БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев 31-декабрдан 1-январга оогон түнү, тактап айтканда Жаңы Жыл алдында Кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу 2003-жаңы жыл менен кыргыз калкын куттуктады. Өз куттуктоосунда президент Кыргызстандын калкына тынчтык, бейпилдик каалоо менен, өткөн жыл ичиндеги негизги окуяларга токтолду. Президенттин пикиринде 2002-жылдагы негизги окуялар Аксы окуясы, донор мамлекеттердин Бишкектеги кеңешмеси жана Тоо Жылынын өткөрүлүшү болду. Өлкө башчысы өз куттуктоосунда, 2003-жылы аткарыла турган маселелер - Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн Жылын өткөрүү, конституциялык реформаны ийгиликтүү аяктоо жана туруктуулукту сактоо болоорун белгиледи.