Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Экономика

Sorry! No content for 27 Октябрь. See content from before

ишемби 26 Октябрь 2019

Президент Сооронбай Жээнбеков "Тянь-Шань Форель" балык чарбасына барган учуру. Сүрөттө (оң жакта) макаланын каармандарынын бири Илгиз Шаменов да турат.
Президент Сооронбай Жээнбеков "Тянь-Шань Форель" балык чарбасына барган учуру. Сүрөттө (оң жакта) макаланын каармандарынын бири Илгиз Шаменов да турат.

Кыргызстанда соңку жылдары балык чарбалары көбөйүп, ишкерлер экспортко чыга баштады.

2019-жылдын башынан бери балык жана балыктан жасалган азыктарды экспортко чыгаруу он эсеге өстү. Аталган товар былтыр тогуз айда чет өлкөлөргө 145 тонна гана сатылса, быйыл тиешелүү мезгилде ал көрсөткүч бир жарым миң тоннага жакындады.

Бул секирик Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл тармагы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин ветеринардык системасына шайкеш келтирилгени менен түшүндүрүлүп жатат. Башкача айтканда, азыктарын Бишкектен текшерткен кыргызстандыктардын балык чарбаларынын сертификаты өнөктөш өлкөлөрдө да толук таанылууда.

Натыйжада алар ЕАЭБдин рыногуна эркин сата баштады. “Элдик экономика” түрмөгүнүн бул чыгарылышы ушул темага арналат.

Экспортту ишке ашырган беш чарба

Баяныбызды дароо эле чет өлкөгө балык сатып жаткан чарбалардан баштайлы.

Аталган тармактагы өндүрүшчүлөрдүн ичинен Чүйдүн Панфилов районунда жайгашкан “Тянь-Шань Форель” фирмасынын мисалы башкалардан кызыктуураак. Ачылганына үч жыл болгон мекеме башка мамлекеттердин рыногуна быйыл биринчи жолу аралашты. Болгондо да алгачкы сатыкта эле чама-чаркына жараша чоң көрсөткүч менен чыкты.

Чарбанын кожоюну Илгиз Шаменов жыл башынан бери экспортко чыга баштаганын айтты.

- Жылына орточо 80 тоннадай балык өндүрүп жатканбыз. Адатта өнүмүбүздүн баарын эле Кыргызстандын ичинде сатып келгенбиз. Жыл башынан бери чет өлкөгө отуз тоннадай саттык, жыл аягына чейин дагы ушудан көбүрөөк экспорттоо планыбыз бар. Негизги экспортубуз 2020-жылы болот деп жатабыз. Анткени экспорт кылыш үчүн бир жыл алдын ала камданышың керек да. Азыр келерки жылдыкын быйыл камдадык дегендей. Анын үстүнө бизде өсүш жылдан-жылга болуп жатат. Келерки жылы маселен 150 тоннадай балык өндүрсөк, ошонун көбүн эле чет өлкөгө саталы деген ойлорубуз бар.

Илгиз Шаменов президентке чарбасын көрсөтүп жаткан учуру. 31-июль, 2019-жыл.
Илгиз Шаменов президентке чарбасын көрсөтүп жаткан учуру. 31-июль, 2019-жыл.

Жаңы түптөлгөн чарбанын чет элдик рынокко чыгышына эки фактор себеп болду. Биринчиси фирманын өнүгүшү, экинчиси Евразия экономикалык биримдигинин мүмкүнчүлүгү.

Тагыраагы Кыргызстандан ветеринардык текшерүүдөн өткөн балык чарбалардын азык-түлүгү аталган биримдикке мүчө мамлекеттерде толук кандуу тааныла баштады.

- Балык экспорттогонго чоң мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Чет өлкөлөрдөн, анын ичинде ЕАЭБдеги мамлекеттерде балык азыктарына суроо-талап жогору. Бизде арзан, аларда кымбатыраак болуп жатат. Ошондон улам ал жакка сатуу кызыкчылыгы жанданды. Биз балыктын өзүн жана балык азыктарын негизинен Орусияга саттык - деди “Тянь-Шань Форель” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Илгиз Шаменов.

