Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Орозо айтка карата иш чаралар Ысык-Көлдө да өттү


Шейшекан Жаналиева

Область боюнча 40тан ашуун мечит бар, анын 10дон ашыгы республиканын юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Орозо Айт күнү Каракол шаарындагы жана областтын башка айылдарындагы мечиттерге айт намазына келгендердин саны башка жылдарга салыштырмалуу кыйла арбын болду. Маселен, областтын борборундагы мечитке мурда уйгур, өзбек жана татар улутундагылар көбүрөөк келип мусулманчылыкка ыйык парзын өтөшсө, бул жолу кыргыз жаштары айт намазына келгендердин басымдүү бөлүгүн түздү. Бирок, жергиликтүү жетекчилерден мечитке баш башкандары болгон жок, дешти имам-хажиттер. Мечиттердин алдында топтолушуп кайыр сурагандар жылдан-жылга көбөйүүдө.

XS
SM
MD
LG