Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

ИРАК БОЮНЧА ЧЕЧИМ БИРИККЕН УЛУТТАРДА ЭМКИ АПТАДА КАБЫЛ АЛЫНАТ


Нарын АЙЫП, Прага Эл аралык текшерүүчүлөр Ирактагы абал боюнча үчүнчү отчетту 7-мартта, келерки жума күнү берүүгө тийиш. Америкалык жетекчиликтин айтымында, андан көп убакыт өтпөй, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Ирак боюнча экинчи резолюция кабыл алып, Багдадка каршы баштала турган аскерий аракеттерди жактырууга тийиш.

АКШ, Испания жана Улуу Британия өткөн аптада Бириккен Улуттардын жаңы резолюциясынын долбоорун даярдап, аны Коопсуздук Кеңешине тапшырган. Долбоор боюнча, Ирак өз милдеттенмелерин аткарган жок, ошондуктан аны күч менен куралсыздандыруу керек. Аны менен катар Алмания, Орусия жана Франция атайын меморандум даярдап, аны дагы Коопсуздук Кеңешине берген. Ал меморандум боюнча, эл аралык текшерүүчүлөр Ирактагы ишин улантыш керек жана аларга ан үчүн кошумча убакыт берилүүгө тийиш. 3-мартта жасалган Канаданын сунушу боюнча, Иракка акыркы эскертүү берилип, анын мөөнөтү 28-март менен чектелүүгө тийиш.

Бул үч сунуш тең азыр Бириккен Улуттарда талкууланып жатат, бирок каршылаш тараптар өзүнүн мурдагы турумдарынан кайткан жок. Франциянын айтымында, Ирак өкмөтү эл аралык текшерүүчүлөр менен кызматташуусун күчөтүп, табылган куралдарын жок кыла баштаганда ага каршы согуш ачуу жаңылыштык болор эле. 1-марттан тартып Ирак чындап эле өзүнүн "Ал-Самуд-2" үлгүсүндөгү ракеталарын жок кыла баштады жана азырынча андай 120 ракетанын он-чактысы кыйратылды. Андан тышкары Ирак жетекчилери инспекторлорго жерге көмүлгөн химиялык куралдарды да көрсөтө баштады жана эл аралык эксперттер аларды текшерүүдө.

Бирок АКШ жетекчилигинин пикиринде, Багдаддын мындай аракеттери баары бир кечикти жана аны күч менен куралсыздандыруу керек. Ак Үйдүн басма сөз катчысы Ари Флейшердин айтымында, эл аралык коомчулукту далай алдап келген президент Саддам Хусейнге ишенбеш керек:

- Толук куралсыздануу баштала элек. Куралсыздануу дароо да башталган жок. Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин талаптары катуу басым жасалгандан кийин гана аткарылып жатат. Акырында Саддам Хусейн - мурда жок деген нерселерди таап, эчак эле жок кылынган деген нерселерди эми жок кылып жатат. Мынчалык калп айткан адамга ишенүүгө болбойт, башка жерлерде кум алдында дагы канча курал катылып жатканын кантип билүү мүмкүн?

Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү Канаданын сунушун жактырууда жана Чилинин өкүлү Кристиан Маквейранын айтымында, коюлган мөөнөттү дагы кийинкиге жылдырса болот. Бирок АКШ менен Улуу Британиянын пикиринде, мындай сунуштар маселени чечүүгө жардам бербейт, анткени Багдад 12 жылдан бери бүткүл дүйнөлүк коомчулукту алдап келатат.

АКШ жетекчилеринин акыркы сүйлөгөн сөздөрүндө Иракты куралсыздандыруу гана эмес, анын өкмөтүн кулатыш керек деген пикир да көп айтыла баштады. Андан тышкары, Вaшингтондун айтымында, Саддамга каршы согуш баштоого - Коопсуздук Кеңеши тарабынан ноябр айында кабыл алынган биринчи резолюция деле жетиштүү. Кээ бир эксперттердин айтымында, Коопсуздук Кеңеши Вaшингтонду колдобосо да, АКШ чындап эле Иракка каршы согушту өзү баштайт жана Бириккен Улуттар кайрадан эле эч нерсеге жараксыз уюм болуп чыга келет.

Багдаддын пикиринде болсо, АКШ жөн гана Ирактын мунайына көз артып жатат жана дүйнөлүк үстөмдүккө умтулууда. 3-мартта Алманиянын "АРД" сыналгысы Ирактын вице-премьер-министри Тарик Азиз менен болгон маекти көрсөттү. Азиздин айтымында, согуш башталса, анда Ирак жеңип чыгат:

- Америкалык агрессияга каршы бардык мүмкүн болгон чара менен каршы турууга биз даярбыз жана биздин ишенимибизде, акыр-аягында биз жеңебиз. Америкалыктар биздин өлкөгө көп зыян тийгизиши мүмкүн. Алар 1991-жылы да ошенткен, бирок биз ишенебиз, Ирак кыйрабайт, анын өкмөтү, саясий системасы жок болбойт. Эл аралык коомчулуктун пикири менен ойноп, америкалыктар бүткүл дүйнөгө үстөмдүк кылууга аракеттенгени улам айкын болуп баратат.

Америкалык сунуш өтүш үчүн аны Коопсуздук Кеңешине мүчө 15 өлкөнүн кеминде тогузу колдоого тийиш жана туруктуу беш мүчөнүн бири дагы ага каршы добуш бербеши керек. Ал беш мамлекеттин экөө - Орусия менен Франция - АКШнын турумуна азырынча каршы. Кытай болсо добуш бербестен, калыс кала турганы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG