Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:09

НАТОнун Босниядагы бейпилдик контингенти калк арасында издөө-иликтөө операцияларын баштады


Операция босниялык сербердин мурдагы лидери Радован Каражичке финансылык колдоо көрсөткөндөрдү,анын активдүү талапкерлерин кармоо максатында өткөрүлүүдө. Каражичти эл аралык трибунал согуш кылмышкери деп жарыялаган, бирок ал ушу кезге чейин дайынын таптырбай жүрөт. Операция Сараево шаарынын сербдер отурукташкан райондорунда жана Пале калаасында жүрүп жатат. Ушул эле күнү Босниянын адам укуктары боюнча соту босниялык Серб республикасынын бийликтерин согуш маалында курман болгон мусулмандардын үй-бүлөлөрүнө 2 миллион доллардан ашуун кун төлөп берүүгө милдеттендирди. Сотко элүүгө жакын үй-бүлө мындан эки жыл мурда атайын доо арыз менен кайрылган эле.

XS
SM
MD
LG