"Тянь-Шань Форель" чарбасынын балыктары.
"Тянь-Шань Форель" чарбасынын балыктары.

Расмий маалыматтарга ылайык, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагында товар өндүрүү, кайра иштетүү жана товарларды сактоо боюнча ишмердүүлүк жүргүзө ала турган кыргызстандык фирмалардын саны 87ге жетти.

Башкача айтканда, Кыргызстандын атайын реестрине кирген ушунча фирма аталган уюмдагы өлкөлөргө товарларын ээн-эркин экспорттой алат.

Мунун ичинен 20га жакыны балык жана балык азыктарын өндүрүүчү фирмалар болсо, ушул күндө беш гана фирма реалдуу түрдө экспорт кылып жатат. Алардын ичинде жогоруда белгиленген “Тянь-Шань Форелден” башка “Эфтар Агро комплекс”, “Кемин балыгы”, “Коңурат Голд Фиш” жана “Аквафонд К” чарбалары бар. Албетте булар мурдагы жылдары да экспортко чыгышкан, бирок быйыл алардын да көрсөткүчтөрү жогорулады.

Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан балыктар.
Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан балыктар.

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында жана Чүйдүн Аламүдүн районунда иш алып барган “Эфтар Агро комплекс” фирмасынын өкүлү Айдин Жумадилов экспорттоодо быйыл алар да жеңилдикти байкаганын билдирди.

- Кыргызстандын өзүнүн балык ала турган муктаждыгы, мүмкүнчүлүгү кеңири да. Катардагы жарандар, дүкөндөр, ресторан-кафелер сатып алат. Ошол мүмкүнчүлүктү биз толук колдонуп жатабыз. Анан Казакстанга да сатып жатканбыз, мындан ары да ошону уланталы деген ойдобуз. Бирок коммерциялык сыр катары өндүрүшүбүздүн жана экспортубуздун көлөмүн айта албайм, - деди.

Ошентип быйылкы жылдын алгачкы тогуз айында Кыргызстандын чарбалары 1 миң 446 тонна балык жана балык азыктарын экспорттошту. Былтыркы жылдын тиешелүү мезгилинде бул көрсөткүч болгону 145 тонна болсо, жыл аягында 450 тоннага жеткен.

Башкача айтканда, 2019-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы 2018-жылдын тогуз айына салыштырмалуу он эсеге өсүп, ал тургай жылдык көрсөткүчтөн да үч эсе ашып жатат.

Кыргызстанда өндүрүлгөн балыктын бир килограммынын орточо баасы 170-200 сомдон, форель сыяктуу кымбатыраактары 300-350 сомго бааланат.
Кыргызстанда өндүрүлгөн балыктын бир килограммынын орточо баасы 170-200 сомдон, форель сыяктуу кымбатыраактары 300-350 сомго бааланат.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бул секириктин негизги себеби катары көзөмөл чарасынын бирдей тартип, нормага келтирилиши менен байланыштырууда.

Инспекциянын мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын башкы адиси Жазира Марс кызы буларга токтолду.

- 2019-жылдын 29-мартында Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл системасы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин ветеринардык системасына шайкеш келет, жооп берет деп табылган. Тагыраак айтканда, уюмдун жетекчилигинин алкагында биздин көзөмөл жалпы системалык көзөмөлгө эквиваленттүү деп таанылган. Мына ушуну үчүн дагы экспорттун көлөмү көп болуп жатат. Дагы бир себеп, мурда Орусия менен Кувейтке чийки эт үчүн киргизилген убактылуу чектөө алынганы да экспорттогу өсүшкө себеп болду. Мурда ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кайсы бир фирманы киргизүү үчүн ушул уюмга мүчө мамлекеттердин инспекциялары келип, өздөрү текшерип кетишчү. Алардын баары макулдук бергенден кийин гана киргизчүбүз. Азыр болсо биздин Ветеринардык инспекция өзүбүз текшерип, анан реестрге киргизе алабыз. Албетте анын өзүнүн узун тизмек талабы бар, ошого жооп бергендерди гана реестрге киргизебиз, - деди ал.

