Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

ПРЕЗИДЕНТ А. АКАЕВ ЖАЛАЛАБАДДА БОЛДУ


Ырысбай Абдраимов, Жалал-Абад 22-январда президент Аскар Акаев Жалалабад областында болду. Президент менен жолугушууда областтын губернатору Жусупбек Шарипов областта Конституциянын долбоорун талкуулаган 1334 чогулушка 19220 адам катышып, өкмөткө өз алдынчалык берүү, партиялык тизме боюнча шайлоону алып салуу жана тартипсиз депутаттарды жоопкерчиликке чакыруу сыяктуу 4 миңден ашык сунуш, талап түшкөнүн маалымдады.

Президент Аскар Акаев областтагы иш-сапарын Сузак районундагы чарбалар менен танышуудан башталды. Областтын коомчулугу менен жолугушуу учурунда ал эмнеликтен референдум өткөрүлүп жаткандыгына токтолду. Конституциянын жаңы долбоорун элдик талкуулоого жетиштүү убакыт бөлүнгөндүгүн, калктан түшкөн 11 миңден ашуун сунуш-талаптын көпчүлүгү жаңы редакцияда камтылгандыгын ал белгиледи.

- Бизге окшогон чакан мамлекеттерде, Европада ушундай норма бар. Ал жерде 80 миң шайлоочуга 1 депутат туура келет. Чоң мамлекеттерде, мисалы Россияда 1 депутатты 500 миң шайлоочу шайлайт. Бизде 80 миң шайлоочу 1 депутатты шайласа, Кыргызстандын Жогорку Кеңешине 40 депутаттан гана шайланат. Бул өтө аздык кылат. Мыйзам чыгаруу жыйынында 60 депутат иштеп атат, анын тажрыйбасын көрдүк. Башка мамлекеттерде 60 дагы аздык кылат. Жаңы редакцияга кирген, элдин 60% колдоп сунуш кылган, 70-75 депутат оптималдуу сандагы курам болот. Ушуну колдоп берсеңиздер.

Аскар Акаевдин түшүндүрмөсүнө караганда, жаңы редакциядагы долбоор кабыл алынса Жогорку Кеңештин ыйгарым укугу, депутаттардын жоопкерчилиги, өкмөттүн укугу кеңейтилет:

- Азыр депутаттарды тынчсыздандырган маселе – комитеттерди чектегенибиз, заседаниелерге себепсиз барбагандарын, өздөрү көпчүлүк добуш менен депутаттыктан алып коюусу. Өткөн жылы партиялык тизме менен депутаттыкка өтүү мүмкүнчүлүгүн эксперимент катары ачканбыз. Мен бардык жерде эл менен жолукканда: «Жанагы тизмени жөн эле койгула, биз өзүбүздүн депутатыбызды шайлап алабыз. Конституцияга жазып койгулачы, жылына жок дегенде 2 жолу келип, отчет берип турсун», - деп эл, аксакалдар көп айттышты.

Аскар Акаев партиялык тизме боюнча шайлоонун жоюлушун дүйнөлүк практика менен бекемдөөгө аракеттенди жана элди референдумга катышууга, өзүн колдоого чакырды. Ал оппозициялык саясатчылардын сөздөрү чындыктан алыс деп айтты:

- Азыр оппозиционерлер жалган маалымат таратып, коомдук пикир түзөбүз дешүүдө. «Президент ушундан пайдаланып мөөнөтүн узартып алганы жүрөт» деген кеп-сөз чыгарып атышат. Ага ишенбегиле. Мен ошон үчүн атайын «декабрь, 2005-жыл, конституциялык шайланган мөөнөтүмө чейин гана» деп кашаанын ичине жазып койдум.

Алабука, Сузак, Чаткал, Базаркоргон райондорунун өкүлдөрү жана губернатор Жусупбек Шарипов президент Аскар Акаевдин жүргүзгөн саясатын колдоорун айтышып, референдумду жактырышаарын билдиришти. Аксы районундагы «Аялдар кеңешинин» төрайымы Сажира Эралиева районго берген жардамы үчүн Аскар Акаевге ыраазылык айтты:

- Депутаттык мандатка жамынып, «Аксы элинин атынан сүйлөп атам» деген депутаттарга Аксы эли эч качан кошула албайт. Аксыда 200дөй эле адам жашабайт, Аксыда 100 миңден ашуун эл жашайт. Жалпы эл бузукулардын аракетин кескин айыптайт жана тиешелүү чечимге келип, мындан ары терс көрүнүштөрдү болтурбайбыз, Аскар Акаевич.

Ал эми президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жүргүзүү комитетинин областтагы жетекчиси Медер Үсөновдун пикирине караганда, жаңы редакцияда элдин ою, оппозициялык маанайдагы депутаттардын пикири четке кагылды:

- Жалалабад областы боюнча «Акаевди отставкага кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы бул реформага каршы. Себеби, реформа аркылуу президент өзүнө, бала-чакасына, үй-бүлөсүнө кол тийбестикти камсыз кылгымы жана эл менен эсептешпей туруп, депутаттар кабыл алган мыйзамдарга вето коюу, алардын мандатынан ажыратуу укугуна ээ болгусу келет. Мындай конституциялык реформаны биз туура эмес деп эсептейбиз.

XS
SM
MD
LG