БИШКЕК. Кыргызстандын Улуттук Банкы 2002-жылдын декабрь айынын аягында «Коммерциялык банктардын уставдык (жеке) капиталынын минималдык көлөмү жөнүндө» токтом кабыл алды. Ага ылайык 2003-жылдын 1-июлунан тарта коммерциялык банктардын уставдык капиталынын көлөмү 30 млн. сомдон кем болбош керек. Ал эми 2006-жылдын 1-январынан тартып ал капиталдын өлчөмү 60 млн. сомдон кем болбоого тийиш. Улуттук Банк бул чечим аркылуу коммерциялык банкаттардын туруктуулугун камсыз кылууну көздөп жатат. Учурда көпчүлүк банктардын уставдык капиталынын көлөмү 30 млн. сомдон ашат, бирок Улуттук Банк уставдык капиталды андан ары акырындап көбөйтүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Улуттук Банктын басма сөз кызматы кабарлады.
Улуттук Банк коммерциялык банктардын уставдык капиталын көбөйтүүнү көздөп жатат.