Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Жаңы жылдан тарта эски паспорттор жараксыз деп табылат.


2003-жылдын 1-январынан тарта 1974-жылкы СССРдин убагындагы паспорттор жараксыз деп табылат.Ошондуктан кыргыз жарандары эски паспортторун жаңы үлгүдөгү паспортко алмаштырууга тийиш. Бул тууралуу дүйшөмбүдө «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн прессконференцияда Ички иштер министрлигинин паспорттук-визалык иштер боюнча башкармалыгын башчысы Ңуркамил Ботояров маалымдады.Анын айтымында 1995-жылы жаңы паспорт киригизилгенден бери жумуруят боюнча калктын 90% жаңы паспорт менен камсыз болду. Бирок кээ бир региондордо бул жараян жай жүрүүдө, маселен Бишкекте калктын 65% гана жаңы паспорт алган. Ал эми эң алдыда Чүй облусунун калкы болуп, бул облуста элдин 93% жаңы паспорт алууга үлгүргөн.

XS
SM
MD
LG