Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

· Грузия Панкиси капчыгайында жашынган айрым куралдуу топторду өлкөдөн чыгарып кеткенге көндүрдү


ТБИЛИСИ. Грузия Панкиси капчыгайында жашынган куралдуу чечен топторун өлкөдөн чыгып кетүүгө көндүрдү. Грузиянын коопсуздук министри Валерий Хабурдзаниянын “Рустави-2” деген көз каранды эмес телеканалга берген маалыматына караганда, айрым топтор грузин күчтөрү менен куралдуу жаңжалды тутандырып, аны Чеченстандан Грузиянын аймагына жайылтууга аракеттенген. Бирок ошого карабастан Грузиянын бийликтери куралдуу топтордун айрымдарын кан төгүүсүз кетип калууга көндүрүштү. Министр куралдуу топтордун кээ бири Чеченстанга, башкалары үчүнчү өлкөлөргө чыгып кеткенин билдирди. Орусия менен АКшнын кысымы астында Грузия өткөн жайда Чеченстан менен чектеш Панкиси капчыгайын куралдуу топтордон тазалоо операцияларын жүргүзгөн. Өкмөт бир канча куралдуу козголоңчуну жок кылып, жоон тобун камакка алганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG