Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Казакстан Кыргызстанга кайра доомат артты


Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитети Кытайдын товарлары Кыргызстан аркылуу Казакстанга жашыруун өткөрүлүп жатат деп жарыялады.

Коңшу өлкөнүн аталган мекемеси жыл башынан бери эле эки миңге жакын аткезчилик фактысы орун алганын билдирди. Кыргыз тарап буга жооп кайтара элек. Деген менен бул Казакстандын биринчи жолку айыптоосу эмес.

Коңшулардын жаңы дооматы

Ошентип аткезчилик боюнча Кыргызстандын дарегине Казакстандын дооматтары жаңы фактылар менен толукталды.

Кезектеги айыптоону коңшу өлкөнүн Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча мамлекеттик комитет таратты. Анда 2019-жылдын башынан берки кыргыз-казак чек арасындагы ири мыйзам бузуулар келтирилип, анын себептери көрсөтүлдү.

Казакстан менен Кыргызстандын желеги.
Казакстан менен Кыргызстандын желеги.

Мекеме 22-июлда сайтына жарыялаган билдирүүнүн видео версиясын “Фейсбуктагы” баракчасына да илди.

“Казакстанга өздөрүнүн өнүмдөрүн жеткирүү үчүн аткезчилер түрдүү схемаларды ойлоп табышууда. Анын бир жолу Евразия Экономикалык Биримдигинин аймагына Кыргызстан аркылуу кирүү. Бул жерде заманбап техника жана инспекциялык-көзөмөл комплекстери менен жабдылбаган өткөрмө пункттары көмүскө импортко жылчык берип жатат. Берилген документтерде көрсөтүлбөгөн товарды Кыргызстан аркылуу жашыруун ташылууда. Товарлар жок адамдарга жөнөтүлгөн учурлар да катталды. Кыргызстан тараптан келген жүктөрдү анализдөөдөн кийин, ушул жылдын 1-кварталында жок адамдарга товар жөнөтүү боюнча 1800 факты аныкталды. Бул фактылардан каржылык жоготуу 1 млрд. теңге деп бааланууда”,-деп айтылат билдирүүдө жана видеодо.

Расмий билдирүү камтылган тасмада Кыргызстан тараптан келген аткезчиликке даттанган бир нече казак ишкерлеринин да пикирлери кошулган. Алар Кытайдан жана Кыргызстандан чыгып жаткан мыйзамсыз товарлар казакстандык фирмаларга тоскоолдук жаратып жатканын айтышкан.

“КазЛегПром-Алматы” деп аталган ишкананын директору Меиржан Отарбеков анда жүйөсүн мындайча билдирди.

“Жакын жайгашкан мамлекеттер - Кытай менен Кыргызстандан ташылып келип жаткан контрафактылык товарлардын көбөйүшү бүгүнкү күндө өтө чоң көйгөй болуп жатат. Эгер биздин ыйгарым укуктуу органдар көмүскө импорт маселесин чечсе, биздин бул республикабыздын атамекендик жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө чоң түрткү бермек”,-дейт казак ишкери.

Казак тараптын айыптоосу жөнүндө Кыргызстандын Мамлекеттик Бажы кызматы билдирүү же төгүндөө бере элек. “Азаттык” радиосунун аталган мекемеге басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов аркылуу жолдогон расмий кайрылуусуна жооп боло элек.

Мамлекеттик чек ара кызматы болсо өткөрмө пункттарда тыюу салынган заттарды гана текшерүү укугу бардыгын, ал эми уруксат берилген товарлардын документтерин Бажы, Салык жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматтарынын адистеринен куралган мобилдик топтор текшерерин билдирүүдө. Ага карабай чек ара кызматынын өкүлү Гүлмира Бөрүбаева чек ара бекеттеринде казак тарап белгилеген инспекциялык-көзөмөл комплекстери жоктугун мойнуна алды.

“Кыргыз-казак чек арасында 12 өткөрмө пункттун сегизи учурда иштейт. Калгандары эми ачыла турганы буга чейин макулдашканын билесиз. Аларда инспекциялык-көзөмөл комплекстери жок. Менимче Евразия экономикалык биримдигинин эрежелерине ылайык, алар жакын арада коюлат болуш керек. Ал эми Кытай менен чек арада эки өткөрмө пункту бар. Аларда инспекциялык-көзөмөл комплекстери жабдылган, бирок толук иштей элек. Бул экөө пилоттук негизде иштей баштамак”,-деди ал.

Кантсе да коңшулардын дооматы ушуну менен бир нече жолу кайталанып жатат. Доомат мурда үзүл-кесил айтылганы менен 2017-жылы Кыргызстандын ошол учурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге карата сын-пикиринен кийин күчөп кеткен.

Кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек. Текшерүү күчөгөн учур.
Кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек. Текшерүү күчөгөн учур.

Оро-пара коңшу өлкө чек арадан өткөрүүнү катаалдаткан. Аны ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ошол кездеги казак премьери Бакытжан Сагинтаев Кыргызстан менен Кытайдын товар жүгүртүүсүндө жылына 3-4 миллиард доллардай айырма бардыгын айтып, муну Казакстанга жана ЕАЭБге кирип жаткан аткезчилик катары сыпаттаган. Ошол учурдагы Астана, азыркы Нур-Султан шаарында, Ереванда, Ташкентте өткөн ар кайсы платформаларда жыйындарда ушундай дооматтар жаңырган.

