Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

АКШ менен Түркия Түндүк Иракта түрк аскерлерин жайгаштыруу маселесинде мунасага жетише элек


Бирок Брюсселде бүгүн Түркиянын элчиси Ахмед Үзүмчү Европа комиссиясынын президентин "Түркия Түндүк Иракка кол салбайт" деп ишендирди. Кечээ Түркиянын Юстиция министри Жемил Чичек түрк аскерлерин коңшулаш өлкөдө жайгаштырууга "гуманитардык жана анти-террордук зарылчылык мажбурлайт" деген эле.
Британиянын тышкы иштер министри Жэк Строу бүгүн британ парламентинин төмөнкү палатасына буларды айтты: «Биз Түркиянын өкмөтүн өтө этиет болууга чакырып жатабыз. Түрк аскерлеринин согуштук аракети Түндүк Ирактагы күрд аймактарынында жашагандардын да, түрктөрдүн да кызыкчылыгын канааттандыра албайт».

XS
SM
MD
LG