Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

ИРАКТАГЫ УРУШТУ ТОКТОТУУ ДҮЙНӨНҮН КОЛУНАН КЕЛЕБИ?


АКШнын Иракка согуш ачышы дүйнө коомчулугунун көптөгөн өкүлдөрүнүн нааразылыгын пайда кылды. Алар манифестация, нааразылык жыйындарын уюштуруп, АКШдан согушту тезинен токтотууну талап кылышууда. Саддамдын режими эми жок болот деп үмүттөнгөндөр да арбын. Ирактагы уруш тууралуу кыргыз коомчулугу кандай пикирде?

АКШ Иракка Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин чечимин күтпөй уруш баштап жиберерин күтпөгөн кыргызстандыктардын көбү канабайрамга катуу өкүнүп, ал тезинен токтотулса деген үмүттө. «Акыл-эс, рух жана ыйман» коому 21-мартта АКШ өкмөтүнө, кыргыз президентине жана дүйнө коомчулугуна кайрылып, согуштун тез арада токтотулушун талап кылды.

Коомдун президенти Дүйшөн Абдылдаев мындай дейт: «Дүйнөлүк коомчулуктун алдында эч нерсе туруштук бере албайт. Ошол коомчулуктун кысымынын натыйжасында АКШ согушту токтотууга аргасыз болот. Ал үчүн дүйнөлүк коомчулук да аракеттенүүгө тийиш. Бүгүн согуш Иракта болуп жатса эртең бул жакта болуусу ыктымал. Кандай гана согуш болбосун Улуттар уюмунун алдында бардык адамзат күрөш жүргүзүүгө тийиш».

Бишкек шаар башчысынын орунбасары Надежда Мельничук да ушундай ойдо: «Бул кандай гана коркунуч! Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, жадагалса кичинекей согуш болбосун ал өтө коркунучтуу. Бул адамдардын өлүмү, мамлекеттерди куураган жакырчылыкка түрткөн кайгы. Ошондуктан, ал тезинен токтотулушу керек».

Түркиянын «Себат» билим берүү фирмасынын президенти Орхан Имамды да согуш тезинен токтотулса деген тилекте: «Мен Түркиянын жараны катары пикиримди айтайын. Согуш деген бардык элге зыян. Ошон үчүн бул согуш тез арада аяктаса жалпы элге жакшы болоор эле».

Глобалдуулук проблемаларын иликтөө борборунун жетекчиси Карыбек Байбосунов согушту дүйнө коомчулугу токтото албайт деген пикирде:

«Дүйнө коомчулугу бул согушту токтото албайт. Себеби, Америка дүйнөлүк коомчулуктун боштугунан дүйнөгө лидер болуп алып, өзүнүн билгенин жасап жатат. «Мен дүйнөлүк гегемонмун, ошондуктан биз кандай тартип орнотсок ошондой болот» деген доктрина менен жашап атат. Бирок, бул доктрина абдан ката. Саясий жактан да, моралдык жактан да алганда чоң жаңылыштык болот. Менин ишенимимде, алардын блиц-кыйкырыгынын жолу болбой калды, согуш бат бүтпөйт. Ирактын аскери азыр кайра сокку берип, айрым жерде мизин кайтарып жатат. Ошондуктан, бул согуш түтөп олтуруп, бир жарым жылга чейин жетет. Американын эксперттери «Бир-эки жумада бүтөт» - деп айтып жатышат. Менимче, андай болбойт го…»

Дүйнө коомчулугу ири маселелерди чечүүгө өз таасирин тийгизе албагандан кийин эларалык коопсуздукту жөнгө салчу Улуттар уюму, анын Коопсуздук Кеңешинин зарылдыгы канча деген суроо пайда болду. Ал тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун пикири кандай: «Албетте, АКШнын Иракка чабуулу дүйнөлүк саясатта жагымсыз жосунга жол ачкан окуя болуп калды. Ушундан улам биз дүйнөлүк жаңы тартиптин элементтери пайда болууда жана күч колдонууга байланышкан ушуга окшош талаштар чыгып калса Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши эч бир өлкөнүн кызыкчылыгын коргой албай, чечимден сырткары калабы деген коркунучту пайда кылууда деп айта алабыз».

Глобалдуулук проблемаларын иликтөө борборунун жетекчиси Карыбек Байбосунов:

«Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин ролу эми өсүш керек. Себеби, ал ушундай абалда калса дүйнөдө алабармандык, башаламандык болуп кетет. Тескерисинче, анын ролун калыбына келтирип, чоң мамлекеттер да, кичине мамлекеттер да ошол Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине баш ийе турган тартипти орнотуш керек», деген ойдо.

XS
SM
MD
LG