Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Түркиядагы авиакырсыктан 75 адам өлүп, 5 киши аман калды


Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө, өлгөндөрдүн сөөктөрүн аныктоо иши башталды. Кечээ кечинде Стамбул шаарынан чыккан учак Диярбакыр шаарынын аба майданына коноор алдында кулаган. Түркиянын премьер-министри Абдулла Гүлдүн айтымында, авиакырсыктын чыгышына өбөлгө болгон себептердин бири катары аба ырайынын начардыгы каралууда. Бүгүн болсо Түркиянын Малатья провинциясында, машыгуу учурунда, абадан эки аскерий учак кагышкан. Маалыматтарга караганда, аларды башкарган учкучтардын төртөөсү тең курман болду.

XS
SM
MD
LG