Жалпы өндүрүштүн эсеби

Эгер Кыргызстандагы балык чарбаларынын санын жана алардагы жалпы өндүрүштү ала турган болсок, мунун эсебин так чыгаруу кыйын. Айыл чарба министрлиги өздөрү менен келишим түзгөн юридикалык жактардын гана эсебин алып турса, Улуттук статистика комитети ушул мекемеден алынган маалыматтардын негизинде өндүрүштүн акчалай гана эсебин чыгарып турат.

Балык чарбасы.
Балык чарбасы.

Министрликтин Жайыт, мал жана балык чарба департаментинин Аквамаданият бөлүмүнүн башчысы Эдил Ниязов буларга токтолду.

- Биздин департамент мамлекеттин балансындагы көлмөлөрдү фермерлерге ижарага колдонууга берет. Бүгүнкү күндө 120 чарба менен келишим түзгөнбүз. Алар №28 деген форманын негизинде бизге отчёт берип турат, анан ошолордун гана өндүрүшүнүн эсебин чыгарып тура алабыз. Ошонун негизинде, биздин эсебибизде 2018-жылы Кыргызстанда 2577 тонна балык өндүрүлгөн деп айта алабыз. 2019-жылдын 8 айынын жыйынтыгында 1675 тонна балык өндүрүлгөн. Бирок биз менен келишим түзбөгөн жеке менчик чарбалар, же айыл округдар менен иштеген же жөн эле патент менен иштеген ишкерлер өндүрүшү боюнча бизге маалымат бербейт. Ошону үчүн биздеги көрсөткүчтөр төмөн болуп жатат. Эгер тогуз айдагы экспорт өзү бир жарым миң тонна болуп атса, өндүрүш андан эки-үч эсе көп болуш керек да. Жылдык эсеп да азыркыдан үч-төрт эсе көбүрөөк чыгыш керек. Бирок тилекке каршы биздин укугубуз чектелүү болгондуктан жеке менчик чарбалардан маалымат албай келебиз. Бул боюнча мыйзам долбоорлорун караштырып жатабыз.

Эдил Ниязовдун айтымында, Кыргызстанда инвентаризациядан өткөн 680 көлмө бар. Мунун баарында болбосо да, көпчүлүгүндө балык чарбасы жүргүзүлөт. Бирок жогоруда айтылгандай чаржайыт тартипте иштегендиктен так эсебин чыгаруу мүмкүн эмес. Ансыз да бейрасмий эсептерде өлкөдөгү балык чарбаларынын саны 800дөй деп айтылып жүрөт.

Ошентсе да Жайыт, мал жана балык чарба департаментине катталган эле чарбалардан алынган акыркы жылдардагы көрсөткүчтөрүн талдап көрсөк, өндүрүш өскөнү байкалып турат.

Айыл чарба министрлигинен алынган маалыматтар.
Айыл чарба министрлигинен алынган маалыматтар.

Башка маселе, Кыргызстанга сырттан ташылып келген балык жана балык азыктарынын эсеби так эмес. Анткени Евразия экономикалык биримдигине киргенге чейин ал боюнча так маалымат болуп турса, уюмга кошулгандан кийин үчүнчү өлкөлөрдөн гана кирген азыктар эсептелип калган. Бирок аны Бажы органдарынан тактай алган жокпуз.

Айыл чарба министрлигинин эсебинде Кыргызстан ЕАЭБге киргенге чейин өлкөгө сырттан жылына болжолдуу он миң тоннадай балык ташылып кирчү. Азыр деле мындан кем эмес. Бул импорттун ордун кыргыз балыкчылары өздөрү толуктаса болбойбу деген маселе жаралат.

Буга Жайыт, мал жана балык чарба департаментинин өкүлү Эдил Ниязов жооп берүүгө аракет кылды.

- Биздин суу ресуртарыбыз абдан кенен. Көлмөлөр, суу сактагыч, бассейндерде балык чарбаларын куруп жатышат. Бирок биз Орусиядан келген селедка, саврида, скумбрия деген океан балыктарын, Казакстандан арзаныраак сазан, сом деген балыктарды көп өстүрө албайбыз. Лосось деп коёт, аны да өндүрө албайбыз, биз анын ордуна алтын форель же кубулжума жилингирди (радужный форель) дегенди өстүрүп жатабыз. Биз бүгүнкү күндө төрт-беш эле балыктын түрүн массалык деңгээлде өстүрө алабыз. Көбүнчө жанагы эле карпты, макоо балык (толстолоб), амур, карась, лещ, осетр балыктарын көп өстүрүп жатабыз. Биз өзүбүздү толук камсыздаган күнү деле ассортимент жок болуп калат. Каалайбызбы же каалабайбызбы креветка же башка деңиз азыктары бар, аларды да жарандарыбыз жегиси келет. Биз өндүрүшүбүздү азыркыдан дагы көбөйтсөк, жок дегенде 50% керектөөбүздү өзүбүз камсыздасак болот. Бирок 100% өзүбүздү өзүбүз камсыздай албайбыз, - деп белгиледи Эдил Ниязов.

Көлмөлөрдө балык баккандар.
Көлмөлөрдө балык баккандар.

Кыргызстандын акыркы стандарттарына ылайык, бир адам жылына 9,5 килограмм балык жеши керек экен. Эгер орто эсеп менен алганда өлкөнүн калкынын балык азыктарына болгон керектөөсү 15-20 миң тоннадай болот дешет адистер.

Көйгөйлөр чечилип бүтө элек

Демек, Кыргызстан өзү сыртка саткандан бир нече эсе көп балыкты чет өлкөдөн алып келерин аңдадык. Натыйжада өлкөнүн өзүнүн ичинде эле балыкчыларга мүмкүнчүлүк кенен экенин да түшүндүк. Бирок анда эмнеге бул тармак дүркүрөп өнүкпөй жатат? Көрсө, балык чарбаларынын түйшүктөрү аз эмес экен.

“Тянь-Шань Форель” фирмасынын башкы директору Илгиз Шаменов кайра кепке кошулду.

- Биринчиден, чарба үчүн жер маселесин алуу азыр кичине кыйын болуп жатат. Мисалы бир жерди же көлмөнү алайын десең, айыл өкмөттөргө барышың керек. Айыл округда диплому жок, экономикадан кабары жок төрт-бешөө чогулуп алган, алар маселени түшүнбөйт. Болбогон бир себептерди айтып жерди бербей коюшат. Ошентип сырттан келген далай инвесторду качырдык, жергиликтүү бизнесмендер деле чарбасын кеңейте албай жатат. Ошону үчүн бул процесстерди жеңилдетүү керек. Экинчиден, насыя алуу жагынан көп маселелерге туш болобуз. Бул тармактын келечеги кең экенин түшүнгөндөн кийин аквамаданиятка деп атап, атайын жеңилдетилген насыяларды да берсе жакшы болмок. Азыр жеңилдетилген насыялар деп бодо мал, кой-эчкилерди асылдандырууга берилип атышы мүмкүн, бирок балык чарбаларына бериле элек.

Балык чарбасы.
Балык чарбасы.

Түп районунун Күрмөнтү айылында, көл жээгинде балык чарба түптөгөн Самарбек Жаманкараев урук алып келүүдө, жем ташып келүүдө жана сатууда көйгөй бар экенин айтты:

