БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги Экономика жана коммерция мамлекеттик институтунда студенттердин «Алга жылуу» деген уюмунун бет ачаары болду. Бет ачаар аземинде «Академиялык чынчылдык» деген долбоордун ачылышы да жарыяланды. Ал долбоор билим берүүнүн жана билим алуунун сапатын жогорулатууну жана академиялык акыйкатсыздыкка жол бербөөнү көздөйт. Экономика жана коммерция институту мындай долбоорду ишке ашыруу боюнча АКШ элчилигинин грантын утуп алган. «Алга жылуу» уюмунун жана «Академиялык чынчылдык» долбоорунун бет ачаар аземине Кыргызстандын билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурова, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О’Киф жана студенттер катышты.