Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Сеул Түндүк Кореяга каршы аскерий аракеттерди колдобойт


Шаршембиде Түштүк Кореянын шайланган президенти Ро Му Хен Түндүк Кореянын өзөктүк программасын токтотуш үчүн АКШнын ыктымал аскердик аракеттерине ар дайым каршы болоорун билдирди. Сеулдагы Соода палатасында сүйлөгөн сөзүндө Ро Му Хен Түндүк Кореяга каршы аскерий аракеттер Корей жарым аралын согуш алааматына түртөт, андыктан андай маселе Сеулдун күн тартибинде болушу мүмкүн эмес деп белгилей кетти. АКШнын президенти Жорж Буш жакында Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланыштуу кризис сүйлөшүүлөр жолу менен чечилишин колдоорун айтып, бирок маселени жөнгө салыш үчүн бардык чаралар каралаарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG