БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Омар Султанов өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу премьер министр Николай Танаевдин буйругун өкмөттүн маалымат кызматы ишембиде таратты. Бейрасмий булактан алынган маалыматка караганда, О. Султанов кызматтан кетишинин себебин жеке ишкердикке өткөңдүгү менен түшүндүргөн.
Тышкы иштер министринин биринчи орун басарыөз каалоосу менен кызматынан кетти.