Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Төрага отчет берди.


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны акыркы үч айда 43 мыйзам долбоорун карап, 34 түн кабыл алды.Бул палатада мыйзам чыгаруу иши өз ыргагы менен жүрүп жатканын далилдейт,-деп билдирди дүйшөмбү күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев маалымат каражаттары үчүн өткөрүлгөн прессконференцияда.Төрага ошондой эле парламентти таратууга чакырган акыркы кездеги митингилерди жасалма митинг деп атап , анын чакырыктары Конституцияга каршы келерин билдирди.Эркебаевдин айтымында 2002-жылдын башынан тарта Мыйзам чыгаруу жыйыны татаал саясий кырдаалда иштеди, буга карабай быйылкы жылы 201 мыйзам кабыл алынды деген төрага жыйын кворумдун такай жоктугунан жабыр тартууда деген маалыматтарды четке какты.Бизде быйылкы жылы болгону 5жолу кворум болбой калды,-деп белгиледи Абдыганы Эркебаев.

XS
SM
MD
LG