ЖАЛАЛ-АБАД. 23-декабрда депутат Азимбек Бекназаровдун Аксы районундагы кабылдамасынан алынган маалыматка караганда, быйыл 17-18-мартта Аксы окуясында каза тапкандардын жакындары, ошондой эле анда жарат алган жана ички иштер бөлүмүндө сабалган жигиттер Майлы-Сууга барууга материалдык шарттары жоктугун билдиришти. Ала Аксы окуясы боюнча айыпталгандардын ишин Кербенде өткөрүүнү талап кылышууда. Адам укугун коргоочу Кыргыз комитетинин төрага орун басары Жакишевдин маалыматында, окуяда 50 адам жабыр тарткан. Алардын арызы Башкы Прокуратура аркылуу өкмөттүк тергөө тобуна жөнөтүлгөнү менен, көрүлгөн чаралар жагдайында жооп берилген эмес. Аксы райондук прокурору Токтогулов сотко катышууга 15 атуулга чакырык кагазы таркатылгандыгын билдирди.
Ырысбай Абдраимов