Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ ЧЕК АРА ЖАНА БАЖЫ БЕКЕТТЕРИНИН МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛДИ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен 13-январда Тажикстандын Исфара шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы маселелер талкууланып, Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү бул тууралуу протоколго кол коюшту.

13-январда Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы чек ара жана бажы маселелерин талкууга алышты. Жолугушууга кыргыз тараптан вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов, тажик тараптан Тажикстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Амиркул Азимов баштаган топтор катышты. Анда негизинен Баткен жана Согди областтарынын чегине кошумча коюлган бажы жана чек ара бекеттерин биротоло алып салуу маселеси каралды.

Өткөн жылдын жай мезгилинен баштап тажик тарап Баткен, Лейлек райондорун байланыштырган кан жолдогу, кайсы өлкөгө тиешелүү экени азырынча тактала элек, Жетиөрүк деген жерге өз алдынча бажы бекеттерин коюп, кыргыз жарандарынын нары-бери каттоосун бир топ кыйындатып жиберген. Баткен областынын бийлиги тажик тарапка мыйзамсыз коюлган бул бекеттерди алып таштоону талап кылып бир канча ирет кайрылып, эч кандай майнап чыкпаган соң, акыры адекваттуу чара көрүүгө аргасыз болгон. Натыйжада, ушул жылдын башында Тажикстандын Ворух анклавы менен Исфара районун байланыштырган жолдогу Баткендин Көктерек айылына кыргыз тарап чек ара жана бажы бекеттерин коймокчу болгондо, 300 чакты тажик жараны көтөрүлүп, вагонетканы аңтарып салган. Буга удаа эле Баткендин Актатыр, Көкташ айылдарынан чогулган 200дөй киши ушундай эле ыкма менен, Жетиөрүк бажы бекетиндеги вагонетканы аңтарып ташташкан. Бул окуялардан кийин эки областтын жетекчилери сүйлөшүп, чыр-чатакка себеп болчу мындай бекеттерди алып салуу тууралуу макулдашып, тажик тарап Жетиөрүк жана Согди бажы жана чек ара бекеттерин, ал эми кыргыз тарап Ворух анклавына кире бериштеги Актерек жана Ворух-Исфара жолундагы Көктерек бажы жана чек ара бекеттерин дароо эле алып салышкан.

13-январда жолугушкан Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары ушул маселени мамлекеттик деңгээлде карашып, эки элдин ортосундагы чыр-чатактарга себеп болчу мындай бекеттерди биротоло алып салуу туралуу сүйлөшүштү. Бул сүйлөшүнүн жыйынтыгы жөнүндө кыргыз делегациясынын мүчөсү, Баткен областынын губернаторунун биринчи орун басары Максатбек Дыйкан уулу айтып берди.

- Эң биринчи ушул айтылган бекеттер боюнча айылдарга барып, жер-жерлерин көрүп келдик. Келгенден кийин бир топ пикир алмашып, жыйынтыгында атайын келишимге кол коюлду. Ошол келишимдин негизинде эки мамлекеттин ортосунда көрсөтүлгөн гана бекеттер калып, андан башка мыйзамга туура келбеген, келишимдеги жок бекеттер болбосун деген жыйынтыкка келдик. Ошонун натыйжасында, тажик тараптан Жетиөрүк, Согди бекети алынды, Кыргызстан тараптан Актерек, Көктерек деген бекеттерди алдык. Мындан ары мындай аракеттер Тажикстан тараптан болбош керек. Ал эми Кыргызстан тарап эч качан бекеттерди биринчи койгон эмеспиз. Алар бекет коюп элди кыйнай баштагандан кийин, биз бир нече жолу кайрылып, суранганыбыз таасир бербегенден кийин, адекваттуу чара катарында койгон болчубуз. Ошону биз тажик делегациясына абдан көрсөтүп айттык, алар ошого макул болушту.

Тажикстандын Согди областынын Баткен областындагы өкүлү Сыражидин Карамидинов ушул эле ойду улап, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары бул жолугушууда эң бир туура чечимге келди деп эсептейт.

- Биздин элибиз ушул региондо, айрыкча Чаркөй, Ворух, Исфаранын Согди областында, Аксай, Баткен областтарында кылымдап чогуу жашап келишкен. Эки тараптын өкмөттүк комиссиялары өздөрү барып көрүштү. Чек арадагы бажыканаларды алып салуу менен, алар туура чечим чыгарышты деп ойлойм, - дейт Карамидинов.

Мындан тышкары, жолугушууда жер, суу маселелери да көтөрүлүп, эки тарап тең демаркация жана делимитация иштери бүтмөйүнчө бул маселелерди козгобой туруу тууралуу чечимге келишти. Ошондой эле Баткен жана Согди областтарынын ортосунда атайын жумушчу топ түзүлүп, мындан ары чек ара маселелерине байланыштуу эки ортодо кандайдыр-бир келишпестиктер чыгып калса, маселени сүйлөшүү аркылуу жөнгө салып туруу жөнүндө макулдашышты. Ал эми Лейлек району менен Тажикстандын Гафуров районунун ортосундагы ушундай эле бекеттерди алуу маселеси кийинки жолугушууларда карала турган болду.

XS
SM
MD
LG