Ортодо кыргыз парламентинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу баштаган топ Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалып, соттолушу да бул талашка май чачкандай болду.

Бийлик аткезчиликти тыя алабы?

Кыргызстандын бийлиги казак тарапты бир нече жолу ийге чакырып, соңунда чек арадагы тартипти жөнгө салуу боюнча жол картасын кабыл алууга жетишкен. Бирок ага карабай соңку эки жылдан бери кыргыз-казак чек арасында кезек утуру узарып, кайра кыскарып келатат. Акыркы билдирүүсүндө да Казакстан Кыргызстан менен болгон өткөрмө бекеттеринде көзөмөлдү күчөткөнүн ырастады.

Искендер Шаршеев
Искендер Шаршеев

Экономист Искендер Шаршеев Кытай менен алакада эки коңшуда тең бирдей кине бар экенин эске салды.

“Дүйнөлүк абройлуу уюмдардын сервистеринде бажыда ким канча алып-сатып жатат, канчасы көмүскө жүрүп жатат, бүт баары катталган да. Так эсеби бар. Ошол маалыматтар Кыргызстандыкы менен да, Казакстандыкы менен да дал келбейт. Айырма өтө чоң. Эки өлкө тең ачык көрсөтпөй жатат. Албетте азыркы шартта Казакстанда күч көбүрөөк деңизчи, маселен чек араны жаап бизге ар кандай таасир көрсөтүшү мүмкүн. Бирок негизи өздөрү да ачык-айкын иштейт, Кытай менен чек арасында аткезчилик жок кылды деп айткандан алысмын”.

Орусиядагы көз карандысыз Евразия аналитикалык клубу Кытай менен соода-сатыкта Кыргызстандын да, Казакстандын да көмүскө жүгүртүүсү көптүгүн белгилеп келет.

Бирок ачык айтып коюш керек, мында Кыргызстандын жагдайы көбүрөөк күмөн ойлорду жаратат. Аталган уюмдун былтыр күзүндөгү баяндамасында соңку 20 жылдагы кыргыз-кытай соодасындагы расмий көрсөткүчтөрдүн айырмасы 50 млрд. долларды түзгөнү белгиленген. Бул аралыкта Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы Кытайдан жалпы суммасы 11,64 млрд. долларлык товар келгенин белгилесе, Кытай Кыргызстанга 61, 667 млрд. долларлык товар жөнөткөнүн көрсөткөнү айтылат.

Райымбек Матраимов
Райымбек Матраимов

Ушул кабарлардын фонунда Кыргызстандын укук коргоо органдары бажыдагы аткезчилик жана башка мыйзам бузуулар боюнча акыркы эки жылда он чакты кылмыш ишин козгоп, айрымдары сотко ашты. Бирок өлкөдө аткезчилик темасы козголгондо эле талкуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго барып такалууда. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган топ аны бул көрүнүштүн башында турат деп айыптап, камакка алууга чакырып келсе, Матраимов өзү муну четке кагып келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын пикирине орун берели.

Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

“Албетте аткезчилик мурда да болгон, бирок акыркы эки жылда болуп көрбөгөндөй өстү. Биздин өлкө кичинекей болгондуктан бардык аткезчилик жолдорду чек ара кызматы, бажы кызматы, атайын кызмат, бүт баары жакшы билет. Борбордук жана жергиликтүү бийлик, депутаттар беш колдой билишет. Ал тургай товарды кайсы киши, кайсы көпүрө аркылуу өткөрөрүнөн да толук кабары бар. Бирок бийлик “күнөөсүз кыздай” түр көрсөтүп, биринчи жолу угуп жаткандай мамиле кылат. Эгер жогорку бийликтен “крыша” болбосо аткезчилик да болмок эмес. Маселен акыркы чуулуу аткезчилик фактылары боюнча, же кыргызстандан бараткан ири баңгизат товарынын Германияда кармалышы боюнча президент, же Коопсуздук кеңеши кандайдыр үн каттыбы? Жок. Мунун өзү аткезчилик менен күрөшүү бийликтин колунан келбей калганын көрсөтөт. Туугандык-тааныш билиштик тыгыз орноп калганын түшүндүрөт. Саясий эрк болбосо бул көрүнүш эч качан токтобойт”,-деди эл өкүлү.

Баса, быйыл апрелде орусиялык басылмалар да Москва Кыргызстан менен Казакстандын бажысындагы аткезчилик жана көмүскө схемалар боюнча текшерүүнү күчөткөнүн жазып чыгышкан.

“Интерфакс” агенттиги 10 млрд. рублдин тегерегиндеги көмүскө акча эсепке алынбай калган импортту каржылоого кетип жатканын кабарлаган. Ал каражаттар Кыргызстандын жана Казакстандын ири соода кампаларына, базарларына которулуп жатканы жана аткезчилик товарлар Кытай менен Вьетнамдан ташылып жатканы айтылат.

Ал эми REGNUM басылмасы болсо жашыруун булагына шилтеме берип, “Москва Кыргызстан жана Казакстандын Кытай менен чек арасындагы “чоң жыртыктан” тажаганын” жазган. Маалымат агенттиги бул аймактагы аткезчиликтен улам Евразия Экономикалык Биримдигинин бюджети 1 млрд. доллардай каражатты жоготконун билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG