БИШКЕК. Бүгүн Каракулжа районунда былтыр Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү болуп, алардын арбагына багышталып куран окутулду. Ага Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов жана 150дөй киши катышты. Бул тууралуу «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Керим Макеев кабарлады.