Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Президент Путин чечен жикчилерин «халифат түзүү мүдөөсүн көздөйт» деп айыптайт


Тынчтыкбек Чоротегин Шейшембиде Ослодо президент Путин Чеченстан маселесин “Орусиянын ички маселеси” деп баалаарын кайталап айтты. Ал эми дүйшөмбү күнү ал Брюсселде болуп өткөн Европа Биримдиги менен Орусиянын саммитинен соң, чечен жикчилерин Орусиянын аймагында “халифат” түзүүгө далаалаттанып жатат деп айыптаган. Анын айрым сөздөрү европалыктарды аң-таң калтырды.

Президент Владимир Путин шейшембиде Норвегиянын ордо шаары Ослодо герман канцлери Герхард Шрөдер менен жолуккан соң, биргелешкен маалымат жыйынында Чеченстан маселеси Орусиянын ички маселеси экенин айтты. Ал эми Шрөдер болсо Чеченстандын Орусиянын ажырагсы бөлүгү катары конституциялык макамын аныктоо боюнча Маскөөнүн сунушун бул маселеде саясий жолду табуу аракетинин башаты катары кароого болоорун айтты.
Брюсселде ноябрдын 11инде Орусия менен Европа Биримдигинин саммитинен кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында Президент Владимир Путин чечен жикчилери тууралуу бир француз журналисти берген суроого өтө катаал маанайда жооп кайтарды. Ал чечен жикчилерин дүйнө жүзүн каратып алууну көксөгөн радикал исламчылардын бири катары баалады: “Орусия Федерациясынын алкагында халифат түзүү –алардын көздөгөн ишинин биринчи гана жагы. Иш жүзүндө, эгерде бул жааттагы кырдаалды сересеп сала жүргөн болсоңуз, радикалдар өздөрүнө алда канча кеңири масштабдагы мүдөөнү коюп жатканын билбей койо албайсыз. Алар дүйнөлүк халифатты түзүүнү самашат. Алар америкалыктарды жана алардын шериктерин өлтүрүү жөнүндө айтууда”.
Президент Путин бул сөздөр менен чектелбестен, кызууланып кетип, француз журналистине мындайча кайрылды: “Эгерде сиз таптакыр эле баш отуңуз менен исламчы радикал болуп кетүүнү жана сүннөткө отурууну кааласаңыз, анда мен сизди Маскөөгө чакырам. Биздин өлкө - көп диндүү калктын өлкөсү. Бизде сүннөт маселесинде да адистер көп. Анан сизге мындан ары эч нерсе өспөгөндөй кылып бул операцияны жасап бергиле деп мен тийешелүү адиске сунуш кылам”, - деди өзүн токтото албай калган президент Путин.
Анын котормочусу бул сөздөрдү жымсалдап которуп берди.
Европа Биримдигинин саммитинде чечен маселеси өзгөчө деле коюлган жок. Бирок Европа Биримдиги бул маселеде Путин менен көп жагынан макул эместиги анык. Маселен, Даниянын премьери Андерс Фог Расмуссен бул маалымат жыйынында Путинден оболу сүйлөп, Чеченстан маселеси жөнүндө төмөнкү пикирин айтты: “Чеченстан жаңжалы террорчулук менен гана байланыштуу каралып чектелбейт. Узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүнүн жалгыз жолу – бул саясий чечилиш. Европа Биримдиги окуялардын өнүгүшүн кылдат байкоого алмакчы. Эки тарап тең адам укуктарын кадырлоого тийиш. Кимде-ким буга каршы иш кылса, токтоосуз түрдө сот жообуна тартылууга тийиш”.

Дүйшөмбүдө Ичкериянын, башкача айтканда, Чеченстандын жикчилер тарабынын президенти Аслан Масхадов Орусия менен саясий баарлашуу жараянын эч кандай шартсыз жүргүзүүгө даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG