Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Вашингтондо балдарды жана аялдарды сексуалдык эксплуатациялоого каршы күрөш боюнча конференция башталды


АКШнын өкмөтү сүрөөнгөн алган жана Вашингтондо бүгүн өз ишин баштап жаткан төрт күндүк эл аралык жыйынга жүздөгөн делегаттар, анын ичинде сексуалдык күңчүлүктүн курмандыктары, ошондой эле полиция, өкмөт өкүлдөрү жана укук коргоочулар чакырылган.
Жылыга жүз миңдеген жаш балдар жана кыз-келиндер чет өлкөлөрдө денесин сатууга мажбур болушат. Алардын көбү "акчалуу кызмат таап беребиз" деген кылмыштуу топтордун алдамчылыгы менен секс-трафиктин (жыныстык зомбулуктун курмандыктарын чет өлкөлөргө тымызын ташуу тармагынын) капканына түшөт. Секс трафик азыркы тапта баңги жана курал соодасынан кийинки эле эң кирешелүү уюшкан кылмыштуулукка жатат.
Эл аралык миграция уюмунун эсебинде, Кыргызстандан жылыга төрт жарым миңдей кыз чет өлкөлөргө сексуалдык күңчүлүккө сатылып кетет.

XS
SM
MD
LG