- Турдубай Курманбаевич, сиз жетектеген Акташ айыл өкмөтүнө караштуу Барак кыштагынын тургундары, демек, анклавда жашаган адамдар Өзбекстан чек ара бекетинен ары-бери өтүш өтө татаал болуп жаткандыгы туралуу премьер-министрге чейин арыз жолдошуп, тиешелүү адамдар кечээ барактыктар менен жолугушуу өткөрүптүр. Адегенде сөздү ушундан баштасаңыз.
- Барак айылынын тургундарынын жазган каты боюнча, өкмөттүн чек араларды тактоо боюнча комиссиянын төрагасы Аламанов Саламат Кулембекович баш болуп Барак айылына барып, эл менен жолугушуу өттү. «Кайсы анклавды Өзбекстан бизден сурабасын, биз Баракты алмаштыралы деген сунуштарды киргизип атабыз. Барак №1- проблема болуп калды бизге» деген сунуштарды Аламанов өзүнүн сөзүндө элге түшүндүрүп айтты. Бирок, ушул күндөрдө чек ара маселеси чечилбеши көрүнүп турат.
- Барактыктар жер которууга, көчүүгө макул бекен?
- Эл «өзүбүздүн жерибизди таштабайбыз. Байыртан бери ата-бабаларыбыздын сөөктөрү коюлуп калган жерди башка жерге алмаштырып кетишке эч акыбыз жок. Бизге коридор жол ачып бербесеңиздер болбойт» деп, бул вариантка көнүшпөдү. «Сохто, Кыргызстандын ичине кирип калган анклавда 40 миңге жакын эл жашайт экен. Өзбекстандын өзүнө окшоп, аларга да катуурак кысым жасап, транспортун өткөрбөй салганда биздин маселебиз тезирээк чечилет эле» деген дооматтарды коюп атышат.
- Барактыктардын кыйынчылыктарын сүрөттөп айтып көрүңүзчү.
- Барактык менен биздин Акташ айыл өкмөтүнүн ортосунда Бирлешкен деген Өзбекстандын колхозу бар. Ортодо милицияларды койгон тосмосу, бекети, бажысы бар. Тосмодон машиналар ары-бери өтпөйт. Жөө адам гана өтүшү мүмкүн, ага дагы жолдорун бекитип, жакшы ачып койгон эмес.
- Ошол бекеттен ары өткөндө Карасуу–Ош жолуна чейинки аралык канча?
- 7 километр. Бекеттен ары 3 километр жөө жүрүш керек.
- Ошол бекетке чейин кыштактан автобус каттатылганбы, же жокпу?
- Өзүбүздүн Ош–Карасуунун чек арасынан бекеттин жанына чейин жүргөн маршрут машиналарыбыз бар. Алар ошол чек арадан кайтышат. Барактык тургундар чек арага чейин жетип алат, андан ары жөө кетишет. Чек арадан наркы кыштакка чейин автобус жок. Себеби, биздин аймакка чейин Өзбекстандын аймагы болуп эсептелинет, алар ал жакка машина жүргүзүшпөйт.
- Анда барактыктардын эч кимисинде менчик машиналары жок экен да бүгүнкү күндө?
- Барактыктардын менчик машиналары бар. Бирок, алар ошол Барак айылынын ичинен сыртка чыгышпайт, уруксат жок.
- Барак кыштагында дүкөн барбы?
- Барак кыштагында 3-4 жеке менчик дүкөн ачылган. Ошол дүкөндөр бардык элди камсыз кылып турат.
- Машина жүрбөсө, чек ара бекетинен ары жүктү жөө көтөрүп кетишеби?
- Кол жүк кылып, жөө көтөрүп өтүшөт.
- Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Өзбекстандын бекетинен өтөөрдө, зарыгып калган учурларда, акча берип өтүшкөн жагдайлар да бар экен. Бул жөнүндө сизде маалымат барбы?
- Элдин айтуусу боюнча, бекетте турган милициялар албайт, аскерлер келип калган учурда, элден «акча төлөсөң өтөсүң, төлөбөсөң жок» деген учурлар болууда. Алардын чоңдоруна айтсак, «ким ошондой кылып акча сураган болсо, бизге жазуу жүзүндө бергиле. Ошол адамдар менен тийиштүү чара көрөлү» деп Коргонтуу районунун акими айтты. Биз жазуу жүзүндө кайрыла албадык.
- Барак кыштагында референдум өткөрүү дагы өзгөчө шартта болсо керек?
- Референдум күнү көчмө урнаны алып, Баракка барып, референдум шайлоосун мектептен өткөрөбүз деп пландаштырып атабыз. Себеби, шайлоочу аз. Араң 220дан ашык шайлоочу бар. Ошон үчүн ашып барса 2-3 саатта бардыгы өтүп болушат.