Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

БОЛОТ БАЙКОЖОЕВ: «ПРОФЕССИОНАЛ ТАЗА АДАМДАР КЕЛМЕЙИН БАНК СЕКТОРУ ОҢОЛБОЙТ»


Сапар Орозбаков, Бишкек Өткөн жылдын майында Улуттук Банк «Ысыккөлинвестбанктын» лицензиясын алып коюп, сентябрда кайра берген. Банктын президенти Болот Байкожоев «банктын лицензиясы негизсиз алып алынган» деп баалап, аны өзүнүн Улуттук Банктын ишин текшериш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссияны жетектегендиги жана сессияда сын-пикирди көп айткандыгы менен түшүндүрөт.

- Болот Мукашевич, сиздин «Ысыккөлинвестбанкыңыздын» лицензиясын алып коюшту эле. Кайра кайтарып беришти деп уктук. Ушул тууралуу бизге кененирээк айтып берсеңиз. Эмне үчүн алып коюшуп, эмне үчүн кайра беришти?

- 2001-жылы бизде Орозалиев деген бир кызматкерибиз бар эле. Ошол киши 250 миң сомубузду алдап алып кетип, анын үстүнөн иш козгосун деп Башкы Прокуратурага кайрылганбыз. Ал кайра биздин үстүбүздөн арыз бериптир. Башкы Прокуратура аны эмес, бизди текшерип жатып калды. Жалган материалдын негизинде биздин үстүбүздөн кылмыш ишин козгошту. Күнөөбүз жок экен, акырында ишти жапканга аргасыз болушту. Ошентип 2002-жылы кайра иштей баштадык. 35 күн эле иштедик. Ошол 35 күндүн ичинде 1,5 млн. сом таза киреше таптык. Азыр биз мамлекетке эмес, мамлекет бизге 850 миң сом карыз. Салык боюнча дагы 800 миң сомдон ашык карыз. Жакшы, таза иштеп турган банкты талкалап жок кылганга аракет кылышты. Кыргызстанда көп нерселер туура эмес болуп жатат. Жакшы иштеп, өлкөгө пайда берип жаткан банктарды, ишканаларды мамлекеттик структуралар күчкө салып, жаап жатышат. Мунун себеби эмнеде? Менин оюмча, мунун саясий жагы да, ич тардык - көралбастык жагы да бар. Чатак чыгаар алдында 2001-жылы биз 20 млн. сом пайда тапканбыз. Ушуну көрө алышпай, банкты талкалагысы келишкен.

- Орозалиев деп жатасыз. Ал эмне болгон киши, эмне кылды эле?

- Ал бизде Бишкек филиалынын директорунун милдетин аткаруучу болчу. Адегенде ал 10 миң долларыбызды мыйзамсыз алып кеткен. «Акчаны ордуна кайра кой» деп, кайра койдурганбыз. Бирок бир жумадан кийин 250 миң сомду алдап алып кетиптир. Анын үстүнөн кылмыш ишин козгошкон болчу. Иш козголгонуна 4 жыл болду, аягына чыгышпайт. Эми гана сотко ашырабыз деп жатышат.

- Акчаны Орозалиев алса, бу жерде банктын тиешеси кандай?

- Мен өзүм да түшүнбөйм. Бул жөнөкөй эле жарандык иш болчу. Орозалиев жөн эле шылтоо болсо керек деп ойлойм. Аны текшербей эле, бизди текшеришти. 1,5 жыл Башкы Прокуратуранын 7 кишиси бизди ийне-жибибизге чейин казып көрүштү. Эч нерсе таба алышпай, аргасыздан ишти жабышты.

- Башкы Прокуратура текшерүүнүн себебин эмне менен түшүндүрүп жатты?

- «Саясий заказ» деп айтып жатышты. Бирок ким заказ бергенин айтышпайт.

- Антип ким айтты?

- Башкы Прокуратуранын кызматкерлери.

- Ачык элеби?

- Ачык эле айтышты. «Байкожоев, сен сессияда көп сүйлөйсүң, азыраак сүйлөш керек» дешти. Мен түшүнбөй жатам. Анда эмне үчүн бизди депутат кылып шайлашты? Сүйлөгөн эле депутаттын артынан куугунтук кыла берсе, Жогорку Кеңештин кереги деле жок болсо керек. Бизди, депутаттарды элдин арыз-муңун өйдө жакка жеткирсин деп шайлашкан да.

- Бул ишке Улуттук Банктын тиешеси жок турбайбы.

- Түздөн-түз тиешеси бар. Мен Улуттук Банкты текшерүү боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы болчумун. Текшерүүнү аягына чыгарбай, менин үстүмөн ушул ишти уюштуруп жатышпайбы.

- Эми куугунтук ушуну менен токтойбу же кайра да уланышы мүмкүнбү?

- Биз ак экенибизди далилдедик. Улуттук Банк менен Башкы Прокуратуранын дагы кандай ою бар экенин мен билбейм. Мени жети атама чейин текшерип чыгышты. Мени кандай текшеришсе, бийликтегилердин баарын ошондой текшеришпейби.

- Эми, Болот Мукашевич, сизге банкир катары дагы бир суроо берейин. Кыргызстанда банк сектору өтө чабал экени маалым. Аны кантип чыңдаш керек деп ойлойсуз?

- Мен ачык эле айтайын. Улуттук Банктын жетекчилигин алмаштырмайын, банк секторунда жылыш болбойт. Улуттук Банктын жетекчилери банк эмне экенин да жакшы түшүнүшпөйт. Ал жерге таза профессионалдарды коюш керек. Азыркыдай боло берсе, банк сектору өспөйт. Бизде банкты жакшы билген, Кыргызстандын келечегине күйгөн көп эле жигиттер бар. Бирок алар мамлекетке кереги жок болуп жатпайбы. Ошондуктан кадр саясатын жолго коймоюн, банк сектору онолбойт деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG