Сыноодон өткөрүлгөн «Агни-1» ракетасы өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү. Өлкөнүн коргоо министрлигинин өкүлү билдиргендей, 600 чакырымдан 800 чакырымга чейинки алыстыктагы бутаны жок кыла алчу ракета Индиянын чыгышындагы Орисса штатында жайгашкан полигондон коё берилген. Окуяга байланыштуу Британия камтамачылык билдирип, тышкы иштер министрлигинин өкүлү бул сыноо чөлкөмдөгү кырдаалга терс таасирин тийгизээрин белгиледи. Ал эми коңшу Пакистандын маалымат министри Рашид Ахмед «сыноо Индия чөлкөмдө үстөмдүк ортнотуу саясатын улантып жатканын көргөздү»,- деп айтты.