боюнча көрсөтүлгөн;
  • Сыя түс сызык менен – коруктун 2009-жылдын чегиндеги аймагы;
  • Көгүлтүр сызык менен – буфердик аймак, коруктун аймагына кийин кошулуп, анын жалпы аянты 149 миң 17 гектарга көбөйгөн.

Картадан ачык көрүнүп тургандай, коруктун 1995-жылдагы чегине кирген жердин бир бөлүгү концессиялык аянтка кошулуп кеткен. 2009-жылы жаратылыш комплексинин аймагы Кумтөр алтын кенинин аянтына карата түздөлгөн.

Бул карта 2013-жылы «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» буюртмасы боюнча иштелип чыккан, компаниянын сайтындагы «Биоартүрдүүлүк» бөлүмүндө жарыяланган.

Биздин өтүнүчкө жооп кылып «Кумтөрдүн» пресс-кызматы карта жарыяланганга чейин Кыргызстандын мамлекеттик кызматтары менен макулдашылганын, ошентсе да маалыматты ырасташ үчүн компанияга расмий түрдө кайрылуу керектигин билдиришти.

Ушул аңгемеден кийин карта компаниянын сайтынан алынып салынды, жарыя кылууга берилчү шилтеме өзгөртүлдү. «Азаттыкта» мурда жарыяланган картанын көчүрмөсү бар. Анткен менен ал картаны 2017-жылы жарыяланган «Кумтөрдүн» сайтындагы башка документтен тапса болот.

«Кумтөргө» коруктун канча жери өтүп кетти?

«Азаттыкта» расмий адамдардын колу коюлган бир нече документтер, ошондой эле мамлекеттик комиссиянын отчету бар, алардын баары «Кумтөрдүн» концессиялык аянтына коруктан 4380 гектар жер өтүп кеткенин ырасташат.

Жогоруда белгиленгендей, 2009-жылдын 5-июнунда өкмөттүн «Кумтөрдүн» казуу иштерине жана геологиялык чалгындоо жумуштары үчүн Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун чегине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтому чыккан.

9-сентябрда өкмөт мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларын берген. Ошондон эки күндөн кийин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Абдымитал Чынгожоев өкмөткө жазган катында жасалган иштер тууралу минтип билдирген: «Өкмөт токтомун аткаруу максатында Сары-Таш-Ээр-Чат мамлекеттик коругунун түштүк чегине өзгөртүүлөр киргизилди жана 4380 гектар жер участогу «Кумтөр Оперейтинг Компаниге» берилди».

2011-жылы 25-майда жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов өкмөткө кат жазып, Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун жаңы чегин макулдашууга каршы экендигин билдирген, «Центерра Гол Инк.» компаниясынын концессиялык аянтына 4380 гектар жердин кириши туура эместигин белгилеп каршы чыккан.

Жаратылыш ресурстары министри Эсенамановдун өкмөткө жазган каты
Жаратылыш ресурстары министри Эсенамановдун өкмөткө жазган каты

2012-жылдын 3-майында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атажанов «Центерра» менен келишимди изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Садыр Жапаровго кат жазып: «2009-жылкы өкмөттүн токтомуна ылайык «Кумтөр» алтын кениндеги иштерди көбөйтүү максатында мамлекеттик коруктун аймагынан «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» керектөөсүнө 4380 гектар жер ажыратылды» деп билдирген.

Токой чарба агенттик жетекчисинин Садыр Жапаровго жазган каты
Токой чарба агенттик жетекчисинин Садыр Жапаровго жазган каты

Соңунда мамлекеттик коруктун 4380 гектир жери «Кумтөргө» бөлүнүп берилгенин 2013-жылы мамлекеттик комиссия да ырастады, комиссия «Кумтөр» алтын кен компаниясынын Кыргызстандын мыйзамдарын кантип сактаганын иликтеген болчу.

Мамлекеттик комиссиянын «Кумтөр» боюнча отчету
Мамлекеттик комиссиянын «Кумтөр» боюнча отчету

Өкмөттүн позициясы

Өкмөт азыр бир тараптуу бекем позицияны карманып, коруктун эсебинен бир карыш да жер «Кумтөргө» берилген эмес деп отурат.

Ушундай эле позицияны тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү сентябрдын башында Кумтөр алтын кенине депутаттар тобу барган учурдагы маалымат жыйынында ырасташты.

«Биз мамлекеттик коруктун чегине жана концессиялык аянтка бир да өзгөртүү киргизген жокпуз. 1995-жылкы чек өзгөрүүсүз сакталып турат», - деп ырастады «Кыргыз токой аңчылыкты уюштуруу» мамлекеттик ишканасынын директору Сабырбек Чукумбаев.

Ага чейин, тактап айтканда, 2019-жылдын 27-августунда өкмөт «Centerra Gold Inc» компаниясы менен стратегиялык келишим күчүнө киргенин жарыя кылды.

Ошентип министрлер кабинети Кумтөр алтын кенинин аянты 26 миң гектар экенин ырастап, Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун чегин бекитти. Жаңы аянтта кен казуу иштерине уруксатты өкмөт мурдараак берген.

2019-жылдын 3-июлунда премьер Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик маанидеги кен казыла турган жерлердин реестрин бекитти. Ага ылайык «Кумтөр» алтын кенинин аянты 26 миң 320 гектар жерди түзөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG