Төрт күнгө созулган бул сот ишинде соттолуучу Шералы Акботоев мурдагыдай эле Өзбекстан ислам кыймылынын катарына өз ыктыяры менен кошулбаганын, барымтага түшкөн Баткен районунун ошол кездеги акими Абдрахман Маматалиев баштаган беш кишини бошотуш үчүн атайын мамлекеттик тапшырма менен барып, айласыздан алардын катарында калып калганын кайра-кайра белгиледи. Ошондой эле күбө катары чакырылган анын айылдаштары да соттук териштирүүдө ушул эле сөздү кайталашты.
Иштин жүрүшүндө далил буюм катары Тажикстандын Тавилдара аймагында 2000-жылдагы Курман айт майрамынын урматына өткөн куралчан топтун салтанаттуу аземи тартылган видеотасма көрсөтүлдү. Анда Шералы Акботоев кыймылдын башчысы Жума Наманганинин жанында отуруп, аземди алып барганына бардыгы күбө болушту. Соттук териштирүүдө соттолуучу Жума Наманганинин басма сөз катчысы болуп иштегенин, буга диний билими себеп болгонун айтты. Ошондой эле алардын айтканын айласыздан жасап жүргөнүн белгилеп, кайра артка кайтууга мүмкүнчүлүк болоору менен үй-бүлөсүн алып, Ирандагы кыргыз элчилигине кайрылганына мындайча токтолду:
- Элчиге бардык. Элчиге барганда болгонун болгондой эле кылып айтканбыз. Алар мындайды мурда көргөн эмес же уккан эмес. Булар коркуп кетишти. Ошон үчүн ал жерде да биз сыртта калдык. Жөн эле талаада, бузулган имараттын ичинде бир жарым ай үй-бүлөбүз, жаш балдар менен турганбыз. Ошондон кийин ушул жакка байланыш кылып тактагандан кийин Кыргызстандын жараны катары аракет кылып бул жакка келдик.
Соттук териштирүүдөн соң жарыш сөзгө кезек берилип, соттолуучу Шералы Акботоев өзүнө коюлуп жаткан «терроризм», «барымтага кармоо», «кылмыштуу топту уюштуруу» деген айыптарга макул эместигин билдирди. Андан соң адвокат Сыйна Сарыүкүева Шералы согушкерлердин арасына атайын мамлекеттик тапшырманы аткарыш үчүн барып, айласыздан аларга кошулуп калганын, жогорудагы айыптардын ага эч кандай тиешеси жоктугун айтып, ага коюлуп жаткан бардык беренелер боюнча актап берүүнү өтүндү.
Ал эми прокурор Нургазы Токтосунов Акботоевдин айыбына жетиштүү далилдер бар экенине токтолуп, райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну суранды. Сот ишиндеги акыркы сөзүндө Акботоев жогоруда сөз болгон үч айыпты алып салууну өтүнүп, башка сөзгө келбей бышактап ыйлап жиберди.
Сот иши 20-март күнү аяктап, облустук сот Ш. Акботоевдин апелляциялык арызын канааттандырбай, Баткен райондук сотунун ушул жылдын 4-февралындагы өкүмүн күчүндө калтырган өкүмүн угузду.
Ал эми соттолуучунун адвокаты Сыйна Сарыүкүева буга макул эместигин, Жогорку Сотко көзөмөл иретиндеги арыз менен кайрылаарын билдирди.
- Бүгүн сот Баткен райондук сотунун өкүмүн күчүнө калтырып койду. Мен бул ишти ушу бойдон калтырбайм, - дейт Ш. Акботоевдин адвокаты. - Биз дагы Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылабыз. Менин оюмча акыры чындык болушу керек. Өтө оор беренелер 20 жылга чейин болот, ал эми ушул 3 берене менен Акботоевди акташ керек. Бул бойдон калбаш керек.
Баткендин Карабак айылында туулуп-өскөн 41 жаштагы Шералы Акботоев 1999-жылы өздөрүн «Өзбекстан ислам кыймылы» деп атаган куралчан топ Кыргызстандын аймагына кол салган учурда үй-бүлөсү менен алардын катарына кошулуп кеткен. Былтыр жазда Кыргызстанга алынып келинген Акботоевди өткөн айда Баткен райондук соту «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин алты беренеси боюнча күнөөлүү» деп таап, 25 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми Шералы Акботоев мындай оор жазаны жеңилдетип берүүнү өтүнүп, облустук сотко апелляциялык арыз жолдогон эле.