- 2014-жылдан баштап активдүү иштей баштадык. Алгач балыктын чабактарын Тоң балык чарба заводунан алып келип салганбыз. Андан кийин Даниядан буйрутма менен ала баштадык. Акыркы үч жылдан бери балыкты өзүбүздүн цехте инкубация кылабыз. Даниядан келген балык жакшы экен, биздин климаттык шартка ыңгайлуу анан жоготуулар аз болот. Мисалга 100 миң икраны 3 миң долларга сатып алабыз, анын баары эле жашап кетпейт. Тоют дагы кымбат келет, бир килограммы 150 сомго барат. 2018-жылы 30 тоннадан ашык балык өндүрдүк, быйыл андан көбүрөөк пландап жатабыз. Бирок негизги көйгөй - өндүрүлгөн продукцияны жакшы баада сатуу. Кыргызстандын базарында балыкты сатуу кыйла оор, себеби баасы жергиликтүүлөрдүн капчыгына туура келбейт. Азыр орусиялыктар менен сүйлөшүп атабыз. Алар биздин балыкты алууга кызыкдар болсо, ал жакка алып барабыз. Эгер дайыма ала турган кардарым болсо, эч коркпостон балык өстүрө берет элек, бирок мунун түйшүгү оор болгондуктан көп өндүрүүдөн да кооптонуп турам.

Ооба, Кыргызстандагы балык чарбалардын дээрлик 80-90% багылган балыктарын жана балык азыктарын чет жакка экспорттой албай турганын, жергиликтүү рынокко гана сата ала турганын баяныбыздын башында айттык. Буга ветеринардык көзөмөлдөн сырткары, башка дагы арбын көйгөйлөр себеп болот.

Балык чарбасы.
Балык чарбасы.

Ысык-Көл жана Нарын аймактар аралык балык чарба департаментинин өкүлү Бактыбек Асанов буга башкы себеп катары балыкчылар кооператив болуп бириге албай жатышканын атады:

- Негизи Орусия жана Казакстандагылар бизде өстүрүлгөн балыкка жакшы эле кызыгат, анын үстүнө биз биосфералык аймак болуп эсептелебиз. Жеке колдо турган балык чарбалар абдан эле көп, бирок анын дээрлик бардыгы эле чакан, анча чоң эмес болгондуктан сырттан келген кардар сураган көлөмдө бере албай жатат. Мисалы, Тоң районунун балык чарба ээлери атайын ассоциация түзүп жатышат. Эгер ийгиликтүү иштеп кетсе, өндүрүлгөн өнүмдү бириктирип, анан сатууга мүмкүнчүлүк ачылат. Бул менимче жакшы чечим, мындай жол менен балыктын экспортун жөнгө салып алса болот, - деди ал.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз парламентинин депутаты Орусиянын өкмөтү Кыргызстанга акча которууну чектегени үчүн Евразия Экономикалык Биримдигине байланыштуу келишимдерди ратификациялабай турууну сунуш кылды.

ЕАЭБдин алкагындагы кызматташтыкта дагы кандай кооптуу жагдайлар бар? Орусия уюмдагы өнөктөш мамлекеттерге үстөмдүгүн жүргүзө баштадыбы? Кыргызстан өз кызыкчылыгындагы маселелерди коргоп кала алабы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бирикмесинин аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов жана экономика боюнча эксперт Кайрат Итибаев катышты.

«Азаттык»: - Аида айым, Орусиянын өнөктөш бир нече мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга акча которууну чектөө боюнча чечими боюнча Жогорку Кеңеште да сөз болду. Орус тараптын негизги жүйөсү кандай? Алардын койгон талаптары кандай болуп жатат?

Аида Карабаева: Орусиянын Борбордук банкынын билдиргени боюнча, мунун максаты - башка өлкөлөргө акча которуу боюнча маалыматтын ачык-айрым болушуна жетишүү. Ошондуктан бир катар эл аралык акча которуу системаларына чектөөлөрдү киргизишти.

Жеке адамдарга Орусиядан Кыргызстанга акча которууда 100 миң рублге чейин чек коюшту. Мисалы, биздин мигрант бир айда 100 миң рублге чейин эле акча которо алат. Биздеги маалымат боюнча чек коюунун негизги себеби – көмүскөдөгү акча которууну чектөө, башка коммерциялык операцияларды жөнгө салуу десек болот.

«Азаттык»: - Орус өкмөтү бул чечимди ушул жылдын апрель айында эле кабыл алганы белгилүү. Ошондон бери Кыргызстанга акча которуунун тенденциясы кандай болуп жатат? Азайдыбы же таасири тийген жокпу?

Аида Карабаева: - 2019-жылдын сегиз айынын маалыматына таянсак Орусиядан Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 1 миллиард 570 миллион сомду түздү. Бул көрсөткүч 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 10 пайызга азайган.

Кыргызстанга келген акчанын көлөмүнүн азайышына биринчиден, Орусиядагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшү, экинчиден, айтылып жаткан чектөөлөр да өз таасирин тийгизүүдө десек болот. Анткени мурда эл аралык системалар боюнча жеке акча которуу, коммерциялык операциялар да боло берчү. Эми бул чечимге ылайык акча которуу системалары аркылуу коммерциялык операцияларды жүргүзүүгө болбой калды.

«Азаттык»: - Кайрат мырза, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов орус өкмөтү Кыргызстанга акча которууну чектегени үчүн Евразия Экономикалык Биримдигине байланыштуу келишимдерди ратификациялабай турууну сунуш кылды. Бул Орусияга канчалык таасир эте турган, ийге келтире турган механизм десек болот?

Кайрат Итибаев: - Чындыгында депутаттын минтип айтканы популисттик эле көрүнүш болуп калды. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы акча которуунун чектөөсү менен чечилбейт. Биздин экономикалык кызыкчылыгыбыз ЕАЭБге кирип жатканда бир топ жеңилдик, же артыкчылык алгандыгыбызда эмес. Биздин негизги кызыкчылыгыбыз – өлкөнү индустриялаштыруу кандай жүрүүдө, кандай ири долбоорлор ишке ашууда, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттары максаттуу пайдаланылып жатабы, натыйжасы кандай болгондугунда. Ошондуктан депутаттын айткан сунушу Кыргызстандын ЕАЭБдеги кызыкчылыгын коргоого эч таасир этпейт.

Орусиянын максаты эмне? Ири бизнеске байланышкан акча банк эсептери аркылуу которулсун деп талап койгону, ал эми жеке тараптар, же бизден барган мигрант 100 миң рублге чейин которууга уруксат берилгени - Орусиянын кызыкчылыгындагы маселе. Мисалы, мен Орусиядан бир комбайн сатып ала турган болсом, анын баасы 100 миң рублден жогору турат, «аны эки тарап банк аркылуу эсептешкиле» деп жатат. Бүткүл дүйнө ушундай эреже менен жашайт. Кыргызстан качанкыга чейин эле «жеңилдик берип койгулачы» деп өткөөл мезгилде отура беребиз?

«Азаттык»: - Темирбек мырза, Кыргызстандын ЕАЭБге кириши – экономикалык кызыкчылык дегенбиз. Ал уюмга кошулганыбызга төрт жыл болуп калды. Үзүрү барбы, болсо ал канчалык сезилерлик?

Темирбек Ажыкулов: - «Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда кызыкчылыгыбыз эмне эле?» деген суроо туулат. Акыркы 20-30 жылдагы Кыргызстандын экономикасынын түзүмү – реэкспорт жана бир аз кызмат көрсөтүү (туризм) тармагы болду, дагы 30-40 пайызын көмүскө экономика түздү. Жаманбы-жакшыбы ушундай экономикабыз бизди багып келди. Анан бир күнү эле «силер Орусия, Казакстан менен соода-экономикалык, өндүрүштүк кызматташтыкты бирдей шартта, бирдей регламентте кыласыңар» дешти.

2015-жылдан бери ЕАЭБ Кыргызстанга бир топ эле жеңилдиктерди берди. Бирок биз баарыбыз, анын ичинде Кыргызстандын ишкер чөйрөсү башкалар менен чогуу кете турган «паравоздон артта калдык». Экономикабыздын түзүмүн ЕАЭБдин талаптарына карап өзгөртө албадык, уюмдун регламентине ылайык өндүрүм чыгара албадык. Чыгарууга аракеттер бар, бирок алардын көлөмү, саны өтө эле аз.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG