Орусия менен Франциянын президенттери Владимир Путин менен Жак Ширак жана Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер Санкт-Петербург шаарында бийик жолугушуу өткөрдү. Эки күнгө уланган жыйын 12-апрелде аяктады. Үч лидер тең - согуштан кийин Ирактын экономикасын калыбына келтирүү жараянында негизги мааниге Бириккен Улуттар Уюму ээ болуш керек деген пикирин билдиришти. Путиндин айтымында, Маскөө азыр - Ирактын Орусияга болгон карызын кечүү маселесин караштырууда. Советтик мезгилден бери Багдад Маскөөгө сегиз миллиард доллар карыз. 12-апрелде Путин, Ширак жана Шрөдер Санкт-Петербургда тынчтык, коопсуздук жана эл аралык укук маселелерине арналган конференцияда чыгып сүйлөштү.