"Азаттык плюстун" кезектеги чыгарылышында той темасына токтолдук. Берүүдө кафе-ресторан кургандар көбөйгөнү ошол эле маалда насыяга той өткөрүп, кыйналган мекендештер тууралуу сөз болот. Программага айрым өнөр адамдары да катышып, ашыкча чыгым менен ысырапкорчулукту токтотууга мезгил жеткенин айтышты. Бул темага сиз да үн кошуп, шеринеге пикир калтырсаңыз болот.
Экономика
жума 15 Ноябрь 2019
Бишкектин Мурас-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу бүтпөй турат. Долборлоо иштери 2015-жылы башталган. План боюнча пайдаланууга 2019-жылы берилмек. Бирок ушул тапта 550 орундуу мектептин каркасы гана турат. Качан бүтөрү белгисиз. Мындан улам коңуштагы миңден ашык бала коңшу Озерное мектебинде бир партада үч-төрттөн отуруп, окуусун улантууга аргасыз.