Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Кыргызстанда 260 диний уюм каттоодо турат.


БИШКЕК. Кыргызстанда 15 багыттагы 260 диний уюм каттоодо турат жана алар калктын 17 пайызга жакынын түзөт. Бул тууралуу жекшембиде өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча комиссиянын башчысы Өмүрзак Мамаюсупов билдирди. Диний уюмдардын катарында, мусулмандар менен православдардан тышкары, протестанттык көптөгөн башка агымдар, мунн, кришна, иегово күбөлөрү өңдүү эгемендүүлүк менен кошо келген диний уюмдар да бар. Ал эми калктын 80 пайызга жакыны - мусулман динин туткандар. Каттоодон өткөн мечиттердин жалпы саны миңден ашык. Бирок, бейрасмий маалыматтарда мечиттердин саны 2 миңден ашкандыгы, жана алардын басымдуу бөлүгү тыштан келген ар кыл жардамдын эсебинен курулгандыгы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG