Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

«Кыргыз ордо» гезитине байланыштуу чечимин Бишкектин Биринчи Май райондук соту өз демилгеси менен өзгөрттү


Биринчи Май райондук соту «Кыргыз ордо» гезитин жабуу жана «Учкун» басмаканасында анын басылышына тыюу салуу тууралуу 10-январда чечим чыгарган эле. Сот бул чечимин 15-январда өзү жокко чыгарды. Муну гезиттин башкы редактору Бекен Назаралиев жана адвокат Ашыркул уулу Токторбек да ырасташты. Актоочунун айтымында, бу чечимди сот өз ыктыяры менен чыгарды. Ага ылайык, мурдагы чечимден «Кыргыз ордо» гезитин жабуу жөнүндөгү пункт алынып салынды, ал эми гезиттин мүлкүн камакка алуу чечими күчүндө калды. Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Айдарбек Дүйшалиев «Кыргыз ордо» гезитинде жарыяланган макала анын ар-намысына шек келтирди деп эсептеп,редакцияга 350 миң сом өлчөмүндө доо коюп,ага кошо гезитти жабууну талап кылып,Биринчи Май райондук сотуна арызданган. Адвокат Ашыркул уулу Токторбай райондук соттун 15-январдагы чечимин да жокко чыгаруу максатында Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилерин билдирди.

XS
SM
MD
LG