Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

ИРАКТЫН АКЫРКЫ ИЛЕСИ


Ушул аптанын этегинде Ирактагы аскерий инспекциянын жетекчилери Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде экинчи ирет отчет беришет. Докладдагы корутундулар бул жолу чечүүчү мааниге ээ болушу мүмкүн. Мындан эки күн мурда Багдадда ирак жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, инспекциянын башчылары позитивдүү натыйжаларга жетишкенин белгилешти. Бирок Вашингтондун өкүлдөрү Ирактын президенти Саддам Хусейн болгону убакытты созуп, инспекторлорду курулай алагды кылып жатат деп эсептешет.

Ирак жетекчилери менен сүйлөшкөнү Багдадга баратып, эл аралык инспекциянын башчысы Ханс Бликс позитивдүү кадамдарды жасаганга Саддам Хусейндин өкмөтү үчүн акыркы мүмкүнчүлүк калганын эскерткен эле. Эгер бул жолу да үмүт акталбаса, анда Коопсуздук кеңешине бериле турган отчеттун мазмуну таптакыр башкача болот, деп айткан эле Бликс. Дем алыш күндөрдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын комментариялап, Бликс Ирак тарабы акыры агынан жарыла баштаганын белгиледи. Атап айтканда, Багдаддагы режимдин жетекчилери инспекторлорго илгери-кийин шардана кылынбаган кошумча документтерди беришти. Жаңы материлдарда Ирактын химиялык, биологиялык куралдарына жана ракеталарына тийиштүү бир топ кызыктуу маалыматтар камтылган. Бу документтер жалпы дүңүнөн алганда абдан баалуу деле эмес, бирок мунун өзү Багдад аталган маселелердин маанисин эми кечигип болсо да таасын түшүнө баштаганын көрсөтөт, деп белгиледи Бликс. Эгер Багдад инспекция менен толук өлчөмдө кызматташып, аны кызыктырган бардык маселелер боюнча документтерин түгөл ачып берсе, аларды иликтеп-таптиштеп чыкканга, Бликстин болжолунда, каркап бир жыл керек болот. Жаңы материалдар менен болсо азыр эксперттер тобу таанышып, талдап жатышат. Алдыдагы күндөрдө алар бир жаңсыл бүтүмдөрүн айтышат.

МАГАТЭнин директору Мохаммад ал-Барадей да Багдаддагы сүйлөшүүлөрдү бир топ үмүттөндүргөн жышаан болду деп ырастады. Инспекторлор үчүн толук текшерүүнү, Ирактан толук кызматташууну талап кылган үч маселе бар эле, деп айтты ал. Ал-Барадейдин пикиринде, акыркы жолугушууда бардык ушул иштерде жакшы кадамдар жасалды. Менин байкоомдо, Ирак бу жагынан баштагы позициясынан кайтып, өзгөрө баштагандай көрүндү, деп белгиледи ал-Барадей.

Барадейдин бул сөздөрүн бышыктагансып, Ирак бийликтери эл аралык инспекторлорго чалгындоочу самолетторду пайдаланганга да уруксат берди. Азыр бул иштин өңүттөрүн Багдадда инспекция менен өкмөттүн өкүлдөрү кеңешип-таңашып жатышат. Буга чейин инспекторлордун мындай сунушуна Ирак караманча каршы чыгып келген болчу. Ошондуктан муну президент Жорж Буш Ирактагы режимдин кезектеги амалкөйлүгү катары баалады. Саддам Хусейн акыркы сааттарда ийиктей чимирилип, тек гана убакытты созгусу келип жатат, деп айтты ал. Вашингтондун бул пикирин комментариялап, Ирактын ООНдогу элчиси Мохаммад ал-Доури Кошмо Штаттарын эчтеме алымсындырбайт, анткени анын көздөгөн мүдөөсү башка, деп билдирди. Эл аралык коомчулук, ал-Доуринин сөздөрү боюнча, Кошмо Штаттарын согуштун опуртал жолунан айнытып каларына Багдад үмүт кылат. Болбосо бул согуш, ирак элчисинин айтымында, АКШ менен Иракка гана эмес, бүткүл регионго, атүгүл жалпы дүйнөгө ойго келбес апаат алып келет. Ошол эле күнү Германия, Россия жана Франция жарнакташа билдирүү жасап, Ирак проблемасын дипломатиялык жолдор менен чечкенге али мүмкүндүктөр түгөнө электигин ырасташты. Билдирүүдө соңку күндөрү Багдад дурус кадамдарды жасай баштаганы да белгиленди. Буга байланыштуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер Коопсуздук кеңешинин резолюциясы Ирактан кандайдыр бир кадамдарды жасоону эмес, эл аралык инспекция менен толук, токтоосуз жана активдүү кызматташууну талап кылгандыгын эске салды. Биз билгени, азырынча мындай болгон жок, деп кошумчалады Баучер.

Акыркы кабарларга караганда, Ирактын мунай министри Мухаммед Салих америкалыктар менен британдыктарга согуштун ордуна кара май сунуш кылды. Эгер Вашингтон менен Лондон Багдадга кезенген душмандыгын коюп, согуш пландарынан баш тартса, америкалык жана британдык мунай компаниялары үчүн Ирактын кара май кендерине кеңири жана токтоосуз жол ачылат, деп ишендирди Салих. Ошону менен бирге ирактык министр кокус америкалыктар менен британдыктар мындай сунушту кабыл албаса, анда Ирактын позициясы түп-тамырынан бери өзгөрүшү мүмкүн деп опузалап койгонду да унутпады. Ал эми Египеттин президенти Хосни Мубарак болсо арап өлкөлөрү Иракка каршы баштала турган согушту эми токтото албай калгандыгын моюнга алды.

XS
SM
MD
LG