Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:13

АРАБ ЛИГАСЫ: СОЛ БАРМАГЫМДЫ ТИШТЕСЕМ,- ОҢ БАРМАГЫМ ООРУЙТ...


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ушул айдын башында араб мамлекеттеринин Каирде өткөн саммити Ирак кризиси боюнча орток пикирге келе алган жок. Андан соң араб мамлекеттеринин Иракка пландаштырган чукул визити расмий Багдаддын өтүнүчү боюнча болбой калды. Мунун себептери эмнеде?

Араб мамлекеттеринин Иракка пландаштырылган визити Багдаддын өтүнүчү боюнча болбой калды. Ирактын жетекчилиги делегацияны азыр кабыл ала албай турганын билдирди. Бирок Мисирдин улуттук телеси Араб Лигасы Ирак жетекчилиги менен байланышта турганын жана визит боло турган күн дагы тактала турганын кабарлады.

Саясий байкоочулар согуш бүгүн-эртең башталат деп турганда визиттин болбой калганын араб мамлекеттеринин Ирак боюнча орток позицияны иштеп чыгуу аракетинин ордунан чыкпай калгандыгынын белгиси катары сыпаттап жатышат. Аны Багдадда болчу сүйлөшүүдөн майнап чыкпасын түшүнгөн Ирактын делагацияны кабыл албай койгонунан эле түшүнсө болот, дешет байкоочулар.

22 араб мамлекетинен турган Араб лигасынын ичинде Ирак маселеси боюнча карама-каршылыктуу пикирлер өкүм сүрөт. Мисалы Ливан менен Сирия башка араб мамлекеттерин АКШга көмөк көрсөтпөөгө, ал тургай, колдо болгон бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып, Вашингтонго кысым көрсөтүүгө чакырышкан. Бирок андай чакырыктар Бахрейн, Кувейт, Катар сыяктуу мамлекеттердин кыжырын келтирген.

Анткени бул өлкөлөр АКШнын Иракка каршы ыктымал баштай турган согушунда Вашингтондун маанилүү аскердик таяныч пункттары болушат. Аталган өлкөлөрдүн Батыш менен өнөктөш болгонуна тарыхый себептер бар. Британиянын протекторлугунан өткөн кылымдын соңунда гана бошонгон бул өлкөлөр Иран менен Ирактын аскердик жана диктатордук режимдеринен кооп санашат жана жакында колго тийген эгемендигин Батыштын жардамы менен сактап калууну көздөшөт. Перс булуңундагы өлкөрдүн позициясын түшүндүрүп кувейттик аналитик Айед Манна

- Алар Иран менен Ирактан кооптонушат, ошондуктан алар батыштын колдоосуна муктаж. Ошон үчүн алар Батыштын араб мамлекеттерине жасаган мамилесине кээде наарызылык билдиргени менен, бары бир Батыштан алыс кете алышпайт.

Ирак кризиси Дамаск менен Вашингтондун ортосундагы мамилелерди ого бетер салкындатып жибергенин айта кетүү абзел. Сирия АКШнын Ирак саясатына, тактап айтканда, Вашингтондун президент Саддам Хусейнди бийликтен кулатуу саясатына караманча каршы. Ирак менен Сирия бири-бири менен ысык болуп кеткен жери жок.

Эки өлкөнүн өкмөттөрү биринин изин бири баспай касташып калган учурлар аз эмес. Бирок эки өлкөдө тең бийликте турган Баас партиялары идеологиялык жактан бири-биринен айырмаланбайт. Баас партиясы- секулярдык, улутчул кыймыл. Эки өлкөдө Баас аскердик төңкөрүштүн арты менен бийликке келген. Эки өлкөдө тең партиялар аскерлерге таянат. Баас партиясынын Иракта бийликтен кулашы,Сириядагы партияны да алсыздандырып, өлкөдөгү башка саясий күчтөрдүн баш көтөрүп, бийликке талаптанышына өбөлгө түзүшү ыктымал. Андай саясий күчтөрдүн ичинде демократтар эле эмес, динди негизги саясий курал туткан исламчыл күчтөр да бар болушу ыктымал.

АКШ Иракта демократиялык түзүлүштү орното турганын билдирди. Вашингтондун андай пландары бүткүл араб дүйнөсүн кооптондуруп жатат. Алар Парсы булуңунда демократиялык мамлекеттин пайда болушу башка араб мамлекеттеринин калкы үчүн өрнөк болуп беришинен кооптонушат. Аналитиктер андан оболу араб дүйнөсүнүн Сауд Арабия, Араб Эмирликтери, Иордания сыяктуу автократтык монархиялык мамлекеттери коркуп жатышканын айтышат. Ошентип кайсыл жакка тартаарын билбей турган араб мамлекеттери азыр: "Сол бармагымды тиштесем,- оң бармагым ооруйт!" - деп кыжаалат болуп турган кези.

XS
SM
MD
LG