Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Өзбекстанда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү болот.


БИШКЕК. 2003-жылдын январь айынын ортосунда Өзбекстандын Наманган шаарында кыргыз-өзбек чек ара сүйлөшүүсүнүн кезектеги бөлүгү башталат.Сүйлөшүүлөр эксперттердин деңгээлинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу шейшембиде өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы, сүйлөшүүдөгү кыргыз эксперттик тобунун жетекчиси Саламат Аламанов маалымдады. Кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы раунду өткөн жылы ноябрь айынын үчүнчү бөлүгүндө Бишкекте өткөрүлгөн эле. Эки мамлекеттин чек ара тилкесинин узундугу 1,5 миң чакырымдай келет жана анын 600 чакырымдан ашууну делимитацияланган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG